Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Кыргызстан экономикасынын көрсөткүчтөрү Орусия жана Казакстан экономикасына караганда дурус. Стратегиялык өнөктөштөр төмөнгө баратса, Кыргызстан 5% жакын өсүшкө жетишүүдө.

Республика экономикасындагы жана валюта базарындагы көрсөткүчтөр кандай?

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын он айында Кыргызстандын экономикасы 104.8% өсүп, факт жүзүндө 334 млрд. сомго жетти. Кумтөрдү кошпогондо өсүш 104% түзгөн.

Республиканын өнөр жай тармагын да Кумтөр алдыга тартып турат. Кумтөрдү кошпогондо бул тармакта бир топ аянычтуу абал түзүлгөнү байкалат. Маселен, Кыргызстан чоң үмүт арткан текстиль -11%, кийим тигүү дээрлик -25%, ал эми электр энергиясын өндүрүү - 6.3% төмөндөгөн.

Акыркы жылдары эки сандуу көрсөткүч менен өсүп келаткан курулуш тармагы басаңдоодо. Өткөн жылдары 130% чейин өскөн тармак быйылкы жылдын он айында болгону 105,7% өскөн. Ал эми негизги капиталга инвестициянын дээрлик токтоп калганы байкалат. Маселен, 2014-жылы негизги капиталга инвестиция 121% жеткен болсо, быйылкы жылдын он айында 101,6% гана түзгөн.

Бирок быйылкы жылда аба ырайынын жагымдуу болушу менен айыл чарбасында 106,3% өсүшкө алып келди. Түшүмдүн жакшы болушу айыл чарба өнүмдөрүнүн арзан болуп, инфляциянын төмөн болушуна да шарт түздү.

Ошентип, Кыргызстан айыл чарбасы менен кайра иштетүү тармагында дурус көрсөткүчтөр бар. Бирок Евразия экономикалык биримдигинин шартында ун жана жумуртка өндүрүшү оор атаандаштыкка кабылууда.

Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевдун айтуусунда, Евразия экономикалык биримдигине киргенге чейин импорттук унга 3 сом бажы төлөмү коюлган эле. Биримдикке киргенден кийин ал жоюлду. Ошондуктан жергиликтүү ун өндүрүүчүлөр үчүн шарт оорлоду. Республикадагы тоок фабрикалары да ушундай эле абалга туш болду.

Жергиликтүү ун жана жумуртка өндүрүүчүлөргө жардам берүү үчүн кандай чаралар каралып жатканы тууралуу Чодуев буларды айтты:

- Негизинен бул тармактарда кыйынчылык көп. Евразия экономикалык биримдикте негизги ролду сертификат аткарат. Фитосанитардык жана ветеринардык сертификат колуңда болсо эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Ошондуктан биз бул тармактагы маселелерди, кыйынчылыктарды кошумча нарк салыгын алып таштоо менен чечүү багытында иш жүргүзүп жатабыз. Бул жетишсиз болсо керек. Бирок базар шартында бир топ жакшы натыйжа берет болуш керек. Бул багыттарда иштеп жатабыз.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы “Агробизнес” борборунун башчысы Алмаз Дооронов Евразия экономикалык биримдигинин шартында Кыргызстанда буудай себүү азайып, жашылча-жемишке көңүл бурулат дейт. Ал эми кайра иштетүү тармагындагы ишкерлер жаңы жабдуулар, жаңы ыкмалар менен иштөөгө өтпөсө, атаандаштыкка туруштук бербейт деген Дооронов буларга токтолду:

- Чын эле жумуртка өндүрүшүнө оор болуп атат. Себеби Орусия, өзгөчө Беларустан келген жумуртка биздикине караганда өтө арзан болуп атат. Эмне себебинен андай болуп жатканын түшүнбөй атабыз. Аяктан өндүрүп, бул жакка ташып келгенче кымбат болуш керек эле. Бирок...

Валюта базарындагы оош-кыйыштар...

Кошуна мамлекеттердеги кризис жана улуттук валюта сомдун олку-солку болушу тышкы сооданын кыскарышына алып келүүдө. Он айда республиканын экспорту 1 млрд. 37 млн. долларды түзсө, импорт 3 млрд. 122 млн. долларга жеткен. Бул өткөн жылга салыштырмалуу экспорт 5.3%, импорт 21.8% төмөндөгөнүн билдирет. Экспорттун структурасында алтын 50% түзөт. Ошондуктан алтынды кошпогондо республиканын экспорту 25% төмөндөгөн.

Тышкы соодадагы мына ушул тескери баланс улуттук валюта сомдун туруктуулугуна таасирин тийгизүүдө. Өткөн жумадан бери Кыргызстандын валюта базарында доллардын курсу көтөрүлүп, сомго басым күчөдү. Бир доллардын алмашуусу 70 сомдон ашып, Улуттук банк интервенция жасоого аргасыз болууда. Өткөн жумада Улуттук банк 21 млн. 750 миң доллар сатты. Мына ошондон кийин да доллардын курсу ордуна кайтпай, 12-ноябрда сатуудагы баасы 72 сомдон ашып кетти.

Экономика жана финансы маселелери боюнча эксперт Умбриэл Темиралиевдин пикиринде, тышкы сооданын төмөндөшү бажы төлөмдөрүнүн, салыктын азайышына алып келет. Бул өз кезегинде бюджетти аткарууда оорчулук жаратат. Бирок бул абалдан тез арада чыгуу кыйын. Анткени өндүрүштү көбөйтүү, өндүрүлгөн товарларды жаңы базарларга алып чыгып сатуу сыяктуу иштер аткарылышы керек. Буларды иштөөгө өкмөт бүгүн киришкени менен, анын жемиши бери дегенде эки-үч жылда тие баштайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG