Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Путин менен Рахмон Ооганстандын чек арасын чогуу бекемдөөнү сүйлөштү


Путин менен Рахмон.
Путин менен Рахмон.

Мындай келишимге тараптар 27-февралда Дүйшөмбү шаарында жетишкенин Орусия президенти жолугушуудан кийин билдирди. Владимир Путин Казакстан сапарынан кийин Тажикстанга келип, тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан. Путин “Тажикстан Борбор Азиянын коопсуздугу үчүн негизги өлкө” экенин белгилеп:

- Рахмон менен тажик-ооган чек арасын жана Орусиянын түштүк чек арасын чогуу коргоону күчтөндүрүү боюнча келишимге жетиштик. Бул келишимде Орусиянын аскер базасын аракетке келтирүү тууралуу да белгиленген.

Орусиянын куралдуу күчтөрү Тажикстандын үч жеринде жайгашкан. Бирөө Дүйшөмбү шаарында, калган экөө өлкөнүн түштүк тарабында, Куляб жана Коргон-Төбө шаарларында. Бул күчтөр чогуу Орусиянын бир аскер базасын түзөт.

Орусия президенти Владимир Путиндин Борбор Азияга сапары 27-февралда Казакстандан башталган.

XS
SM
MD
LG