Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ветеринардык жана фитосанитардык талаптар күчөдү. Кыргызстанга карата биримдиктин ветеринардык чектөөлөрү алына элек. Аны алуу боюнча кандай иштер жүрүүдө, жалпы эле республикада эпизоотиялык абал кандай? Мына ушул жана башка суроолорго Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов жооп берет.

“Азаттык”: Биримдиктин базарына чыгуу үчүн фитосанитардык көзөмөл алынды. Бул тармакта маселе жок дегенди билдиреби?

Калыс Жумаканов: Ооба, бул ошондой.

“Азаттык”: Ветеринардык көзөмөл алына элек. Өнөктөштөр кайсы маселелерге көңүл бурууда?

Калыс Жумаканов: Эми Евразия экономикалык биримдигине кирген Орусия, Казакстан талаптарды коюп жатат. Бул талаптар өзүбүздө маселе жаратып келаткан нерселерден чыккан. Биринчиден, эпизоотиялык абалдын туруктуу эместиги. Экинчиден, ветеринардык жана санитардык көзөмөл системасынын бизде аталган өлкөлөргө салыштырмалуу начардыгы. Орусия менен Казакстан экономикалык биримдикти кура баштагандан бери бир топ жыл өттү да. Бул мезгилде алар эл аралык норма, талаптарга жакындашты. Мисалы, Кытайдан бир эт келе турган болсо, ал кайдан келет, кайсы кампада сакталат, кайсы дүкөн же базарда сатылары электрондук система аркылуу көзөмөлдө турат. Бизде андай көзөмөл системасы жок. Мисалы, Ат-Башыдан бир эт чыкса, анын коопсуздугуна кайсы ветеринардык дарыгер кепилдик берет? Ал мал жакшы бордолгон, эч кандай дары куюлган эмес деп. Ал эт Бишкекке келип кайсы базарга, кайсы дүкөнгө чыкканы электрондук программа менен көзөмөлдөнүшү керек. Ал эттин коопсуздугуна бир ветеринардык дарыгер жооп берүүгө тийиш. Бирок ал бизде түзүлө элек.

“Азаттык”: Калысбек мырза, биз андай деңгээлге качан жетишебиз?

Калыс Жумаканов: Бул үчүн ветеринардык системага чоң реформа жасалышы керек. Мисалы үчүн бизде баары жеке ветеринарларга тапшырылган. Ал эми Орусия жана Казакстанда мамлекеттик ветеринарлар менен камсыздалган. Ошончо ветеринарларды күтүп, камсыздап, айлык акы берүүдө. Союз тарап атканда бизде 8 миң 800 ветеринардык дарыгер бар экен. Азыр болгону 1500дөй ветеринар бар. Булардын көпчүлүгү жеке өзүнө иштейт. Мисалы, Ысык-Ата районунда 64 айыл бар экен. Ал жердеги жети мамлекеттик малдогдур баарын тейлей албайт. Ошондуктан биз жеке ветеринарларга баарын өткөрүп беришибиз керек. Анүчүн алардын базасын түзүп, билимин жогорулатуу үчүн тынымсыз билим берүү системасын киргизүү зарыл. Жеке ветеринарлар жоопкерчиликти алып иштеши керек. Ар бир райондо, айылда, пункттарда сатыла турган жерлерде компьютерлерди киргизип, ошолордун баарын системалаштырып, өнөктөрүбүзгө көрсөтүү керек. Бизде дагы мына ушундай система бар деп.

“Азаттык”: Калысбек мырза, Кыргызстанда өткөн жылдардагыдай мал ылаңы көп эместей. Дарылап үйрөндүкпү же эпидемия учуру өттүбү?

Калыс Жумаканов: Бизде чындыгында акча каражаты аз бөлүнөт. Мал ээлери да түшүнүшү керек жаңы реформаларга баратканыбызды. Мыйзам актыларын жаңылайбыз. Идентификация деген бизде маселе турат. Ар бир мал идентификациядан өтүшү керек. Ошондо мына бул эт, сүт идентификациядан өткөн малдын продукциясы деп көрсөтүшүбүз керек. Мал ээлери да бул жерде активдүү болууга тийиш. Ветеринардык жана мамлекеттик кызматтар менен тыгыз иштөөнү бекемдөө шарт. Мал ээлери жөн эле базарга алып чыгып сатып жибербей, жоопкерчиликти да сезиши керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG