Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Эсеби чыкпай жаткан экономика


"Дордой" базары
"Дордой" базары

Кыргызстанда быйыл экономиканын көрсөткүчтөрү пландалган деңгээлге чыккан жок. Бюджеттин тартыштыгынан улам айрым беренелерди кыскартуу жараяны башталды.

Өкмөттүн жыл башындагы көрсөткүчтөргө жетпегенине эмне себеп болду? Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөн болгону эмнеден кабар берет?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин төрага орун басары Зиядин Жамалдинов жана экономикалык эксперт Азамат Акелеев катышты.

“Азаттык”: Зиядин мырза, өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү кандай болууда? Статистикалык комитеттин маалыматына караганда, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча быйыл ички дүң продукциянын көлөмү 2,7 пайызды түзгөнү белгилүү болду. Бул жыл башында пландалгандан 5,2 пайызга жеткен жок. Мындай абалды эмне өкмөт менен түшүндүрүүдө?

Зиядин Жамалдинов: Чынын айтканда, былтыр бюджетти кабыл алууда өкмөт башчылары макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү атап, ички дүң продукция 5,2 пайызга өсөт деп алып келишкен. Ошондо биз сыртта кризис болуп турса, бул кантип аткарылат, жакшылап эсептедиңерби деп эскерткенбиз. Бирок аткаруу бийлиги катары өкмөт бул планды аткарууга убада берген.

Бул аткарылбай турганы жылдын башында эле көрүнүп калды. Анда да өзгөртүү киргизүү зарылдыгын айтсак, ага да муюшкан эмес. Эми жыл аяктап калганда белгиленген планды аткара албай турганын айтып келип отурат.

“Азаттык” :Бул эмнеден кабар берет? Өкмөттүн экономикалык саясатты жүргүзүүдөгү жоопкерчиликсиз мамилесиби, өз ишин жөндөй албаган чабалдыгыбы?

Зиядин Жамалдинов: Менин пикиримде, чындыгында эле муну аткарууга аракет жасашкан жок. Экинчиден, кризис да себеп болуп калды. Буга кошумча жоопкерчиликти тартпай жатат.

"Азаттык": Азамат мырза, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өз деңгээлинде аткарылбай жатканына эмне себеп болууда?

Азамат Акелеев: Буга бир нече себеп бар. Азыр Евразия экономикалык биримдикти карасак, жалпы соода көлөмдөрү 30-40 пайызга төмөндөп кетти. Анын ичинде Кыргызстан өзгөчө ыңгайсыз абалга кептелди. Анткени биздин экспортубуз да, импортубуз да түшүп жатат. Мисалы, экспортубуз 10 пайызга, импорт 7-8 пайызга чейин түштү.

Буга биздин өндүрүүчүлөрдүн туура эмес шартта, ыңгайсыз абалда иштеп жатканы себеп болууда. Маселен, сомдун наркы жогору, техникалык регламенттер тигүүчүлөр, айыл чарба, тамак-ашы өндүрүүчүлөргө ылайык келбей жатат. Бизге көп импорт келип жатат, ал эми экспортко эч нерсе чыгара албай жатабыз. Мунун баары макроэкономикалык абалга таасирин тийгизүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG