Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Көмүр тендери ортомчуларды марытабы?


"Электр станциялар” акционердик коому 1 млн. 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер өткөрдү. Эксперттер көмүр сатып алууда дагы эле ортомчу компаниялар марып жатканын билдиришүүдө.

Тендердик комиссия учурда тендерге берилген документтерди изилдөө үстүндө иш жүргүзүүдө.

Токтогулда суунун аздыгына байланыштуу “Электр станциялар” акционердик коому быйыл көмүр сатып алуу боюнча тендерди эрте өткөрдү. Анткени көмүр Бишкек жылуулук борборуна электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн керек.

Ошентип, апрель айында жарыяланган эки тендердин бири 13-майда, экинчиси 15-майда аяктады.

13-майда Казакстандан 3 млрд. 488 млн. сомго 900 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча тендер аяктап, берилген документтер ачылды. “Электр станциялар” акционердик коому быйыл бир тонна көмүрдү 65 доллардан же 3835 сомдон сатып алууга даярдыгын билдирген.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча сайттын маалымдосуна караганда, тендерге үч компания катышты. Алар Кыргызстанда катталган “Рассвет компани”, “Прогресс компани” жана Казакстанда катталган “БорНова” аттуу жоопкерчилиги чектелген коом.

“Электр станциялар” акционердик коомунун сатып алуулар жана логистика боюнча бөлүмүнүн башчысы Улан Турдубеков учурда компаниялар тараптан берилген сунуштар изилденип жатканын билдирди:

- “БорНова” Казакстандыкы. Калган экөө бизде катталган. Эми алар берген сунуштар эки жума каралат. Анткени берилген документтер көп. Алар шашпай каралып, баа берилет.

900 миң тонна көмүр үчүн казакстандык компания 42 млн. 300 миң доллар, “Рассвет компани” 50 млн. 850 миң доллар, “Прогресс компани” 51 млн. 750 миң доллар сураган. Белгилеп кете турган нерсе, казакстандык “БорНова” компаниясы сунуштаган баа көмүрдүн Луговойго чейинки наркы. Андан Кыргызстанга чейинки жол кире, бажы төлөмү кошумча баа болуп отурат. Ал эми “Рассвет компани” жана “Прогресс компани” Бишкек Жылуулук борборуна чейинки ташып жеткирген баа. Бирок алардын үстүнө да бажы төлөмү кошулат.

Кыргызстандагы энергетика боюнча эксперттер быйылкы жылы көмүрдүн баасы он долларга кымбаттатылганын айтып, дагы эле мурунку ортомчу компаниялар пайда көрөрүн белгилешүүдө.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев “Прогресс компани” жана “Рассвет компани” Шабыркөл көмүрүн ташып келерин, ал эми Шабыркөл кени жана андан көмүр ташыган компаниялар казакстандык олигархтарга - Александр Машкевич, Фаттох Шодиев жана Алижан Ибрагимовго таандык экенин айтууда. Мына ушул олигархтарга таандык компаниялар дагы эле утат дейт Үмбөталиев:

Расул Үмбөталиев
Расул Үмбөталиев

- Кайра эле “Прогресс компани” же “Рассвет компани” деген олигархтардын - Машкевич, Ибрагимов, Шодиевдин компаниялары утат.

Дал ушул олигархтарга таандык “Прогресс компани” былтыркы жылы Бишкекке 630 миң тонна көмүр сатуу укугун алган. Бул компанияга мындай укук берилиш үчүн тендерлер үч жолу үзгүлтүккө учуратылган.

“Прогресс компаниге” атаандаш боло коем деп, андан арзаныраак баа сунуштаган “Жезказган энергосбыт” компаниясын ал кездеги энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев сотко берип, Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылган. “Жезказган энергосбытка” Кыргызстанда колдоо ал кездеги башкы прокурор Аида Салянова тараптан көрсөтүлгөн. Бирок ал акыры Салянованын кызматтан кетүүсү жана жан-жөкөрлөрүнө кылмыш иши козголуусу менен коштолгон.

Дагы бир энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков Кыргызстан мына ушундай ортомчу компанияларга утулуп келатат, ошондуктан өкмөт түздөн-түз көмүр өндүрүүчү компаниялар келишим түзүүгө “Электр станцияларды” мажбурлаш керек дейт:

- Мамлекеттик сатып алууда бир шарт коюлуш керек: “Электр станция” акционердик коому көмүрдү өндүргөндөрдөн түз сатып алыш керек. Көмүр кенинин кожоюндары тендерге геодезиялык документтерин, лицензиясын көрсөтүп, түз сатарын далилдеши керек. Анан азыр бизге келгендер ортомчу компаниялар, булар менен кымбат келет. Анын айынан жылуулук, электр энергиясы да кымбаттайт. Бизге ортомчу компаниялардын кереги эмне? Элдин, мамлекеттин акчасы менен аларды багышыбыз керекпи?

Эрнест Карыбеков көмүр казуучу компанияларда бир тонна көмүрдүн баасы 20 доллардын тегерегинде экенин, жол киресин кошкондо анын баасы 40 долларга чыгарын кошумчалады.

“Электр станциялар” акционердик коому 15-майда Кара-Кече жана Таш-Көмүрдөн көмүр сатып алуу боюнча да тендер өткөрдү. Жергиликтүү кендерден 500 миң тонна көмүр сатылып алынмакчы. Таш-Көмүрдөн “Тегене” жоопкерчилиги чектелген коом, Кара-Кечеден “Ак жол көмүр”, “Шарбон” жана “Пандж-Шер” компаниялары тендерге катышкан.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG