Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:48

Кыргызстандык тигүүчүлөр “Мадина” базарында сатылып жаткан кездеме, жип-шуу, топчу жана башка керектүү буюмдардын баасы бир нече эселеп кымбаттап кеткенине нааразы болушууда.

Алар Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кире электе алып келинген товар баасынын асмандап кетишин жалаң пайданы көздөгөндөрдүн аракети катары сыпатташууда. Расмий маалыматтарга ынансак, сырттан келген товарлар орто эсеп менен алты эсеге кымбатка түшүүдө.

Бишкектеги негизинен кездеме жана жип-шуу, топчу сыяктуу тикмечиликке керектүү буюмдарды саткан “Мадина” базарына эки-үч күндөн бери тигүүчүлөр топтолуп, товарлардын кымбаттап кеткенине нааразылыгын билдиришүүдө. Алар Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирер замат соодагерлер мурда ташылып келинген товарларды кымбат баада сатып жатышы мыйзамсыз экенин, бул ишке “Мадина” базарынын жетекчилиги аралашканын айтышууда.

Жеке ишкер Мария Асаматованын белгилешинче, Кытайдан алынып келген кездеменин 10-15 метрге чейин жетпей калгандары көп. Муну текшерип, көзөмөлгө алуу керек.​

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. 2015-жыл

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. 2015-жыл

- Биримдикке киргенге чейинки эски товардын бардыгына бааны көтөрүшкөн. Материалдар акча төлөнгөнүнө карабай, ар бир оромдон 15 метрге чейин жетпей калып жатат. Акчасын чачканда мурда 250-260тан саткан товар 300дөн чыгып атат. Баа биринчиден, бажы биримдигинен улам көтөрүлсө, экинчиден, жетпей калууда. Үчүнчүдөн, базардын жетекчилери үлүшкө отуруп атат. Биз товарларыбызды сата албай калдык, ишкерлерге булар тоскоол коюп атат. Минте берсе жакында жабылабыз. Орусиянын элин да көрүп келдим. Ал жакта да бизге окшогон кыргыздар иштеп атат, биздин товарларды сата албай жатышат.

“Мадина” базарынын кожоюну Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Турсунтай Салимов. Ал үлүшкө отурду, ошол себептен баалар кымбаттады деген дооматтарды четке кагууда.

- Соодагерлерге барып сурашса, тиги айтты, администрация билет, Турсунтай айтты деп оңой эле мага шылтап коюптур. Мен өзүнчө баа коё тургандай бажы болбосом, кантип коём? Биримдикке киребиз дегенге канча болду? Андан кийин баалар өсө турганын баары билет. Ошого 0,15 долларга көтөрүлдү. Кытайдан башка алып, бул жактан метр менен сатат экен, жетпей калды деген маселелерди жазып алдык. Биз чогулуш өткөрүп, соодагерлерге айтайын деп атам.

Ишкерлер ЕАЭБге киргенден кийин "атамекендик" өндүрүшчүлөргө мамлекеттен колдоо болбой жатышканына да нааразы. Алардын ырасташынча, көп ишканалар кымбаттоону көтөрө албай жабылып калышы ыктымал.

- Келсек, кездемелер бүт кымбаттаган. Эми дагы канча кымбаттайт, биз билбейбиз. Бажы биримдигине киришине каршы эмеспиз, канча коэффициент койгонуна макулбуз. “Мадинада” баага көзөмөл жок чындыгында. Жипти 280 сомдон алып атсак, дароо эле 330га кымбаттады. Пакеттерди 800дөн алсак, азыр 1100 сом болду, - дейт ишкер Гүлсүн Сатимбаева.

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке 12-августтан тарта толук мүчө болду. Биримдиктин шарттарына ылайык, ага мүчө болбогон өлкөлөрдөн алып келинүүчү товарлардын бажы төлөмү мурдагыдан үч-төрт эселеп кымбаттай турганы айтылган. Бирок кайсы товарга канча кошулары так көрсөтүлбөй, ар кайсы базарда ар түрдүү баа болуп жатканына ишкерлер нааразы. Кыргызстандагы Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын башчысы Фархат Төлөгөнов биримдикке киргенден кийинки бааны тактап берүү үчүн тиешелүү органдарга кайрылышканын айтты:

- Азырынча баалар канча болгону белгисиз. Биз Бажы кызматына жана өкмөткө түшүндүрүп бергиле деп кат жазганбыз. Жумушчу топ да түзүлгөн. Алар менен ташып келүүгө, бул жактагы баа кошулуп канча болорун эсептеп жатабыз. 12-августтан тартып мурдагыдай баада келбейт. Бирок алыпсатарлар иштерин токтотушу керек болуп атат.

Бажы кызматынын өкүлү Жалил Осмоновдун айтуусунда, өтө керек делген медицина, айыл чарба шаймандары 2020-жылга чейин жеңилдиктер менен кирет. Калган товарлар, анын ичинде сырттан келген кездеме, шип-шуулар биримдикке киргенден кийин алты эсе кымбаттады:

- Мурунку ставка боюнча кездемелерге ар бир жеке адам үчүн бажы төлөмү 0,35 килограммына төлөнчү. Бүгүнкү күндө ар бир товардын өзүнүн коду бар. Андайлар миңдеп саналат. Ошого карап биримдикке кирген өлкөлөрдө тариф бирдей болот. Мисалы, кездемелер өзүнчө код менен, тигүүчү машиналар бир код менен келет. Ар бирине өзүнчө тариф бар. Болжолдуу алганда аларга тариф алты эсе көтөрүлдү. Ал эми жеңилдетилген товарларга негизинен медициналык жабдуулар кирет. Андан башка айыл чарба техникалары жана жаңы жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар кирет. Алар 2020-жылга чейин акырындап өзүнчө сетка менен кирет.

Быйылкы жылдын башында Кыргызстанда жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү дээрлик эки эсе азайган. Былтыр бул тармакта төмөндөө 17% түзгөн болчу. Кыргыз өкмөтү тигүүчүлүктүн кыскарышы кооптуу көрсөткүч экенин ырастоо менен тим болууда. Ал эми өндүрүштө иштегендердин 38% ушул тармакта.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG