Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Биткоин банкоматы Улуттук банкты чочутту


Кыргызстанда ачылган биткоин-банкомат.

Кыргызстанда ачылган биткоин-банкомат.

Жакында эле Бишкекте виртуалдык акча-биткоин банкоматынын ачылышы Улуттук банкты элге эскертүү жасоого мажбур кылгандай.

Дүйнөдө виртуалдык же санариптик акчалардын ичинен эң көп колдонулган криптовалюта – биткоин.

Улуттук банк элди криптовалютаны же виртуалдык акчаны колдонуудан оолак болууга чакырууда. Улуттук банктын айтымында, электрондук акчаларга эч кандай кепилдик жок жана аны интернет аркылуу жоготуп алуу тобокелчилиги жогору. Бирок криптовалюталардын жактоочулары Улуттук банктын эскертүүсү менен макул эмес. Алар келечекте криптовалютанын же виртуалдык акчанын экономикада орду жогору болот деп санашат.

Улуттук банктын эскертүүсү жана чочулоосу

Улуттук банктын капилет эскертүүсүнө караганда, криптоакчаны, башкача айтканда, виртуалдык же санариптик валютаны колдонууда бир катар тобокелчиликтер бар. Маселен сом, доллар же башка кагаз акчалардан айырмаланып, ал материалдык сыпатка ээ эместигин, криптовалюта интернетте гана жүгүртүлөрүн айткан Улуттук банк, аны жоготуп алуу коркунучу чоң экендигин эскертүүдө. Бирок бир да мамлекет же мекеме жоголгон виртуалдык акчага жоопкер болбойт. Улуттук банктын башкы адиси Нестан Бейшеева:

- Дүйнөдө эч бир мекеме биткоинди көзөмөлдөбөйт. Мисалы, сиз акчаңызды банкка салсаңыз, банк жоопкерчилигин алат. Биткоин системасында болсо, эч кандай банк сиздин акчаңызды көзөмөлдөй албайт. Бул системада кандайдыр бир үзгүлтүктөр болсо же хакердик чабуулдар жасалса, сиздин акчаңыз жок болуп кетиши мүмкүн. Бирок анын жоопкерчилигин эч ким моюнуна албайт.

Криптовалюта Улуттук банкка көз каранды эмес

Бирок криптовалютанын жактоочулары жана программисттер Улуттук банктын эскертүүсү менен макул эмес. Бишкектик программист Даниил Вартанов Кыргызстандын валюта базарындагы виртуалдык акчанын келечеги бар деп ишенет.

- Качандыр бир кезде почточунун кызматысыз эле интернет аркылуу каттар дарегине жетип турат десе, абдан таң калычтуу болгон. Бирок Кыргызстанга интернет “Кыргызпочтасынын” пикирин сурап отурбай эле келди да. Ошол сыяктуу эле криптовалюта Улуттук банктын пикирин сурабай эле келет. Азыр башка кагаз валюталардын куну деле эч кандай кепилдикке алынган эмес. Алардын курсу суроо-талаптын негизинде аныкталат. Суроо-талапты болсо кайсы бир валютаны колдонгон экономика жаратат. Биткоиндин экономикасы абдан чоң жана ал күн сайын өсүүдө.

“Биттыйын” Бишкекке да жетти

Дүйнөдө криптовалютанын 275 түрү бар болсо, анын жалпы глобалдык жүгүртүү көлөмү беш миллиард доллардан ашканы айтылууда. Алардын ичинен эң көп колдонулган криптовалюта – биткоин, же кыргызча "биттыйын". Жакында эле Бишкектеги кафелердин бирине Эммануэле Коста аттуу италиялык финансист биткоин-банкоматты эксперимент катары орнотту. Айтылгандарга караганда, ал Борбор Азияда алгачкы орнотулган биткоин-банкомат. Анда бир биткоиндин баасы 660 доллар. Биткоиндин куну мындан үч ай мурдагыга караганда 30 пайызга кымбаттаган. Бирок анын курсу кескин түшүп кеткен учурлар да болгон. Бишкектик экономист Искендер Шаршеев биткоин тууралуу мындайча түшүндүрмө берди:

- Криптовалютаны шифрдин, коддун жардамы менен жасалган электрондук акча деп айтсак болот. Ал системаны бирөө-жарым башкарбайт. Интернет аркылуу аны колдонгон ар бир адам өзү анын кожоюну болот. Криптоакчанын программасын компьютерине же телефонуна жүктөгөн соң ар бир киши өзү анын администратору катары иштейт. Ошондуктан аны бир да өкмөт, бир да мекеме же топ көзөмөлдөй албайт. Ал эркин акча деп эсептелет, анын криптошифрин эч бир программист сындыра элек.

Электрондук акчанын артыкчылыгы акча которууда дээрлик комиссиялык акы алынбайт. Ошондой эле кайсы бир банктын кызматына көз каранды болуу, ага төлөө же күтүү деген болбойт. Андан тышкары интернет-соодасында жана виртуалдык рынокто кеңири жүгүртүлөт. Искендер Шаршеевдин айтымында, биткоинди колдонуунун да өз тобокелчиликтери бар.

- Криптовалютанын эч кандай кепилдиги жок. Анткени аны көзөмөлдөп, жооп берген эч ким болбойт. Мисалы, нак акчаңызды же капчыгыңызды жоготуп алсаңыз, эч ким аларды таап берем деп кепилдик бербейт да. Биткоиндин да так ошондой эле тобокелчиликтери бар. Биткоиндин дагы бир жаман жери - чайкоочулар анын курсун учурда өйдө-ылдый кылып, ойнотуп жатышат.

Дүйнөдө биткоинди арам акчаны адалдоого, курал-жарак, маңзат соодасында колдонот деген пикирлер да бар. Биткоинди колдонууга Исландия тыюу салса, Кытай бийликтери ар бир биткоин-транзакцияны тыкыр көзөмөлгө алган. Орусиянын айрым интернет-дүкөндөрү гана биткоинди кабыл алат. Кыргызстандын Улуттук банкы ага азырынча тыюу салбаганы менен чочулоосун билдирип, эскертүү жасады. Деген менен криптовалюта келечектин акчасы деп да сыпатталууда.

XS
SM
MD
LG