Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Бишкек шаардык жылуулук-электр борборун реконструкциялоо боюнча Кытай компаниясы менен түзүлгөн келишим кызуу талкуу жаратты.

Жакында эле Жогорку Кеңеш ратификациялаган келишимде анын баасы 386 млн. доллар деп бааланып, Кытай мамлекетинин насыясына жасалмак болгон. Көз карандысыз эксперттер анын баасы өтө кымбатка туруп жатканын жана компанияны тандап алууда ачыктык болбогонун айтса, Энергетика министрлиги да өз жүйөөлөрүн келтирүүдө.

TBEA кантип тандалган?

Экономика министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы, экономист Азамат Акелеев өкмөттүн эч кандай тендерсиз эле TBEA компаниясы менен келишим түзгөнүн сынга алып, бир катар мыйзамдар бузулганын айтты. "Эң башкысы - “TBEA менен бирге ыңгайлуу шартты сунуштаган СМЕС компаниясынын долбоору четке кагылган”,- дейт Акелеев.

- СМЕС мамлекеттик компания, TBEA болсо жеке компания, экөө тең Кытайдыкы. СМЕС өз сунушу менен 2012-жылы эле келген экен. Ага карабай 2013-жылы TBEA менен келишим түзүү чечими кабыл алынган. СМЕС дүйнө жүзүндө 30дан ашык ЖЭБ курган компания. Кыргызстанга берген сунушунда долбоорду 30 млн. долларга арзан баалаган.

Азамат Акелеев

Азамат Акелеев

Кытайлык TBEA ишканасынын тендерсиз тандалып алынышы өкмөттөгү кайсы бир адамдар жеке кызыкчылыгын көздөп жатат деген сөздөрдү жаратты. Азамат Акелеев сынактын шарттарынан тышкары, TBEA дүңүнөн эле сунуштаган 386 млн. доллар деген сумма кайдан келип чыкты деген суроону да коюуда. Анын пикиринде, Кыргызстан ал сумманы насыя катары алып жаткандан кийин ар бир тыйын кайда жумшалары аныкталышы керек болчу.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин мүчөсү, энергетик Николай Кравцов да Бишкек жылуулук электр борборунун техникалык-экономикалык негиздемеси жок туруп, аны модернизациялоо 386 млн. долларга бааланганынан шектенет:

- Бул сыяктуу ар бир долбоордун техникалык экономикалык негиздемеси болот. Бишкек жылуулук электр борборунун андай негиздемеси жок. Ал жок туруп, 386 млн. доллар деген баа кайдан келип чыкты? Балким ал сумма ыңгайлуу эле чыгаар. Бирок биринчи техникалык экономикалык негиздеме болушу керек эле.

“Бишкек ЖЭБин жаңылоо баасы эң арзан”

Анткен менен Энергетика министрлигинин да өз аргументтери бар. Алардын билдиришинче, TBEA компаниясында Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо сунушу менен бирге техникалык экономикалык негиздемеси да болгон. Андан тышкары, Кытай өкмөтү аркылуу иштеп, долбоорду каржылоо булагы боюнча да кепилдик беришерин айткан.

Салайдин Авазов каражаты жок Кыргызстан үчүн бул эң ыңгайлуу шарт болгонун белгилейт:

- Компанияны тандап алууда мыйзамдар эч кандай бузулган эмес. “Мыйзам бузулбаган күндө деле эмне үчүн тендер өткөрүлгөн жок” деген суроо болуп жатат. Анткени, долбоорду каржылоого биздин өзүбүздүн акчабыз жок болгондуктан, кайсы бир компанияны жалдаганга мүмкүнчүлүгүбүз болмок эмес. Акчабыз болбогон соң, бизге берилген сунуштан башка вариант жок болчу.

Ошону менен бирге Кытай тараптан да Тышкы иштер министрлигине TBEAны колдогон бир нече кат келгени айтылды. Ал эми 386 млн. доллар деген баа кайдан келип чыкты? Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев буларга токтолду:

- Дүйшөмбүдө ишке кирген ЖЭБдеги 1 киловатт электр энергиянын баасы 1800 доллар болду. Биздики болсо 1280 долларга бааланып жатат. Ал эми дүйнөлүк тажрыйбада жылуулук электр борборлорун куруудагы 1 киловаттын баасы 1400-2000 доллар турат. Биздики эң ылдыйкы баадан да төмөн болуп жатат.

Артыкбаев кошумчалагандай, Новосибирск долбоорлоо институту жылуулук борборду модернизациялоону TBEAдан да кымбатка, 518 млн. долларга баалаган. Ал эми СМЕС компаниясы долбоорду 30 млн. долларга арзан баалаганы менен айрым жумуштарды жасоо кепилдигин алган эмес.

- Толук жасалуучу жумуштардын тизмесинен эки жумушту көрсөтүшкөн эмес. ЖЭБдин морун жана шлактарды жок кылуучу жерин курмак эмес. Ошону эсепке алганда азыркы биз түзгөн келишимдин долбоору эң арзан жана эң сапаттуу болуп турат.

Деген менен Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев өкмөттүн сынаксыз компания тандап алуусуна баа берүү үчүн Юстиция министрлигине жана Башкы прокуратурага документтерди жөнөтүүнү сунуштады.

Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кредиттик келишим Кыргызстандын Каржы министрлиги менен Кытайдын “Эксим банкынын” ортосунда 2 пайыздык үстөк менен 20 жылга түзүлгөн. Жылуулук электр борборун жаңылоо болсо, үч жыл ичинде бүтүшү керек. Бул келишимди Жогорку Кеңеш өткөн жыл акырында ратификациялаган.

Энергетика министирлиги билдиргендей, ушул жылдын экинчи кварталында Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча биринчи капсула коюлат. Модернизациялоо иши 2016-жылы аяктап, Бишкек Жылуулук борбору кошумча 300 мегаватт электр энергиясын бере баштайт. Бул азыркыга салыштырмалуу Бишкек ЖЭБинин кубаттуулугу эки эсе артат дегенди түшүндүрөт. Муну менен катар абага чыгарылган көмүр кычкыл газы кескин азаят. Модернизациялоону жүргүзө турган ТВЕА компаниясы жабдууларды бүтүндөй Кытайдан алып келет.

Кытайлык TBEA компаниясы учурда Кыргызстанда “Датка-Кемин” энергетикалык долбоорун ишке ашырып жатканы менен белгилүү.
XS
SM
MD
LG