Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:40

Акыркы жылдары Бишкектеги эмен бактарын каптаган оору быйыл башка бак-дарактарга да жугуп, жалбырактары куурап жатат.

Улуттук илимдер академиясынын токой институтунун окумуштуулары буга чет жерден ооп келген зыянкеч курттар себепкер дегени менен аны дарылоо аракеттери байкалбайт. Дарактарды куураткан зыянкечтерди кантип жоготуп, ондогон жылдар өсүүчү дарактарды кантип сактап калабыз? Аларды тезинен дарылоо эмне үчүн колго алынбай жатат?

“Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселени көтөрдү.

Талкууга Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Биймырза Токторалиев, Улуттук илимдер академиясынын Токой институтунун ага илимий кызматкери Нургүл Айбашева жана Бишкек шаардык “Жашылдандыруу” ишканасынын агроному Жаныбек Жумалиев катышты.

“Азаттык”: Жаныбек мырза, Бишкек шаарынын жалпы аймагынын канча аянтын, кандай бак-дарак ээлейт? Ушул күнгө карата ал бак-дарактардын канчасынын жалбырагы куурап, керектен чыгып бара жатат?

Жаныбек Жумалиев: Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 200 миңден ашык кенен жалбырактуу, 40 миңден ашык ийне жалбырактуу дарак бар. Тилекке каршы, эки-үч жылдан бери эмен бактарына курт түшүп, ал боюнча көптөгөн талкуулар болду. Окумуштуулар эмен багына мүлжүгүч курт (млирующий пильщик) түшкөндүгүн аныктаган. Аны жок кылуу үчүн бир топ жолу дарылоо жүргүзүлдү.

Курттардын жашоосуна айлана-чөйрөнүн булганышы, автотранспорттон чыккан уулуу чаңдар жана жаан-чачындуу климат өбөлгө түзүп жатат.

“Азаттык”: Биймырза мырза, мындан эки-үч жыл мурун Бишкектеги бак-дарактардын ичинен эмен бактарынын жалбырактары куурап, ооруду эле. Быйыл андай оору башка бактарга да жугуп, кара жыгач жана башка дарактардын жалбырактары куурап жатат. Мунун себеби эмне?

Биймырза Токторалиев: Бул маселе абдан актуалдуу, себеби 2011-жылы Испания менен Европадан профенуза пигмея деген курт кандайдыр бир жол менен бизге келгени аныкталган, ал жыл өткөн сайын көбөйүп жатат. Ага биздеги климат өзгөрүп, экологиянын бузулганы жана акыр-чикирдин, жаан-чачындын көп болгону жакшы шарт түзөт. Курт-кумурскалар дагы адамга окшош, алар жашоосуна кайсы жер ыңгайлуу болсо көбөйүп кетишет. Бул жерде бир эле курт түшүп жеп жатат деген туура эмес, профенуза пигмея (Profenusa Pygmaea) деген курт бир гана эмен багын жейт, башка бактарга жукпайт. Ал эми кара жыгач же башка бакты жеп жаткан курттун аты профенуза ульма деп аталат. Анын жашоосуна да айлана-чөйрөнүн булганышы, автотранспорттон чыккан уулуу чаңдар жана жаан-чачындуу климат өбөлгө түзүп жатат.

Бишкек

Бишкек

Биз булар менен күрөшүүдө кол куушуруп отурган жерибиз жок, башка өлкөлөрдөгү окумуштуулар менен тажрыйба алмашып, жолун издеп жатабыз. Бирок зыянкеч курт-кумурскалар менен күрөшүүчү мекемелердин ишин адистер башкарышы керектигин баса белгилеп кетейин. Азыр Өсүмдүктөрдү коргоо жана химизация департаментинин адистери мындай зыянкечтер менен кантип күрөшүүнү жакшы билишпейт. Алар колдон келген химиялык заттарын сээп коюп эле отура беришет. Буларды жоготуу учүн эмдиги жылдын 1-кварталында гана дарылашыбыз керек. Эгер андан кечиксек, эч кандай натыйжага жетише албайбыз. Биз илимпоздор, мисалы Орусиянын, Казакстандын окумуштуулары менен бирге биологиялык жолдорун иликтеп жатабыз. Анткени, Бишкектин ичинде химиялык заттарды колдонууга болбойт. Эгер табылган дарыны даярдоого мэрия акчаны дароо бөлсө, биз сактап калууга даярбыз.

Бул курттарды жей турган ентофомак деген курттарды лабораторияда өстүрүп туруп кое берүү керек. Эгер бизде ушул багыттагы лаборатория жана каражат болуп, иштөөгө шарт түзүлсө, ал дарыларды эки жылда даярдап чыга алабыз.

“Азаттык”: Нургүл айым, сиз бак-дарактарды зыянга учураткан зыянкеч курт-кумурскаларды иликтеп, кандидаттык илимий ишиңизди да жактаган адис экенсиз. Бишкектеги азыр жалбырактары куурап жаткан дарактарды эми кайра калыбына келтире алабызбы? Аларды кантип сактоо керек?

Нургүл Айбашева: Бул млирующий пильщик деген курт жалбырактардын ичине кирип алып, ичинен жейт. Бишкектеги эмен дарактары 1890-жылдары Европадан алынып келип отургузулган жана жашы 120 жыл болду. Алар Европада 500-600 жыл, жакшы шарт болсо 1000 жылга чейин жашай алат. Булар биздин жылуу климатта жок дегенде 300-400 жыл өсүп турат. Булардын абаны тазалоочу көп функциялары бар, ошон үчүн аларды сактап калуу керек. Азыр казакстандык, орусиялык окумуштуулар менен бирге курттарга каршы биологиялык жол менен вирустук жана бактериологиялык заттарды табышыбыз керек. Андан тышкары бул курттарды жей турган ентофомак деген курттарды лабораторияда өстүрүп, кое берүү керек. Эгер бизде ушул багыттагы лаборатория жана каражат болуп, иштөөгө шарт түзүлсө, ал дарыларды эки жылда даярдап чыга алабыз.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG