Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:54

Айыл чарба министри Төрөгул Беков азык-түлүк бааларынын азыркыдан да өсүп кетишинин алдын-алуу чаралары тууралуу кеп салып берди.

-Төрөгул мырза, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиздер бир топ милдеттенмелерди алдыңыздар. Өкмөттүн, айыл чарба министрлигинин күч-дарамети жетеби алардын өтөөсүнө чыгууга?

-Мына ушул милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн кыргыз өкмөтү аябай аракеттенип иштеп жатат, анын натыйжасын өзүңүздөр жакында көрөсүздөр. Анткени мамлекеттик материалдык резерф фондунан 10 миң тонна буудай чыгарылып атат, аны унга айландырып, жакыр жашаган элге бекер таратабыз. Бул февраль айынын аягы, март, апрель айларында жүзөгө ашырылат. Бул абдан чоң жардам. Мындан тышкары “Агро азык-түлүк” ишканасы дагы 2-3 миң тонна буудайды чыгарып атат. Үчүнчүдөн, сырттан келүүчү негизги азык-түлүктөрдүн бажы төлөмдөрү алынып салынды, бул дагы баалардын жок дегенде ушул тейден кармалып турушун шарттайт. Төртүнчүдөн, биздин кээ бир аймактарда, мисалы, Ош, Баткен облустарында буудай, ун коңшу мамлекеттерге сатылып кетип аткан учурлар бар. Аларга убактылуу түрдө 50% экспорттук төлөм киргизилди. Бул дагы бааларга таасирин тийгизбей койбойт.

- Мына аз күндөрдөн кийин жазгы талаа иштери башталат. Өкмөт дыйкандарды колдоо үчүн насыя акча, үрөн берүүнү убада кылып атат, булар качан бериле баштайт?

- Мурдагы жылдары жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө көбүнчө элге насыя акчалар товар түрүндө, тагыраак айтканда күйүүчү май, үрөн менен берилчү. Ошондо дыйкандар мунун артынан коррупция көбөйүп кетти деген нааразылыктарын билдирип атышчу. Алар быйыл бизге да айтышты, андан көрө накта акчалай түрдө берсеңер, өзүбүз каалаган баада, каалаган жерден сатып алабыз деп. Ошондуктан, быйыл 1 млрд. сом насыя акча дыйканчылык иштерине берилип атат.

- 9% үстөгү мененби?

- Ооба. Бирок чыныгы иш жүзүндө санай келсек, ага деле жетпей калат. Анткени акча үч этап менен берилип атпайбы, насыя акчанын 50% айдап-себүүгө, 25% өндүрүүгө, дагы 25% түшүмдү жыйноого берилет. Ошондо жыйынтыгын эсептегенде үстөгү 5-7% айланасында болуп калып атат. Бул дагы дыйкандар үчүн чоң пайда.

- Ошол насыя акча дыйкандарга кандай тартипте берилет? Мисалы дыйкан 50 миң сом насыя алуу үчүн эмне кылышы керек, үйүн күрөөгө коёбу, малынбы?...

- Бул насыя акча беш банк аркылуу берилет. Бирок банктар мурдагыдай ар бири өз-өзүнчө шарт менен бербей, тескерисинче бардыгы бир шарт менен насыя беришет. Дыйкандар мурдагыдай 10-15 барак “бизнес-план” жазбайт, насыя акча эмне үчүн керек экенин маалымдаган кат менен банкка кайрылат. Күрөөгө дагы кыймылсыз, кыймылдуу мүлкүн коё алат, бул үй-жай, короо-сарай, автоунаа, айыл чарба техникасы же мал болушу мүмкүн. Азыр ушул шартты дагы жөнөкөйлөтүү, дыйкандар акчаны эртерээк алышы үчүн өкмөт тапшырма берип, банктар адилет министрлиги менен кошо иштеп жатышат. Банктар адилет министрлигинин борбордук каттоо кеңселери менен электрондук шартта иш алып барышат, анда кимдин эмнеси бардыгы тууралуу маалыматтар толук бар.

- Өкмөт быйыл дыйкандарды кант кызылчасы жана буудайдын үрөнү менен камсыз кыларын билдирип атат. Үрөн кайдан апкелинет, ал дагы насыя иретинде берилеби же сатылабы?

- Мен жаңы эле айтып кеттим, үрөн сатып алууга да дыйканга насыя берилет деп. Бул биринчиден. Экинчиден болсо, кант кызылчасынын үрөнү менен дыйкандарды камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатат. Бүгүн Сокулук районунда кант кызылчасын өндүрүү боюнча облустук деңгээлде чоң чогулуш болот, ал жерде да дыйкандардын суроо-талаптарын угабыз. Сиздер билесиздер, буга чейин мен Кант районундагы үрөн чарбасына барып, сүйлөшсөм, аларда кант кызылчасынын үрөнү бар экен. Аны биздин үрөн инспекциясы текшерип, сапатын тастыктап берген. Биз Канттагы үрөн чарбасы менен дыйкандарга кызылчанын үрөнүн арзаныраак баада берүүсүн өтүнүп, сүйлөшүп атабыз. Алар өздөрү сатат. Экинчиден, кызылча иштетүүчү “Кайыңды-кант” заводунун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болуп атат, аларга дагы талап койдук. Бул завод дагы Кант үрөн чарбасынан белгилүү бир азыраак өлчөмдөгү үрөндү сатып алып, дыйкандарга насыя иретинде, арзаныраак бериши керек. Кийин күзүндө кант кызылчасы түрүндө кайтарып алат. Бул дагы жакшы натыйжа берүүчү ыкмалардын бири.

- Төрөгул мырза, Кыргызстандан эт сыртка расмий экспорттолбой калганына бир нече жыл болуп калды. Бирок ошентсе да мыйзамсыз жолдор менен Казакстанга жана башка жактарга эт сатылып атканы айтылып келет. Бүгүнкү күнү эттин баасы да дээрлик 50% кымбаттап жатышына ошол таасир берип атабы, же дагы башка факторлор барбы?

- Этти расмий түрдө экспорттоо боюнча коңшу казак өкмөтү менен сүйлөшүүлөр болуп атат. Бирок сиз айтканыңыз да туура, мыйзамсыз түрдө да ташылып кетип атат. Баалар ушул себептен да кымбаттап жатат бир жагынан. Бирок бир жагынан эт менен майдын, буудай менен картошканын, жүгөрүнүн кымбаттаганы дыйкандар менен малчылар үчүн жакшы болуп атпайбы. Ансыз деле мурунку жылдары канча жылдап дыйкандар жайды жайлай кылган мээнетинин акыбети кайтпай, алган түшүмүн арзан сатууга аргасыз болуп, ага сарптаган каражатын актай албай, банкрот болуп келишти. Быйыл дүйнөлүк базарда пахтанын баасы да кымбат болуп, биздин пахтакерлер түшүмүн бир топ жакшы баада сатып, кубанып калышты. Ошондуктан, таяктын эки учу бар дегендей бүгүнкү күнү азык-түлүктүн баасы жогорулаганы дыйкан менен малчыга жакшы, бирок албетте, шаардыктар үчүн жаман болуп атат. Бирок биз бир нерсени унутпашыбыз керек, Кыргызстандын элинин 65% айылда жашайт, 80% жакырлык да айылдарда. Биз муну да эске алышыбыз зарыл.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG