Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

МАГАТЭ эксперттери Кыргызстандагы кендердин абалын көрүштү


Миң-Куш.
Миң-Куш.

Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) эксперттери Кыргызстандагы калдык сактоочу жайлардын абалы менен таанышты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, адистер Миң-Куш жана Майлуу-Суу сыяктуу уран калдыктары көмүлгөн жерлердеги жагдайды көрүштү. Андан тышкары, Кажы-Сай жана Шакафтардагы абалга көз салышты. Жыйынтыгында, МАГАТЭ менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин биргелешип иштөө планы түзүлдү. Адистердин курамында АКШ жана Канада өкүлдөрү да бар.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 92 калдык сактоочу жайлар бар. Анын жалпы көлөмү 254 миллион куб метрди түзөт.

XS
SM
MD
LG