Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Кумтөр алтын кени боюнча акыркы макулдашууну кайра кароого жүйөө жок деп билдирди.

Буга чейин коомдук демилгелүү топтун өкүлдөрү "Кумтөрдү" мамлекетке кайтаруу маселесин көтөрүп чыгышкан болчу.

Алтын бюджеттин ажаатын ача баштады

Улуттук статистика комитеттинин маалыматы боюнча, "Кумтөр" алтын кенин иштетүүдөн 2010-жылы түшкөн киреше Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн он үч пайызын түздү. Мындан сырткары жаңы макулдашууга ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонддуна бир жылда 430 миллион сом которулуп, он жети мектептин курулушу ишке берилген.

Мына ошондуктан Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков “Кумтөр” боюнча макулдашууну кайрадан кароого негиз жок экендигин белгиледи:

- Мен мурда каржы министрлигинде иштегенде, депутат болгондо же салык кызматтын жетектеп турганда биз иликтегенде жалпысынан он жыл аралыгында бюджетке болгону 300-400 миллион доллар түшкөн экен. Мына жаңы макулдашуудан кийин былтыр бир жылда эле жүз миллион доллардан ашуун каражат келди. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Эмдиги жылы муну дагы көбөйтөбүз деген сөздөр болуп жатат.

Кумтөрдүн тагдырын Курултай чечет

Мындан сырткары жаңы макулдашууга ылайык, Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан “Центтера” компаниясынын отуз үч пайыз акциясына ээлик кылат. Анын акчалай наркы Торонтодогу түстүү металлдар биржасынын 2010-жылдагы маалыматы боюнча бир миллиард эки жүз миллион долларга бааланган. “Центерра” компаниясы “Кумтөрдөн” башка АКШдагы жана Монголиядагы алтын кендерин иштетет. Бирок буга карабастан “Кумтөр” долбоорунун тагдырын кайрадан кароо демилгеси көтөрүлө баштады.

25-январда маалымат жыйынын өткөргөн коомдук демилгечи топтун мүчөсү Жекшенбек Шамыралиев "Кумтөр" маселеси боюнча элдик курултай чакырыла тургандыгын айткан болчу:

- Таластан, Нарындан, Оштон, Чүй, Баткенден бери өкүлдөр курултайга чакырылып жатат. Бул жерде бир гана маселе элдин алдына коюлат. Ал “Кумтөр” кандай иштеди, пайдасын кимдер көрдү, эми анын тагдырын кандай кылып чечебиз деген суроолор. Биз өкмөттүн жообун күтөбүз. Азыр биздин кызыл кандуу жигиттер айтып жатышат. “Жол тосуп кыйналыштын кереги жок, “Кумтөргө” барып эле андагыларды кубалап чыгабыз” дешип. Биз токтотуп турабыз койгула каракчылык болбосун деген ниетте. Мына эки жыл мурун Угандада ынкылап болду. Алардыкын да уурдап, талап-тоноп жатышкан экен. Баардыгын кубалап чыгышып, элдин кызыкчылыгына төп келген келишим менен келишкен чет элдик компанияларды гана киргизишти.

“Центерра” неге кеткиси келбей жатат?

Демилгечи топтун өкүлдөрү "Кумтөр оперейтинг" компаниясы Кыргызстандын карамагына толук өтүшү керек деген ураанды көтөрүүдө. Алардын айтымында, “Центеррадагы” отуз үч пайыз акциядан түшө турган кирешеге ишенүүгө мүмкүн эмес. 1992-жылдагы башкы макулдашууга ылайык “Кумтөр” 2007-жылы Кыргызстанга өткөрүлмөк. Бирок 2007-жылы биргеликте кызматташууну улантуу чечими кабыл алынып, 13 пайызга чейин түшкөн анын үлүшү кийин кайра 33 пайызга көтөрүлгөн.

“Кумтөрдүн” мурдагы кызматкери Жаныбек Толкунов “Центерра” компаниясы алтын кени бай аймактарды чалгындап, ишке салгыча убакыттан утуп жатат деп эсептейт:

- 2004-жылы эле Кумтөрдү иштетүү боюнча алынган насыялар төлөнүп бүткөн. 2007-жылдын аягы 2008-жылдын башында канадалык тарап “Кумтөр оперейтинг” компаниясын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп бериши керек болчу. Бирок андай болгон жок. Анткени алар алтындын маңызын казып кетүүгө кызыгып жатышат. Ошон үчүн жанагы жер алдындагы иштерди жүргүзүүгө шашылыш каражат жумшашты. Алтын өндүрүү көбөйдү. Мен он эки жыл ал жакта иштегем. Биздин балдар айткан маалымат боюнча, күнүнө эки жүз элүү, үч жүз килограммага жакын алтын өндүрүлүп жатыптыр. Бирок кожоюндары расмий документтеринде 40-50 килограмм деп көргөзүшүүдө.

Учурда “Кумтөрдүн” борбордук бөлүгүндөгү жаңы кендер казылып, өндүрүшкө салынгандыгы айтылды. Өкмөттүн 2009-жылда берген маалыматы боюнча, “Кумтөрдөгү” казыла элек алтындын запасы беш жүз тоннага барабар. “Кумтөр” алтын кен долбоорун ишке киргизүүгө 452 миллион АКШ доллары жумшалган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG