Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

“Кыргызмунайгаздын” жетекчилиги талашта


Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаздын” жамаатынын 26-апрелдеги митинги саясый түскө ээ болгону айтылууда.

Коалициялык келишим боюнча "Республика" партиясына тийген мамлекеттик мүлк министрлиги аталган ишкананын жетекчилигин алмаштыруу чечимин кабыл алган. Айрым маалыматтар боюнча, анын азыркы жетекчилиги оппозициядагы "Ата Мекен" партиясына ымалалаш болушу ыктымал.

“Кыргызмунайгаздын” “кызылдары менен актары”


“Кыргызмунайгаз” ишканасынын эмгек жамааты учурдагы башкармалыктын жетекчиси Каныбек Масировду кызматтан алууга каршылыгын айтып, митингге чогулушту. Мында мамлекеттик ишканалардын жетекчилигин дайындоонун тартиби одоно бузулуп, директорлор кеңешин таратуу аракеттери болуп жаткандыгы талкууга алынды.

Ишкананын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Жеңишбек Жумашев жетекчиликти алмаштыруу аракеттеринен улам, акционерлердин жыйналышы үзгүлтүккө учурап жаткандыгын белгиледи:

- Жаңы жетекчи койобуз деген катуу аракеттер болуп жатат. Бул максатта директорлор кеңешинин мүчөлөрүн алмаштырууга камылга көрүшүүдө. Бирок ал мүчөлөр буга чейин эле үч жылга шайланышкан болчу. Мына ушундай калпыс чечимдерге эмгек жамааты нааразы болуп жатат. Мына бүгүн акционерлер кеңешинин жыйналышы болуш керек эле. Мына ушундай ызы-чуудан улам, белгиленген мөөнөттө өтпөй турат да.

Митингде мамлекеттик мүлк министрлиги партиялык кызыкчылык менен жетекчиликти алмаштырууга кызыкдар болуп жаткандыгын белгилешти. Бул үчүн эмгек жамаатын жана директорлор кеңешин бөлүп-жаруу аракеттери жүрүп жаткандыгы айтылды.

“Кыргызмунайгаздын” кызматкери Токтосун Эсеналиев жетекчиликти алмаштыруу бийликтеги бир партиянын кызыкчылыгы менен коштолуп жаткандыгын белгиледи:

- Бизге жетекчи кылып алып келе турган адам Кеңешбек Масиров. Азыркы иштеп жаткан жетекчи менен фамилясы бир. Бул жигит деле бизде технологиялык-транспорттук бөлүмдө инженер болуп иштейт. Аны ошол “Республика” партиясы жетекчи болосуң деп түртүп жатышыптыр. Бирок былтыр эле биз 8-апрелде азыркы жетекчини шайлоо жолу менен тандап алганбыз. Мүлк министри азыр элди эки жакка бөлүп, ыркты бузуп, бир жамаатты эки топ кылып кагыштырганы жатат.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Өкмөттү түзгөн үчилтиктин коалициялык келишимдин негизинде мамлекеттик мүлк министри “Республика” партиясынан көрсөтүлгөн. Андыктан бул министрлик өзүнүн карамагындагы “Кыргызмунайгаздын” жетекчилигине аталган партияга жакын адамды койууга кызыкдар экендиги айтылып келген. Ошол эле учурда парламенттеги “республикачылар” “Кыргызнефтегаздын" былтыр 7-апрелден кийин кызматка келген жетекчиси Каныбек Масиров “Ата Мекен” партиясы менен катышы бар деп айтып чыгышкан.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев муну төгүндөө менен бийликтеги партиялардын кирешелүү тармактарга ээлик кылуу аракеттери улантылып жатат деп айыптады:

- Биринчиден Каныбек Масиров Акаев учурунан бери иштеп келген. Бакиевдин мезгилинде деле ал жакта эмгектенген. Белгилеп кетүүчү жагдай, биздин партия радикалдык оппозицияда болуп келгендиктен биздин мүчөлөрүбүз тургай, биздин партиянын атын атаган адамдарды андай жерлерге жакындатышкан эмес. Экинчиден айтсак, бийликке келишкен партиялар саясий жоопкерчиликти албастан туруп эле өлкөдөгү маанилүү жана кирешелүү тармактарды бөлүшүп жатышат. “Кыргызнефтегаздагы” абал мына ошондой көрүнүштүн бир туундусу. Ошон үчүн алар өздөрүнүн адамдарын ал жакка алып барууга кызыкдар болуп жатышат.

Ошол эле учурда “Республика” партиясы “Кыргызмунайгаздын” айланасындагы чыр-чатактарга тиешеси жок экендигин айтып чыкты. Партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев аталган ишкана жетекчилигин алмаштырууда “республикачылардын” кызыкчылыгы жок деп эсептейт:

- Мен айтаар эле бул жалган маалымат деп. Анткени мыйзамга ылайык мамлекетке караштуу мүлктү өкмөт көзөмөлдөйт. Кимди ал жакка жетекчи кылып алып барат ал маселе өкмөттүн ичинде чечилет. Мына ошондуктан “Республика” партиясы өзүнүн өкүлүн “Кыргызнефтегазга” алып барганы жатат деген сөз чындыкка коошпойт.

2010-жылдын 7-апрелине чейин азыркы “Республика” партиясынын лидерлеринин бири Исхак Пирматов “Кыргызмунайгаздын” башкармалыгын жетектеген.

Митингде “Кыргызнефтегаздын” жетекчилигин алмаштыруу маселесин кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылгандыгы айтылып, нааразычылык акциясынын катышуучулары таркап кетишти.

XS
SM
MD
LG