Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Лондондогу терактта беш киши набыт болду


Лондон полициясынын маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында бычак жеген полиция кызматкери, эки жай тургун жана кол салууга шектелген адам бар. Жыйырмадай адам ар түрдүү жаракат алышты. Бычакталган полицей ооруканада көз жумган.

Полициянын маалыматы боюнча, 22-мартта түштөн кийин белгисиз адам автоунаасы менен Вестминстер көпүрөсүндөгү ондон ашык жөө кишини сүзүп кеткен. Андан соң унаадан чыгып, парламенттин кайтаруудагы аймагына жетип келип, полиция кызматкерине бычак урган. Кол салган адам парламент имаратын көздөй чуркап бараткан кезде полиция ага ок аткан.

АКШнын жана Евробиримдиктин бир катар лидерлери Лондондогу кол салууну айыптап, курман болгондордун жакындарына көңүл айтышты. Ак үйдүн басма сөз катчысы Шон Спайсер президент Дональд Трамп британ премьер-министри Тереза Мэй менен сүйлөшкөнүн айтып, британ полициясынын окуя боюнча тез чара көргөнүн кубаттады.

XS
SM
MD
LG