Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстандагы каржылык абалга Казакстандагы жана Орусиядагы кырдаал таасир этип турат.

Ошондой эле сомдун наркынын туруктуу болушу өлкөнүн экономикасынын ички абалынан толук көз каранды. Бул тууралуу казакстандык каржы боюнча аналитик Марат Каирленов “Азаттыкка” маек курганда билдирди.

"Азаттык": Сиз Кыргызстандын улуттук валютасы – сомдун долларга карата чукулунан нарксызданып жатышынын себебин эмнеден көрөсүз?

Каирленов: Менимче, бул Казакстандагы жалпы экономикалык абалдын таасиринен улам ушундай болуп жатат го. Анткени Кыргызстандын экономикасына Казакстандагы, Орусиядагы жана Кытайдагы жалпы абал өтө чоң таасир этет эмеспи. Булар Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү да.

Айрыкча Казакстандын экономикасынын деңгээли өтө түшүп кеткени жана бул процесстин узак мезгилге созулуп жаткан жагдай чоң роль ойноду окшойт. Анткени мында Казакстан менен Кыргызстанда иш алып барган ишкердиктин оюнчулары дагы тобокелчиликтерди кайрадан карап чыга башташты.

"Азаттык": Сиз айтып жаткан жагдай кандай жолдор менен таасир этүүсү мүмкүн?

Каирленов: Кыргызстандагы кырдаалга таасир эте турган бир нече каналдар бар. Биринчиден, бул өз ара соода каналы. Экинчиден, кеңири түшүнүктөгү инвестициялык канал. Буга мен кыргызстандык эмгек мигранттарынын Орусиядан жана Казакстандан акча жөнөтүүнүн кыскарышын жана Кыргызстанда иштеген казакстандык жана орусиялык компаниялардын активдүүлүгүнүн төмөндөшүн кошор элем.

"Азаттык": Башында Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулса, абал жакшырат дегендей убада беришкен эле. Эмне себептен, тескерисинче, мындай терс тенденция өкүм сүрө баштады деп ойлойсуз?

Каирленов: "Үй тандоодон мурун кошуна танда" деп бекер жерден айтылбайт. Кыргызстан мурдатан эле Казакстан менен тыгыз экономикалык байланышта болуп келген болсо, кийин Орусия баш болгон Евразиялык экономикалык союзга кирүү менен бул байланыштардын кеңейиши менен таасир этүү фактору дагы күчөдү. Мисалы, Орусия менен Казакстан инфляциялык абалды алдынан ооздуктоо үчүн рубль менен теңгенин курсу эркин сүзүүгө коё берилди.

Мындай абал албетте былтыр анчейин таасир этпеген менен, Кыргызстан союзга киргенден кийин анын экономикасына таасир эте баштады. Бул жагдайда Кыргызстандын Улуттук банкы кайсы бир ориентир менен абалды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жаткан болуш керек. Анткени экономикадагы оюнчулар жетекчиликке ала баштаган ориентирлер маанилүү.

Бизде, мисалы, мунайдын баасы менен орусиялык рубль негизги ориентир. Кыргызстандын экономикасынын структурасы эми бир аз башкача да. Ошондуктан мында экономиканын ички абалы дагы өлкөдөгү каржылык кырдаалга таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, силерде алтындын баасы же болбосо “Кумтөр” сыяктуу өндүрүштөгү абал жагдайга таасирин тийгизиши мүмкүн.

"Азаттык": Кыргызстандын өкмөтү менен Улуттук банкы экономиканын долларга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн төлөмдөрдү жана алды-саттынын бардыгын сомго которуу демилгесин көтөрүүдө. Казакстандын практикасында мындай чара өзүн-өзү актадыбы?

Каирленов: Бизде дагы мына ошол чара киргизилип жатканда эле муну пессимисттик маанайда кабыл алышкан болчу. Бирок ошого карабастан мындан бир топ жыл мурун киргизилген ошол чара башталганда кыймылсыз мүлк жана машине сатып алууда бардыгы төлөмдү теңгеде жүргүзүүгө өтүшкөн. Ошондуктан алардын баасы теңге менен баалана баштаган болчу. Бирок ошондой эле банктарда аманаттарды доллар менен сактоо кала берди.

Эки жылдан бери теңгенин наркы түшкөндө төлөмдөрдү кайра доллар менен жүргүзө башташты. Анткени теңгенин курсунун туруксуздугунан чочулаган калк акчасын доллар менен сактап, алды-саттыны дагы доллар менен жүргүзүү коопсуз болот деген нерседен кете албай коюшту. Ошондуктан мурда бизде аманаттын 50-55 пайызы доллар менен болсо, учурда 65 пайызга чейин чыкты. Ошондуктан Казакстанда экономиканы долларсыздандыруу ийгиликтүү жүрдү дей албайм.

"Азаттык": Мындай жагдайда деги эле улуттук валютанын наркын сактап, туруктуулукту камсыздоо үчүн кандайдыр бир жалпысынан каралган тажрыйба барбы?

Каирленов: Азыр эми улуттук валютанын курсун кармоо үчүн насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салуу жагы киргизилип жатпайбы. Айрыкча доллар менен иштебеген тараптардын банктарга доллар менен насыя төлөшү оор да. Ошол эле кезеде банктардын үстөк базасынын ченемин коюудагы оюндар сыяктуу каржылык аспаптар аркылуу девальвацияны кармоого болот. Бирок мында бардыгына бирдей төп келе турган рецепт болушу мүмкүн эмес. Бардыгы кырдаалга байланыштуу. Анан эми бардык маселе ошол өлкөнүн экономикасынын абалынан көз каранды да. Ошондуктан ийкемдүү экономикасы бар өлкөлөр үчүн девальвация коркунучтуу деле эмес.

XS
SM
MD
LG