Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:58

Кытайга алтын кошулмасын ташыгандар кармалды


 Дароот-Коргон айылынын тургундары былтыр алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүү талабы менен чыгышкан. 11-август, 2011.
Дароот-Коргон айылынын тургундары былтыр алтын кен иштетүүчү кытайлык “Интербизнес Кайди” компаниясынын өндүрүшүн текшерүү талабы менен чыгышкан. 11-август, 2011.

Чоң-Алайда алтын кенин чалгындагандар ири көлөмдөгү алтын кошулмасын Кытайга чыгарып жаткан жеринен кармалды.

Чек араны көздөй бет алып бараткан кытайлык "Кайди" компаниясына таандык чоң машинелердин үчөөн жергиликтүү калктын өкүлдөрү кармап, укук коргоо органдарына тапшырган. Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков алар геологиялык экспертизага жөнөтүлгөн алтын кошулмасын кармап, түшүнбөстүк кылышкандыгын айтып, бул боюнча териштирүү иштери жүрө турганын билдирди.

Жергиликтүү калктын жигери

Онунчу августтан он бирине оогон түнү, саат бир жарым-экилерде Чоң-Алай районунун борбору Дароот-Коргон айылына жакын жерден алтын кошулмалары бар кен тектери жүктөлгөн үч унаа кармалган. Куйрук улаш алдыда келаткан автоунааларынын калган алтоо карматпай качып кетүүгө үлгүргөн.

Териштире келгенде кармалган жүк Чак жана Алтын-Мазар өрөөндөрүндө кен чалгындаган кытайлык “Кайди” компаниясына таандык болуп чыккан. Аткезчилик менен алынып бараткан деп шектелген ал жүктү Дароот-Коргондун жергиликтүү тургундарынан куралган атайын топ кармаган. Жүгү райондук акимчиликтин алдына төгүлүп, бошотулган машинелер жергиликтүү мечиттин жана райондук милициянын короосуна киргизилген.

Дароот-Коргон айылынын тургуну Санабар Сайпидинова ири көлөмдөгү алтын кошулмасын Кытайга чыгарып кетүүгө бийликтин жогорку эшелонундагы аткаминерлер кызыкдар деп түкшүмөлдөйт:

- Эгерде мыйзамдуу иштешсе, анда эмнеге түн жамынып, ууру мышыктай алтын кошулмаларын ташып, аны элден жашырып Кытайга чыгарып жатышат. Бул жерде кенди иштетүүчү фабрикасы тургандан кийин аны Кытайга ташып баруунун зарылдыгы бар беле? Жок. Алар биздин жогорку бийликтеги адамдар менен сүйлөшүп алып, кендин тектерин текшеребиз деп шылтоо кылып, биздин алтынды ташып, каалагандай пайда көрүп жатышат. Алар канча жылдан бери мына ушундай жол менен алтынды ачабыз деп койуп иштеп келе жатат. Бул жерде мурдагы бийликтер аралашса, азыр жаңы бийликтин өкүлдөрү калкалап, ошондон пайда көрүп жатышканы сокурга деле көрүнүп турбайбы. Андай эмес экендигин кыйын болсо элге келип далилдеп беришсинчи? Булар бизди түшүнбөйт деп ойлойт окшойт. Азыр элдин көзү бир кыйла ачылып калган.

Кармалган жүк аткезчилик жол менен алынып баратканбы же жокпу, ага азырынча жергиликтүү укук коргоо органдары укуктук баасын берише элек. Май айында прокуратура башка бир кытайлык компания Чоң-Алайдагы алтын кенинин биринен 3400 тонна алтын кошулмасын ташып чыгып кеткендиги боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Ага геология агенттигинде жана каржы министрлигинде иштеген үч аткаминердин катышы бар экендиги айтылган.

Облустук бийликтин ою башка

Бул жолу жергиликтүү калктын күчү менен кармалып калган жүктүн мыйзамдуулугун эми атайын комиссия териштире турган болду. Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков азырынча алтын кошулмасы аткезчилик жол менен ташылып бараткан деп айтууга негиз жок деп эсептейт:

- Бул жерде уурулук болду дегенге болбойт. Мында бир түшүнбөстүктүн айынан жергиликтүү эл менен кичине талаш-тартыш болуп жатат. Биз мына ушул маселени жөнгө салуу үчүн атайын комиссия түзүп жөнөтүп жатабыз. Алар барып териштирип, сүйлөшүү жолу менен жергиликтүү элди тынчтандырып келет.

Райондук милиция учурда жергиликтүү калктын өкүлдөрү кармап, акимчиликтин алдына төгүлгөн алтын кошулмасы бар кен тектерин кайра жүктөп, заводдун өзүнө кайтарып берди. Кытайлык компанияда иштегендердин коопсуздугу күчөтүлүп, заводдун аймагы кайтарууга алынууда.

Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Калбердиев жергиликтүү калк кытайлык компаниянын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө үч күн мөөнөт бергендигин белгиледи:

- “Кайди” компаниясы тарабынан мыйзам бузуучулук болуп, алтын кошулмасын түнү мене алып чыгууга аракеттенишкендиги жергиликтүү калктын кыжырына тийиптир. Биз эл менен сүйлөштүк. Төгүлгөн алтын кен тектерин кайра жүктөп, заводдун короосуна жөнөттүк. Эл азыркы учурда кытайлык компания кен казууну токтотуп, үч күндүн ичинде чыгып кетсин деген талап койду. Райондогу абал тынч. Мыйзам бузуу же кандайдыр бир бейбашчылык катталган жок.

Бажы мыйзамдары аз өлчөмдөгү гана алтын кошулмасы бар кен тектерин геологиялык экспертизага жөнөтүүгө уруксат берет. Бирок кен чалгындоочу компаниянын лабороториялык жабдуулары болгон учурда ага жол берилбейт. Адистер “алтын кен тектери Кытайдан текшерилиш керек” деген шылтоо менен кытайлык компаниялар менен биргеликте бийликтеги үлкөн аткаминерлер курамы күчтүү кошулмаларды чыгарып кетип жаткандыгын айтып, коңгуроо кагышууда.
XS
SM
MD
LG