Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Быйыл сентябрь айынан баштап Кеминдеги “Талды-Булак Cол жээк” кенинен алтын өндүрүлө баштайт. Кенди кыргыз-кытай "Алтынкен" компаниясы ишеттүүдө.

Бул тууралуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев парламенттин КСДП фракциясында “Алтынкен” ишканасынын айланасындагы көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча маалымат берүү учурунда билдирди. Фракция жыйынында “Алтынкенде” иштеген жумушчулардын эмгек укуктарынын сакталбай жатышы, салык жана социалдык төлөмдөр чегерилбей калган фактылар боюнча маселе көтөрүлдү. Өкмөт мүчөлөрү мындан эки жыл илгери жергиликтүү калк менен кытайлык компаниянын ортосунда чыккан чатакка себеп болгон ал көйгөйлөр учурда жөнгө салынганын билдиришти.

Пайдага чечилген чатак

Тайырбек Сарпашев Кеминдин Орловка шаарчасында курулуп жаткан алтын комбинатынын жана калдык сактоочу жайлардын курулушу аяктап калганын белгиледи. Сентябрь айынан баштап өндүрүш ишке берилсе “Талды-Булак Сол жээк” кенинен жылына үч тоннадан ашуун алтын казыла баштайт. Макулдашууга ылайык, алтын комбинатын курууга Кыргызстан менен Кытай тараптан жумушчулар саны элүү-элүү пайыздан болууга тийиш эле. Бирок компания ал талапты аткарбай келген. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2012-жылы чыккан чырдан кийин жумушка кабыл алынган кыргыз жарандарынын саны алтымыш пайызга чыгып, экологияны сактоо боюнча талаптар аткарыла баштаганына токтолду:

- Мамлекет койгон каржылык маселелер, экологияны сактоо жана жумушчуларды кабыл алуу боюнча талаптар аткарылбай калгандан улам ал жерде чоң чыр чыкканы маалым. Ошондуктан анда иштеген Кытай жарандарын эвакуация кылганга чейин барганбыз. Азыр эми жүргүзүлгөн иштин натыйжасында абал бир кыйла турукташты. Сууну тазалоо жана аны атайын борборлоштурулган түтүктөр менен алып чыгып элге зыяны тийбей турган кылчу долбоорлор ишке киришти.

Улуттук мыйзамды урматтабаган компаниялар

“Талды-Булак Сол жээк” кенин иштетип жаткан “Алтынкен” компаниясынын 60% Кытайга, 40% үлүшү Кыргызстанга таандык. Кытайлык компания аталган кенди иштетүү укугун 2011-жылы сатып алган болчу. “Алтынкен” компаниясы комбинаттын курулушуна Кытайдан онго жакын ишкана чакырган. КСДП фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков мына ошол кытайлык компаниялар каттоодон өтпөй, социалдык төлөмдөрдү жана салыкты жашырган фактылар болгонуна токтолду:

- Жаман үйдү коногу бийлет болбош керек. Ошол жерде курулушта иштеген кытайлык компаниялар салык жана Социалдык фонддун төлөмдөрүн төлөбөш үчүн каттоодон өтпөй, качып кеткен фактылар бар экен. Эч кимге отчет беришпейт экен. Анан жанагы казына толбой жатат деген салыкчылар мындайда билмексен болуп калат экен. Бул жерде өтө чоң кемчиликтер болгон.

Тоо кенди томкорчу ишкана жок

“Талды-Булак Сол жээк” кени алтындын запасы боюнча Кыргызстанда “Кумтөрдөн” жана “Жерүйдөн” кийинки үчүнчү орунда турат. Учурунда аны иштетүү укугун сатып алууга бир катар барандуу чет элдик компаниялар катышкан. Бирок аны утуп алган тарап кенди иштетүүнү создуктуруп келген. КСДП фракциясынан депутат Турсунтай Салимов мына ушундай баалуу жер казынасын иштетүү эмнеге жергиликтүү компанияларга берилбегенине кызыкты:

- Мына ушундай жер казынасын иштетүү укугу эмнеге биздин өзүбүздүн компанияларга берилбейт. Ошонун бардыгын иштетип, элибизге пайда алып келе турган компаниялар өсүп жетилип эле калды го. Мына ошондо салыкты төлөбөй койду, жумушчу күчүн сырттан алып келди деген маселе болбойт эле.

“Алтынкен” компаниясынын 60 пайыз үлүшүн казакстандык компаниядан сатып алган кытайлык Zijin корпорациясы “Талды-Булак Сол жээк” кенин иштетүүгө 246 миллион доллар инвестиция салуу боюнча келишимге кол койгон.

Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Кыргызстанда азырынча тоо кен тармагына мына ушундай өлчөмдө инвестиция сала турган ишкана жок экенин белгиледи:

- Бизде мына ошондой компаниялар азырынча жок. Тоо кен тармагын чалгындоого, иштетүүгө оңой эмес каражат жумшалат. Бирок мында биз “Кыргызалтын” ишканасынын ролун жогорулатышыбыз керек. Анын активдерин көбөйтүп, жаңыдан иштетиле турган кендердин чоң үлүшүн берип, чет элден келген инвесторлор менен биргеликте кызматташуусуна шарт түзүү керек. Ошондо гана бизде тоо кен тармагын иштетүүгө жөндөмдүү жергиликтүү компаниялар бутуна тура баштайт.

Жумушчулар арасындагы теңсиздик

Орловкадагы алтын комбинатынын курулушунда учурда бир жарым миңге чукул адам иштейт. Башында курулушчулардын көпчүлүгүн Кытай жарандары түзгөндүктөн жергиликтүү калк мындай мамилеге каршы чыккан. Ошонун айынан эки ортодо чыр чыгып, кытайлык компанияга экологиялык чен-өлчөмдөрдү бузуп жатат деп кине коюлган. Кийин бир нече жолку жолугушуулардан кийин тараптар мунасага келишкен болчу. КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова бирок азыр деле “Алтынкен” ишканасында иштеген жергиликтүү жумушчулардын эмгек укугу басмырланып жатканын белгиледи:

- Кыргызстандын аймагында туруп, андагы биздин жарандардын укугу корголбойт экен. Оор жумуштарга чегерилип, анын айлык акысы дагы туруктуу эмес экен. Аткарган ишине жараша акы төлөнүп, анысы дагы чет элдиктерге караганда аябай эле аз экен. Мына ушул жагдайды иликтеп туруп, биздин улуттук мыйзамдардын негизинде жумушчулардын кызыкчылыгын коргоо маселесин караш керек.

«Алтынкен» компаниясынын башкы директорунун орун басары Умар Изабаев учурда кыргыз жана кытай жарандарынын маянасы теңдештирилгенин белгиледи. Мындан сырткары, «Кемин» өнүктүрүү фонду түзүлүп, "компания ага жылына 1 миллион доллар өлчөмүндө каражат которуп, ал аймактагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө жумшалат» дейт ал. Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев ушундай социалдык колдоого карабастан жергиликтүү калктын талабы жогору болуп жатканын айтты:

- Чынын айтыш керек, алтын иштете турган компания десе эле андагы биздин жергиликтүү калк жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары мыйзамда каралбаган шарттарды коюп жатышат. Андай болбош керек. Азыр жергиликтүү калкка каралган социалдык жеңилдиктерди начар деп айтууга болбойт.

“Талды-Булак Сол жээк” алтын кени 80-жылдары советтик геологдор тарабынан чалгындалып, анда 78 тоннадан ашуун алтын запасы бар экени аныкталган. Бирок геологдор кенди толук чалгындаса анын алтын запасы 100 тоннадан жогору болушу мүмкүн экенин божомолдошкон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG