Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

2010-жылды кошпогондо, ушуну менен революциядан кийинки үчүнчү жыл артта калды. 2013-жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү Акаев менен Бакиевдин учурундагыдан эч айырмаланбайт.

Тескерисинче, алыскы перспективада экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдук, жакынкы аралыкта болсо саясий абалдын курчушуна себеп болчу коркунучтуу тенденциялар башталганы байкалат.

Ушундай жагдайда алы келбей жатканын ачык моюнга алып, экономиканы көтөрө ала турган адамдардан жардам суроонун ордуна, 2013-жыл болуп көрбөгөндөй ийгиликтүү, Кыргызстандын тарыхында бурулуш жыл болду деп көрсөтүүгө далалат кылышууда. Муну түшүнүп болбойт. Калп айтуу жана эки жүздүүлүк бийлик ойлогондой элди эч качан жакшы иштерге багыттаган эмес. Тескерисинче, бийликке болгон ишенимди азайтып, турмуш оңолбосо акыры боло турган келерки революциянын мөөнөтүн жакындатат.

Ооба, өткөн жылдын жыйынтыгы бир караганда сезим козготоорлук дегидей жогору. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, өлкөнүн ички дүң продукциясы 10,5% өстү. Мындай деңгээлдеги өсүштү Кыргызстан эгемендик алган 20 жылдан бери көрө элек болчу. Бул өткөн жылдагы КМШ мамлекеттери үчүн да рекорддук көрсөткүч. Бирок ал эч кандай оптимизм жаратпайт. Бул «ийгилик» бүтүн бойдон кен казган бир ишкананын иш ыргагындагы өзгөрүүлөрүнөн келип чыгып, анда өкмөттүн кымындай да салымы жок.

Кумтөрдү кошпой эсептесек, ички дүң продукциянын өсүшү 5,8% эле түзөт. Эми муну алдыңкы жылдардын көрсөткүчтөрү менен салыштырып көрөлү – 2011-жылы 5,6% жана 2012-жылы 5%. Айырма бир проценттик пунктка да жетпейт. Ал айыл чарбасындагы өсүшкө байланыштуу экени көрүнүп турат. 2013-жылы жаан-чачындуу болуп айыл чарбасына ыңгайлуу жыл болгондуктан бул тармактын продукциясы 2011 - жылкы 2% менен 2012-жылкы 1,2% ордуна 2,9% өстү.

Эми убакытты узагыраак алып, Акаев менен Бакиевдин мезгилиндеги көрсөткүчтөр менен салыштырып көрөлү. 2000-жылдан берки мезгилди үчкө болуп, ички дүң продуктынын жылдык орточо өсүш темпин чыгаралы. Тиешелүү таблица төмөндө келтирилди. Андан акыркы мезгилде жылыштар бар экени байкалабы? Мен аны көрө албай турам.

Ички дүң продуктынын жылдык орточо өсүш темпи, %
Акаев
(2000-2004)
Бакиев
(2006-2009)
Отунбаева-Атамбаев
(2011-2013)
Кыргызстан 5,0 5,7 5,0

Кандайдыр бир өзгөрүүлөр болду деп айта турган болсок, анда азыркы көрсөткүчтөр Бакиевдин мезгилине салыштырмалуу начарлап кеткенин моюнга алууга туура келет. Бирок мен андай деп деле эсептебейм. Бакиевдин убагында көрсөткүчтөрдүн бир аз жогору болушу Орусия менен Казакстанда мунай менен газдын баасы көтөрүлгөндөн кийин келип чыккан дүркүрөгөн өсүүнүн таасирине байланыштуу. Анализ жасап отуруп, Кыргызстандагы болуп жаткан экономикалык өсүштөр президенттердин жасаган иштеринин жана алардын жүргүзгөн экономикалык саясаттарынын туундусу эмес экенине көзүм жетти. Тагыраак айтканда, президенттер, алардын ичинде Атамбаев дагы, өсүшкө таасир эткидей экономиканы башкара алышпаптыр.

Маселеге кеңири көз сала турган болсок, үч президенттин жүргүзгөн экономикалык саясаттарында эч кандай деле принципиалдуу айырмачылык жок. Алар масштабы жана деталдары менен гана өзгөчөлөнүшөт, бирок алардын баарынын түпкү маңызы бир: «инвесторду таап, кулагынан тартып Кыргызстанга алып келүү». Инвестор Кыргызстанда канча акча бут алдында тепселип чачылып жатканын көрбөгөн жана түшүнбөгөн сокур жана кем акыл неме сыяктуу.

Атамбаевдин Стратегиясында жаңы бир нерсе барбы? Ал Максим Бакиев оюнда сактап келген идеянын кагазга түшүрүлгөн гана түрү.

Максим Бакиев Өнүгүү банкын түзсө, жаңы бийлик да аны түздү. Айырма - жаңы бийлик банкка салгыдай акча таба албай, инвесторлор менен түз иштешүүдө. Долбоолор деле мурдагылар эле. "Камбар-Ата" ГЭСин куруу тууралуу, мисалы, Акаев мезгилинен бери айтылып келе жатат. Бул жердеги бир айырма бакиевдер акча табабыз деп үч өлкөнүн ортосунда чуркап, байкоосуздан бирөөсүнүн каарына калса, Атамбаев, алардын катасын кайталоодон коркуп, Кыргызстандын тагдырын бир өлкөнүн колуна өткөрүп берди жана ал бул кызматы үчүн көп акча алды. Бир сөз менен айтканда, мурдагылар Кыргызстанды четинен кесип сатышса, азыркылар болсо дүңүнөн уруп жатышат.

Эмне, өлкө парламенттик башкарууга өткөнү экономикалык маселелерди премьер-министр чечип калдыбы? Ал баягыдай эле садага чапканга даяр турган улак, маанилүү чечимдерди мурдагыдай эле президент менен анын администрациясы кабыл алышат. Жада калса президенттин тегерегиндегилер да баягы эле Акаев менен Бакиевдин айланасынан көрүнө калган көзгө тааныш жүздөр. Ооба, азыр уул-кыздар, инилер менен күйөө балдар жок, бирок кудалар дагы эле күчүндө. Эки революция болгон менен кадр саясатынын принциптери кебелип да койгон жок, тууган-туушкандарын жана жек-жааттарын ишке орноштуруу жана кадрды тандоодо анын акылына жана тазалыгына эмес, кошоматчылык жана ар кандай абалдан суудан кургак чыгуу сапаттарына артыкчылык берилүүдө. Ушундай жагдайда көрсөткүчтөр башка болушу мүмкүнбү?

Мени адатта "сен дүйнөнү жалаң гана кара түс менен көрөсүң" деп айыпташат. Акаев мезгилинде да президенттик администрациядагы достор "сен анын жаман жактарын айтып, жакшы жактарын көргүң келбейт" деп чын дилден таарынышчу. Ооба, чынында эле анын жакшы деп айтарлык иштери болгон. Андай нерселер азыркы президентте да бар. Бирок мен дипломат эмесмин да бир саат мактап, бир мүнөт жаман ишти кыйытып өткүдөй. Мен акты ак, караны кара деп чындыкты гана айтууга милдеттүү окумуштуумун.

Ал кездеги чындык, Акевдин жасаган жакшы иштери болгону менен ал көбүнесе жаман иштер менен коштолуп, жалпысынан өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жетишсиздигинде болчу. Менин айткандарым жалган болуп чыктыбы? Эгерде Акаевдин иши жакшы болсо, эмне үчүн ал 2005-жылкы төңкөрүштө өлкөнү таштай качып, шерменде болуудан сактап кала алган жок. Азыр да, бийликке канчалык жагымсыз угулбасын, анын стратегиясы азыркы муунга бир аз жеңилдик бергени менен, кийин өлкөнү чыга алгыс туңгуюкка алып барып такаары чындык экенин айтып койгум келет.

Биздикилер жаратылыш байлыктарын өздөштүрүп сатууга негизделген Орусия менен Казакстандын экономиканы өнүктүрүү моделин туурап жатышат. Мындай модел Кыргызстанга туура келбейт. Биздин өлкө алардай жаратылыш ресурстарына бай эмес. Ал модел менен Кыргызстан алыска бара албайт. Бүткүл дүйнөлүк банктын эсеби боюнча биздин мунай, газ, көмүр жана минералдык ресурстар долларга которуп, жан башына эсептегенде Орусияныкына салыштырмалуу 350 эсеге аздык кылат. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү 152 өлкөнүн ичинен 91-орунда турат экен.

Кумтөр кени

Кумтөр кени

Килейген Кумтөр алтын кени экономиканы өнүктүрүүгө көзгө урунарлык жардам бербей жатса, анан баарын бириктиргенде да анын жарымындай да запасы жок калган алтын кендери өлкөнү жыргатып жибереби? Албетте, жок. Бир аз жардам болот. Бирок мындай модел "голландиялык оору" деген ат менен белгилүү проблеманы жаратып, калган тармактардын өсүшүнө тоскоол болот. Жогоруда айтылган коркунучтуу тенденция дегеним ушу.

Мен көптөгөн баамдоолордон улам Ак үйдүн жетинчи кабатынан дүйнө башкача көрүнөрүн билсем дагы, бийликтин коммунизмдин босогосунда турабыз дегенинин чын ыкластан айтылганына ишенбей турам. Менин оюмча, бул элди жооткотуп, кошумча убакыт утуп алуу үчүн айтылган сөз болсо керек. Бирок жалган сөз эртең эле ашкереленет да. Бийлик тескери жолго түшүп алганын бүгүн адамдардын жүздөн бири эле туюп жатат. Эртең, эртеси болбосо бүрсүгүнү, ашып кетсе 2-3 жылда 5 млрд. доллар инвестиция жана коррупцияга каршы күрөш дегендери жөн эле элди алаксытуу үчүн айтылган жомок экени бешиктен башы чыга элек балага да түшүнүктүү болот. Анда бийлик эмне кылат?

Элди Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт деген сөз менен токтото албайсың. Эгерде турмуш сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө оңолбосо үчүнчү эмес, төртүнчү да революция болот. Ишенбей эле коюшсун, бийликтегилерди андан тигиндей кыл, мындай кыл деп көшөгө артында шыбырап турган өлкөлөр сактап кала албайт. Ревоюлюция болгондо да биринчи жана экинчи жолкудай эле талкалоо жана кыйратуу менен коштолгон революция болот. Анткени ага элдин жакыр жашоосу эмес, жогоркулардын элди аңкоо кой сыяктуу алдоого кылган аракети, эки жүздүүлүгү жана бийликти колдон чыгарып жибергиси келбей ойлоп тапкан ар кандай жагымсыз айла-амалдары жеткирет.

Сапар Орозбаков, экономист

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG