Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Жарандардын демилгелүү тобу “Кумтөр” алтын кен долбоорунун ишмердүүлүгүн талдап, анын Кыргызстан үчүн натыйжалуулугу боюнча маселени элдик курултайда көтөрүүнү көздөп жатат.

Өткөн он беш жыл ичинде “Кумтөр” алтын кенинен Кыргызстан 750 миллион доллар өлчөмүндө пайда көргөн. Демилгелүү топтун маалыматы боюнча, бул көрсөткүч канадалык тарап тапкан пайдадан бир кыйла төмөн. Анткени "Кумтөрдөн" болжол менен жылына он беш тоннага жакын алтын өндүрүлүп жаткандыгы белгиленген.

1992-жылкы макулдашуу долбоорунда Кыргызстандын алтын кенди иштетүүдөгү үлүшү 67 пайызды түзгөн болсо, ал 2003-жылга карата 13 пайызга чейин түшкөн. Кийин өз ара сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында аталган үлүш 33 пайызга кайра көтөрүлгөн.

Демилгелүү топтун өкүлү Жекшенбек Шамыралиев “Кумтөр” маселеси боюнча элдик курултай чакырыла тургандыгын белгиледи:

- Таластан, Нарындан, Оштон, Чүй, Баткенден бери өкүлдөр курултайга чакырылып жатат. Бул жерде бир гана маселе элдин алдына коюлат. Ал: “Кумтөр” кандай иштеди, пайдасын кимдер көрдү, эми анын тагдырын кандай кылып чечебиз деген суроолор. Биз өкмөттүн жообун күтөбүз. Азыр биздин кызуу кандуу жигиттер "жол тосуп кыйналыштын кереги жок, “Кумтөргө” барып эле ал жактагыларды кубалап чыгабыз" деп айтууда. Биз токтотуп турабыз, каракчылык болбосун деген ниетте. Мына эки жыл мурун Угандада ыңкылап болду. Алардыкын да уурдап, талап-тоноп жатышкан экен. Бардыгын кубалап чыгып, элдин кызыкчылыгына төп келген келишим менен келген чет элдик компанияларды гана киргизишти.

Көздү кызарткан кен

“Кумтөр” алтын кенин алгач канадалык “Камеко” корпорациясы иштетип баштаса, кийин анын акциясы толугу менен “Центерра Голд” компаниясына сатылгандыгы жазылып жүрөт. Бирок демилгечи топтун өкүлдөрү “Кумтөргө” ири инвестиция киргизилбегендигин белгилешип, ага Кыргызстандын өкмөтү алган насыя каражат гана жумшалгандыгын мисал келтиришет.

Коомдук көзөмөл кеңештин өкүлү Жаныбек Толкунов мындай шартта баштапкы макулдашуу боюнча “Кумтөр оперейтинг” компаниясы Кыргызстандын карамагына толук өткөрүлүп берилиши керек деп эсептейт:

- 2004-жылы эле "Кумтөрдү" иштетүү боюнча алынган насыялар төлөнүп бүткөн. 2007-жылдын аягы 2008-жылдын башында канадалык тарап “Кумтөр оперейтинг” компаниясын толугу менен Кыргызстанга өткөрүп бериши керек болчу. Бирок андай болгон жок. Анткени алар алтындын маңызын казып кетүүгө кызыгып жатышат. Ошон үчүн жанагы жер алдындагы иштерди жүргүзүүгө шашылыш каражат жумшашты. Алтын өндүрүү көбөйдү. Мен он эки жыл ал жакта иштегем. Биздин балдар айткан маалымат боюнча, күнүнө эки жүз элүү, үч жүз килограммга жакын алтын өндүрүлүп жатыптыр. Бирок кожоюндары расмий документтеринде 40-50 килограмм деп көргөзүшүүдө.

Анткен менен “Кумтөр оперейтинг” компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башкы жетекчиси Сергей Дедюхин демилгелүү топтун алтын кен долбоору боюнча маалыматтарын чындыкка жакындашпайт деп эсептейт. Анын айтымында, “Кумтөрдөн” өндүрүлгөн алтындын ар бири граммы кыргыз өкмөтүнүн көзөмөлү аркылуу өтөт:

- Биз ар бир кварталда канча алтын өндүрүлсө, ошонун бардыгын “Кыргыз алтынга” өткөрүп беребиз. Ал жактан аффинаждан өткөрүлгөндөн кийин гана даяр болгон алтын сыртка экспортко жөнөтүлөт. Бул жерде “Кумтөр оперейтинг” компаниясы өндүрүлгөн алтынды өзү каалагандай сатууга же бир нерсеге жумшоого акысы жок.

“Чайкалган” алтын, “чайпалган” саясат

“Кумтөр” алтын кен долбоорунун ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси буга чейин да бир нече ирет көтөрүлүп келген. Бирок көтөрүлгөн экологиялык көйгөйлөр жана жергиликтүү жумушчулардын эмгек укугу сыяктуу маселелер кайра эле ордунан жылбай калган учурлар катталып келет.

Анткен менен жергиликтүү талдоочу Эсенгул Өмүралиев "Кумтөр" алтын долбоорунун саясий чайкоочулукка айланган учурларын белгиледи:

- “Кумтөрдүн” айланасындагы саясий оюндар ал долбоор ишке киришкен күндөн тарта келе жатат. Маал-маалы менен анын ишмердүүлүгүн текшериш керек деп ар кандай саясий күчтөр чыгып калат. Бирок айрым учурда доомат коюуга татый турган жагдайлар да болбой койбойт. Анткен менен ал көтөрүлгөн маселелер кайсы бир кызыкчылыктарды чагылдырып турган учурлар аз эмес.

Бир катар бейөкмөт уюмдардан жана коомдук бирикмелерден турган жарандардын демилгелүү тобу Кыргызстандын өкмөтүнө койулган талаптар аткарылбаса, анда “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси кабыргасынан койула тургандыгын эскертти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG