Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Фонддун нуру чакан бизнеске тийбейт


Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду май айынын соңунан тарта долбоорлорду каржылоого киришүүгө тийиш. Өкмөт чоң үмүт артып турган фонд кайсы тармактарды каржылайт жана акчаны кандай шарттарда берет?

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун каражатын бара-бара 1 млрд. долларга жеткирүү пландаштырылган. Бүгүнкү күндө фонддун эсебинде Орусия которгон 150 млн. доллар турганын жакында эле өкмөт башчы Темир Сариев билдирген:

- Биз 1 млрд. доллар капиталы бар кыргыз-орус өнүктүрүү фондун түзө алдык. Мына ал жакынкы күндө иштей баштайт. 150 млн. доллары биздин Улуттук банктын эсебинде турат. Майдын аягында Директорлор кеңешинин жыйыны болуп, биз биринчи долбоорлорду каржылоону баштайбыз.

Темир Сариев
Темир Сариев

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, Кыргызстандын экономика министри Олег Панкратовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, директорлор кеңешинин жыйыны май айынын соңунда Бишкекте өтүш керек эле. Бирок азыр убакыттын тардыгына байланыштуу ал жыйын сурамжылоо ыкмасы менен жүргүзүлүүдө. Ал эми фонд жакынкы күндөрү долбоорлорду каржылоону баштайт:

- Азыркы кезде орус тарап менен ички документтерди тактоо боюнча техникалык иштер жүрүп жатат. Жакынкы мезгилдерде фонд каржылоо сунушталган долбоорлорду карай баштайт. Келип түшкөн долбоорлордун саны болсо 30дан ашып кетти.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун эрежесине ылайык, алар 3 млн. доллардан 25 млн. долларга чейинки долбоорлорду 5 жылдык мөөнөт менен каржылайт. Кыргызстандын шартында бул ири бизнести каржылоо дегенди түшүндүрөт.

Ошондуктан өлкөдөгү чакан жана орто бизнеске фонддун каражаты тийбей калат дейт Ишкерлер жана дистрибьюторлор бирикмесинин башчысы Гүлнара Өскөнбаева:

- Алар 3 млн. доллардан кем эмес насыя беришет экен. Башкача айтканда, ири бизнестин өкүлдөрү гана насыя ала алышат. Орто жана чакан бизнес насыя алалбай калат экен.

Гүлнара Өскөнбаева чакан бизнес дагы арзан жана узак мөөнөттүк насыялардын жоктугунан жабыр тарта берерин кошумчалады.

Бүгүнкү күндө фонддун эсебинде Орусия которгон 150 млн. доллар бар
Бүгүнкү күндө фонддун эсебинде Орусия которгон 150 млн. доллар бар

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүүчү ишканалар бирикмесинин башчысы Сергей Пономарев Кыргыз-орун өнүктүрүү фондунун түптөлүш максаты республиканын экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шартына ылайыкташтыруу болгонун, бул деген ири ишканаларды, айыл чарбасын жана кайра иштетүү тармагын модернизациялоо экенин белгиледи.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин айтымында, фонд агроөнөр жай, тигүү жана текстиль тармактарына, транспорттук-логистикалык борбор курууга артыкчылык берет.

25-майда чыккан маалыматтар боюнча, орус тараптан Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директорлор кеңешине Орусиянын экономика министринин биринчи орун басары Алексей Лихачев жана Внешэкономбанктын экспортту финансылоо боюнча бөлүм башчысы Даниил Алгульян мүчө болуп кирди. Кыргыз тараптан да өкүлдөр алмашты. Өкмөт башчы болуп шайланып кеткен Темир Сариевдин ордуна экономика министри болуп келген Олег Панкратов, ал эми кызматынан кеткен Ольга Лаврованын ордуна каржы министри болуп келген Адылбек Касымалиев фонддун директорлор кеңешинин мүчөсү болуп калды.

Ал эми фонддун башкармалыгын Нурсулуу Ахметова жетектейт. Ал буга чейин президенттик аппараттын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүн жетектеп келген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG