Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Ысык-Көл: Арбын кирешеге үмүт артуу


Ысык-Көл, 30-июль, 2013-жыл.
Ысык-Көл, 30-июль, 2013-жыл.

Күн жылыганы Кыргызстанда жайкы туристтик сезонго камылга башталды. Быйыл жаз кеч келгени менен жай туристтик сезон үчүн жагымдуу болору божомолдонуп жатат.

Жекшемби күнү Чолпон-Ата шаарында XVI эл аралык туристтик жарманке өтүп, ага жергиликтүү жана чет элдик туроператорлор катышты. Анда жайкы туристтик сезонго даярдыктар талкууланды.

Маданият министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиевдин айтымында, быйыл көлгө саякатчылар арбын келет деген ишеним күч.

- Себеби чет өлкөдөгү төрт көргөзмөгө катышып, Кыргызстанды жарнамалап келдик. Көлдөгү жарманкеге да Казакстан, Орусиядан бир топ туроператорлор келип, биз менен кызматташабыз деп жатат. Быйыл аба ырайы да Кыргызстанда салкын болбойт, буйруса ысык болот деп жатышат.

Максат Чакиев туристтер бейкапар келип, саякатташы үчүн өлкөдө коомдук-саясий абал тынч болушу керектигин да кошумчалады. Былтыр 30-майда Жети-Өгүз районунда Кумтөр кенин иштетүүгө каршы митинг башалмандык менен коштолуп, Саруу айылы жайы менен тынчыбай турган. Анын кесепети жайкы туристтик сезонго тескери таасир эткени айтылган.

Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевдин оюнча, облуста быйыл андай күтүүсүз окуялар орун албайт деген үмүт бар:

- Жарманкеге туристтик объектилер, негизги эс алуу жайлардын баары катышты. Алар туристтерди тосуп алууга даяр экендигин көрсөтө алышты. Туристтер былтыркыдан көп болот деп тилек кылып турабыз. Анткени былтыр ар кандай факторлор терс таасир эткен. Биринчиден, коомдук-саясий абал туруксуз болгон. Экинчиден, аба ырайы да салкын болуп туруп алган болчу. Азыр облустун ичи салыштырмалуу туруктуу. Эл да туруктуулук керектигин түшүнүп калды.

Бирок саякатчылар көп келиши үчүн туруктуулукту камсыз кылуудан башка да көп нерсе талап кылынат. Бул эң ириде Кыргызстанды туристтик мамлекет катары таанытуу.

“Жибек жолу” туризм бирлигинин жетекчиси Владимир Комиссаров мамлекеттик органдар убактылуу маселелерди чечүү менен алектенип, узак мөөнөттүү, стратегиялык маанилүү болгон жагдайларды унутта калтырууда деп сынга алды:

- Мамлекеттин иштелип чыккан туристтик саясаты жок. Туристтик тармакты мамлекеттин экономикалык бөлүгү, мисалы Экономика министрлиги башкарса жакшы болмок. Ал эми өткөн жылы болсо туризм тармагына мамлекет 7 млн. сом бөлдү. Бул деген жарыбаган акча. Мурдагы жылы бир катар өнүккөн өлкөлөр менен визасыз каттамды киргизгенбиз. Бирок ал жөнүндө ошол өлкөлөр буга чейин билбей келсе, дагы деле билбеген бойдон калды. Кыргызстанды таанытуу жагынан иш алып барыш керек.

Туризм департаментинин жетекчиси Максат Чакиевдин айтымында, өткөн жылы туризм тармагы 560 млн. доллар пайда көргөн. Быйыл анын 10 пайызга өсөрү күтүлүп жатат. Бирок Владимир Камиссаров өкмөт туризм тармагындагы 10 пайыз өсүш менен канаааттанбашы керек, ал жыл сайын 30-40 пайыз өскөнгө мүмкүнчүлүк бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG