Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

Кыргыз бийлиги 5 млрд. доллар инвестиция тартканын кеңири айтып жатат. Чындыгында эле ошончо инвестиция тартылдыбы же ал үстөгү менен кайтарып бере турган насыяларбы?

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын соңунда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен жолугушууда 5 млрд. доллар инвестиция тартуу жөнүндө келишимдерге жетишилгенин, энергетикалык жана транспорттук көз карандысыздыкты камсыз кылуу максатында ири долбоорлор аткарыла баштаганын билдирген.

5 млрд. доллар жөнүндө мамлекет башчысы жылдын жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында да айткан эле:

- Ушул жылдын ичинде эле, акыркы бир-эки жылдын ичинде эле ушул иштерди аткаруу үчүн 5 млрд. доллар каражат табылган, келишимдерге кол коюлган.

5 млрд. доллар кайсы долбоорлорго тартылганын карап көргөндө, алар негизинен мамлекеттин кепилдиги менен алынган насыялар экени байкалат. Бир гана 2 млрд. доллар деп бааланып жаткан Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу долбоору бюджет тарабынан кепилденбеген долбоор. Аны Кытай өзү каржылап, өзү курат. Кыргызстан транзиттик өлкө катары 35 жылга эсептелип жаткан ал долбоордон 2 млрд. доллардын тегерегинде пайда көрөрү айтылууда.

5 млрд. доллар деп аталган инвестициянын калган бөлүгү энергетика жана жол тармагына алынган насыялар. Маселен, альтернативдүү түндүк-түштүк жолун куруу үчүн 400 млн. доллар, Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоо үчүн 386 млн. доллар, Датка-Кемин электр зымын тартууга 400 млн. доллар, Датка-Түштүк электр зымын тартууга 208 млн. доллар, Датка подстанциясын курууга 208 млн. доллар насыя алынган. Алардын көпчүлүгү Кытай өлкөсүнөн 20 жылга эсептелген 2% үстөгү менен алынган насыялар. Демек алар үстөгү менен Кытай мамлекетине кайтарылыш керек.

Кыргызстандын инфраструктурасына тартылган насыялардын экинчи булагы Орусиядан келет. Москва 2013-жылы Жогорку Нарында төрт ГЭСтин курулушун баштап, ага 700 млн. доллардан ашуун каражат саларын билдирген. Ал эми “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алып, ага 750 млн. доллардан ашуун инвестиция саларын кыргыз бийлиги байма-бай билдирип келатат. Бул тармактарга акча салуу менен орус тарап “Кыргызгазды” толугу менен ээлигине алса, ГЭСтерге да өзүн актаганга чейин 75%, андан кийин түбөлүк 50% ээлик кылат.

Булардан сырткары Энергетика жана өнөр жай министрлиги Токтогул ГЭСин модернизациялоо үчүн насыя тапканын министр Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдирген:

- Токтогул ГЭСин толук модернизациялоо же кайра куруу үчүн 250 млн. долларлык долбоор иштелип, макулдашылып, 55 млн. доллар келип, иш башталууда. Андан сырткары Ат-Башы ГЭСине 25 млн. доллар акча тартылып, ал дагы кайрадан курулат. Анын кубаттуулугу көбөйтүлөт.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев инфраструктурага мамлекет тарабынан каражат тартылганын оң баалады:

- Экономиканын негизин жол менен электр энергиясы түзөт. Ансыз мамлекет өнүкпөйт эч качан. Бизде болсо жол курмак түгүл эмдигиче Бишкектин ичиндеги жолду оңдой албай жатабыз.

Сарыбаев ошондой эле бул долбоорлордун айрымдары мурунку бийлик тушунда түзүлүп, келишилгенин да кошумчалай кетти.

Кыргызстан буга чейин Батыштан макроэкономикалык туруктуулукту сактоо үчүн насыя алып келсе, эми инфраструктурага насыя тарта баштады. Ал насыяларды натыйжалуу пайдалануу экономикага оң таасирин тийгизерин экономисттер белгилеп келатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG