Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Кыргызстанда учурда аркар-кулжанын болжолдуу саны 20 миңге жакын. Ага аңчылык кылууга уруксат берилген. Бул жаныбар дүйнөдө Марко Поло деген ат менен белгилүү.

Бирок мергенчилик жаатындагы чар-жайыттык алардын санынын азайышына алып келиши мүмкүн экендигин адистер белгилешүүдө. Кулжага аңчылык кылуунун баасы бүгүнкү күндө өтө кымбат.

Кулжа кайберендин эркеги, аркар ургаачысы. Кулжа мүйүздүү болгондуктан, аңчылар аны атканга көбүрөөк кызыгышат.

Кайберенге аңчылык капчыктуунун ышкысы

Кулжа атуу элиталык аңчылык катары саналат. Андыктан Кыргызстанга чет өлкөдөн келип, мергенчилик кылгандар аз эмес. Чет элдиктер аркар-кулжанын улам картаңын же мүйүзүнүн мүмкүн болушунча узунун жана адырлуусун атканга аракет кылышат. Кыргызстандагы кулжалардын адырлуу мүйүзүнүн узундугу 1,5 метрге чейин жетет. Бирок мындай мүйүздүү кулжалар жылдан жылга азайып баратат.

Нарын облусунун Мергенчилер жана балыкчылар союзунун төрагасы Черикчи Дүйшө уулу чет өлкөдө кулжанын куну эмне үчүн жогору бааланарын мындайча айтып берди:

- Чет өлкөдө атайын клубдар бар. Аларда абдан кымбат баалуу көргөзмөлөр уюштурулат. Ар бир мергенчи “мен дүйнөнү кыдырып, ушунун баарын атып келдим” деп, атып келгендерин ал жерге койот. Анткени алар аңчылыкты хобби кылып алышкан. Ар бир эле киши аңчылыкка келе бербейт. Ошол сыяктуу клубдардын мүчөлөрү келет.

Мергенчинин айтымында, Кыргызданды учурда аркар-кулжанын үч түрү байырлайт жана анын болжолдуу саны 18-20 миң. "Баасынын кымбаттыгынанбы же бизде анчейин бааланбагандыктанбы жергиликтүү мергенчилердин кулжа атуу ышкысы жок”,- деди Черикчи Дүйшө уулу:

- Бизде эмне, бир эмес экини атса деле, башын кесип ыргытып, этин эле алат. А булар болсо терисин башынан бөлбөй, өздөрүнүн ыкмасы менен абдан тыкан сойдуруп алып кетишет. Бизге Америка, Германия, Венгрия, Австралия жана Канададан аңчылар келет.

Кулжанын баасы неге арзандады?

Деген менен Кыргызстанда аркар-кулжа атуунун баасы кошуна Тажикстанга салыштырганда дээрлик эки эсе арзан. Аңчылык департаментинин бөлүм башчысы Талантбек Турдуматовдун айтымында, кулжа атам деп келген чет элдик турист мамлекетке 5 миң доллар уруксат алыш үчүн төлөсө, ал эми жалпы кетирген чыгымы 20 миң долларга жетиши мүмкүн.

- Тажикстанда бир кулжа атууга лицензия алуу үчүн өкмөткө 9 миң доллар төлөйт. Бизде 250 миң сом, доллар менен 5 миң болот. Бул лицензия үчүн мамлекетке төлөгөнү. Андан тышкары, туристти тоого алып барып жаткыруу, документтерин даярдоо, тамак-ашы, унаасы бар. Ошентип, бир кулжа атам деп келген турист анын баарын кошкондо 20 миң долларга жакын акча төлөйт. Тажикстанда болсо жалпы сумма 35 миң доллар чыгат.

Ал эми Монголияда бир кулжа атуунун баасы 50 миң долларды чапчыйт. Бирок Кыргызстанга келген ар бир эле чет элдик аңчы кулжа атып кетет деп айтуу да туура эмес. Ар кандай жагдайлардан жолу болбогон аңчылар да көп. Мындай учурда чет элдик аңчы лицензиядан башка чыгымдарды гана төлөйт. Айталы, 2012-2013-жылдагы аңчылык сезонунда 700дөй чет элдик аңчы келип, 80дей кулжа атылган.

Кыргызстанда уруксат берилген аңчылык аянттар 15 млн. гектар жерди ээлейт. Анын 6 млн. гектары жеке менчик аңчылык чарбаларга берилген. Өлкөдө жеке аңчылык чарбалардын саны 70тен ашат. Ошол эле Тажикстанда төрт гана чарба иштейт. Талантбек Турдуматов фирмалардын санынын көбөйүшү аркар-кулжа баасын төмөндөтүп жатканын минтип белгиледи:

- Жеке аңчылык фирма ачабыз десе эле мергенчилик аянттардын баарын берип отурушуп, фирмалардын саны абдан көбөйүп кеткен. 70 фирма деген Кыргызстан үчүн абдан көп. Анын 50дөйү Ысык-Көл менен Нарында. Фирмалар көбөйгөн сайын бири-бирине атаандашып, кызматтарын арзандаткандан улам кулжанын баасы да түшүп жатат. Экинчи жагынан канчалык көп атылган сайын картаңдары азайып, мүйүздөрү кичинекей жаштары калып, баалары да арзандап жатат.

Мыйзамсыз аңчылык күчөдү

Ошол эле кезде Кыргызстанда мыйзамсыз аңчылыкка да тыюу салынбай келатат. Аңчылык департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча жетекчиси Төлөгөн Үсөнбаевдин айтышынча, кызыл китепке кирген жаныбарларды да аткандар кездешет.

- Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында бир кылмыш иш бар. Ал боюнча келтирилген зыяндын жалпы суммасы 385 миң сом. Ал жети баш текени мыйзамсыз атып кармалган. Текенин ар бир башы үчүн айып пул 55 миң сом деп каралган. Мындан тышкары, Түп районунун Сырт өрөөнүндө бир бугу мыйзамсыз атылган. Андан келтирилген зыян 400 миң сом деп, айып пул салынган. Бугу кызыл китепке кирген жаныбар, аны атууга такыр уруксат жок. Андан тышкары, айрым ИИМдин кызматкерлери, УКМКнын балдары өздөрүнүн кызмат абалынан кыянат пайдаланган учурлар кездешет.

Кыргызстанда кызыл китепке кирип, атууга тыюу салынган жаныбарлардын түрү он эки. Аңчылык департаментинин бөлүм башчысы Талантбек Турдуматов аларды аткандарга салынуучу айып пулду санап берди:

- Биринчи эле бизде кызыл китепке кирген жаныбар - бул ак илбирс. Андан кийин аюу, марал, суур (межура), кызыл карышкыр, мадыл жапайы мышыгы, сүлөөсүн жана башка бир топ жаныбарлар турат. Ак илбирсти аткандарга 500 миң сом, калгандарына 400 миң сом айып пул салынат.

Кыргызстанда аңчылыкты жөнгө салган өзүнчө мыйзам буга чейин болгон эмес. 29-январда Жогорку Кеңеш биринчи жолу “Аң улоо жана мергенчилик чарбасы жөнүндөгү” мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзамдын демилгечиси “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Эсенгул Исаков.

70 фирма деген Кыргызстан үчүн абдан көп. Анын 50дөйү Ысык-Көл менен Нарында. Фирмалар көбөйгөн сайын бири-бирине атаандашып, кызматтарын арзандаткандан улам кулжанын баасы да түшүп жатат.
Мыйзамды талкуулоо учурунда сейрек кездешүүчү жаныбарларды атууга мораторий жарыялоо демилгеси да көтөрүлдү. “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев аң уулагандар үчүн айрым куралдарды көтөрүүгө тыюу салыш керек деген пикирде:

- Илгери чоң жаныбарларга, мисалы аюуларга чыпетме сыяктуу мылтыктар менен аңчылык кылса, азыр алыстан алуучу карабиндер менен чыгып жүрүшөт. Балким ушундай куралдарга да тыюу салабыз. Же болбосо такыр эле аңчылыкка мораторий жарыялаш керек.

Өлкө боюнча 74 аңчылык чарба бар болсо, каттоого алынган жергиликтүү мергенчилердин саны 20 миңге чукул. 2011-жылы аңчылык тармагынан мамлекетке 28 млн. сом киреше түшкөн. Мындан улам адистер Кыргызстанда аңчылык туризми аз-аздап өнүгүп баратканын белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG