Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Өнүктүрүү фондунун 900 миллион сому жоголгон


18-январда парламенттеги Бюджет жана финансы комитети өткөн жылкы бюджеттин аткарылышы жана келерки жылдын долбоорун карай баштады. Эсеп палатасы, Улуттук банк, Экономикалык тескөө, Каржы министрликтери депутаттар алдында маалымат бере башташты.

Тартыштык да, сарптоолор да арбын

Элде да, депутаттарда да 2010-жылы бюджеттик тартыштыктын кескин өсүп кетиши жана быйылкы жылы абал кандай болоору боюнча суроолор арбын. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бул маселелер боюнча 18-январда бир катар министрлик, мекемелердин жетекчилеринин маалыматтарын укту.

Өткөн бюджеттик жыл 17 млрд сомго жакын тартыштык менен аяктаганы маалым. Мындай тартыштыкка карабай өкмөт ал жылы 5 млрд. 200 млн. сом сатып алууларга жумшалган.

Коммуналдык чыгашалар энергетика жана жылуулукка баалар ордуна келтирилгенге карабай 500 млн. сомго көп болгон. Мындай маалыматты Эсеп палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов депутаттарга берип, бирок өткөн жылдын бюджети боюнча толук анализ апрель айларына болоорун билдирди.

Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик сатып алуулар үчүн бөлүнгөн каражатка эмне сатып алынганын тактап чыгуу зарылдыгына токтолду.

Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев быйылкы жылдын экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду. Анын эсеби боюнча, быйылкы жылы ички дүң продукциянын номиналдык көлөмү 238 млрд. 300 млн. сомго жетип, бул өткөн жылга салыштырмалуу 5.8% өсүштү билдирет. Инфляция 7.2% ашуун болоорун Учкун Ташбаев мындайча белгиледи:

- Инфляция биздин оюбузча 7.2%дан 9.5% чегинде болот. Ал эми сомдун алмашуу курсу 1 АКШ доллары 46 сом 60 тыйын деп каралган.

2010-жылы болсо инфляция божомолдон ашып, 19% өтүп кеткен.

Маалыматка караганда, өкмөт 19-январда экономикалык саясат боюнча жыйын өткөрүүнү белгилеп жатат. Мына ошондо быйылкы жылдын бюджетине өзгөртүү жана кошумчалар киргизилүүсү күтүлүүдө. Быйылкы жылдын бюджет долбоору кирешеси 61 млрд. 100 миллион сом, чыгашасы 79 млрд. 700 млн. сом, тартыштыгы 18 млрд. 600 млн. сом менен парламентке сунушталган.

"АУБдун" алганы айкын болууда

Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында көтөрүлгөн чуулгандуу маселе бул “АзиаУниверсалбанк” аркылуу Социалдык фонддун 1 млрд. 600 млн. сомго жакын акчасын, мурунку Өнүктүрүү фондунун 900 млн. сомунун чыгарылып кетиши болду. Улуттук банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева бул маселе боюнча материалдар Башкы прокуратурага берилгенин айтып чыкты.

Комитеттин төрагасы Жапаров Өнүктүрүү фондунун жана Социалдык фонддун акчалары качан жана кандай шартта чыгарылып кеткенин жазуу түрүндө тактап берүүнү сурап, буларга токтолду:

- Өнүгүү фондунун сиз айткандай 900 млн сому, Социалдык фонддун 1 млрд 600 млн. сомго жакын акчасы бүгүнкү күнү жок. Бирок мындан сырткары “АУБда” биздин жарандардын да акчалары болгон. Юридикалык тарап катары чарба жүргүзгөн субьекттердин акчалары болгон. Мындан тышкары АУБ валюталык операциялардын баарын өзүнө ыйгарып алган. Ошонун эсебинен микрокредиттик компаниялар канча чыгаша тартты? Ушунун баарын сиз талдап, маалыматты бизге берип койсоңуз.

Кыргызстан экономикасындагы дагы бир терс көрүнүш - тышкы соодадагы экспорт менен импорттун ортосундагы чоң айырма. Маселен, өткөн жылы тышкы сооданын жалпы көлөмү 4 млрд. 269 млн. долларга жетип, анын ичинен импорт 3 млрд. 18 млн. доллар, экспорт болгону 1 млрд. 251 млн. долларга жеткен. Ортодогу тескери сальдо 1 млрд. 767 млн. долларга болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет жыйынында ачыктады.

Жаратылыш ресурстары министри Замир Эсенаманов болсо, Кыргызстандын кендеринин жалпы баасы 500 млрд. долларды түзөөрүн айтуу менен 1997-жылы кабыл алынган “Кен байлыктар жөнүндөгү” мыйзам мамлекеттин кызыкчылыгына иштебей жатат, ошондуктан аны өзгөртүү сунушталарын билдирди.

Ошентип парламент комитеттеринде 2010-жылдын бюджетинин аткарылышы, быйылкы жылдын бюджети боюнча талкуулар башталууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG