Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Бюджет-2012: Чиновниктерге дале көп акча бөлүнүүдө


Кыргыз өкмөтү келерки жылдын бюджет долбоорун парламентке жөнөттү. Бирок анда быйылкысынан көп деле айырма жоктугу айтылууда.

Анын тартыштыгы быйылкы жылдын бюджетине караганда кыскартылган 2012-жылдын бюджетинин параметрлери жана өзгөчөлүктөрү кандай?


Бюджет долбоору быйыл учурунда каралчудай


2010-жылдагы ар түрдүү окуяларга байланыштуу быйылкы жылдын бюджети кечигүү менен кабыл алынган. Өкмөт ал кемчиликтерди кайталабаш үчүн 2012-жылдын бюджетин долбоорун даярдап, көп кечикпей парламентке жөнөттү.
Эч кандай деле өзгөчөлүгү жок. Кайра эле мамлекеттик кызматка аябай көп акча бөлүнгөн. Бул түшкөн акчанын 30 пайызы мамлекеттик чиновниктерге кетип жатканын билдирет...
Айнуру Алтыбаева


Ошого жараша Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети 4-октябрда келерки жылдын бюджети боюнча биринчи отурумга чогулат. Андан кийин 5-октябрда коомчулуктун катышуусу менен бюджет боюнча парламенттик угуулар өткөрүлөт.

Келерки жылдын бюджетинин параметрлерине токтоло турган болсок, 2012-жылы ички дүң өнүм 305 млрд. сомго жетет деп күтүлүүдө. Бул быйылкы жылдын ИДПсына салыштырмалуу дээрлик 50 млрд. сомго көптүк кылат. Бирок республикалык бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүгүндө андай ири өзгөрүүлөр байкалбайт. Маселен, быйылкы жылдын бюджетинин кирешеси 68 млрд. 500 млн. сом деп белгиленсе, келерки жылдын кирешеси 71 млрд. 600 млн. сом деп белгиленген. Айырмасы болгону 3 млрд. сомдун тегереги болууда.

Каржы министрлигинин бюджет башкармалыгынын жетекчилеринин бири Алмаз Бакетаев бул айырмачылыкты мындай түшүндүрдү:

- ИДПга байланышкан салыктар бар жана байланышпаган салыктар бар. Алар ИДПнын өсүшүнө көз каранды эмес. Таза салыктан түшкөн кирешелерди ала турган болсок, быйыл 51 млрд. сом болсо, келерки жылы 61 млрд. сом болуп жатат. Салык 10 млрд. сомго өсүп жатат.

Бакетаев өкмөт бюджеттин тартыштыгын кыскартуу багытында иш алпарып жатканын белгилейт:

- Биринчи максат - ошол тартыштыкты кыскартуу болуп, ошол багытта иш жүргүздүк. Бюджеттин биринчи долбоору даярдалганда тартыштык 22 млрд. 300 млн. сом деп белгиленген. Азыр мына Жогорку Кеңешке берилген долбоордо 18 млрд. сом деп берилди. Ошону менен тартыштыкты 5 миллиарддан ашыкка азайттык.


Айырма жокпу?


Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева келерки жылдын бюджет долбоору парламентке келип түшкөнүн тастыктап, ал 4-октябрда комитетте карала баштаарын билдирди.

Долбоор мурунку бюджеттерден өзгөчөлөнбөгөнүн Алтыбаева да белгилөөдө:

- Эч кандай деле өзгөчөлүгү жок. Кайра эле мамлекеттик кызматка аябай көп акча бөлүнгөн. Жалпысынан 23.5 млрд. сом каралган. Бул 2011-жылга салыштырмалуу өскөн. Жалпы чыгашанын 29.7% түздү. Бул абдан чоң параметрлер. Кыскача айтканда, бүт бюджетке түшкөн акчанын 30% мамлекеттик чиновниктерге кетип жатканын билдирет.

Бюджеттин чыгашасынын 30 пайызын алып жаткан мамлекеттик органдардын кайсы бирине канча акча бөлүнөрү парламенттик угууларда жана комитеттин ишинде айкын болоору күтүлүүдө.

Бирок келерки жылдын бюджетине оорчулук дагы эле күчтүү. Маселен, тышкы жана ички карыздарды төлөө үчүн 12 млрд. 300 млн. сом жумшалмакчы. Социалдык фонд үчүн да 946 млн. сом кошумча бөлүнөт.

Бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Өмүрбек Абдырахманов быйылкы жылкы бюджет менен келерки жылдын бюджетинде окшоштуктар сакталып калганын айтып, тартыштык дале олуттуу болуп жатканын белгилейт.

Бирок тартыштык бир аз болсо да кыскарганы байкалат. Маселен, быйылкы тартыштык 21 млрд. сомдон ашык болсо, келерки жылы 18 млрд. сом деп белгиленүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG