Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

“Кумтөр” алтын кенинде иштеген жумушчулар 7-февралдан тарта мөөнөтсүз иш таштаганын жарыялады.

Кумтөр алтын кенин иштетүүчү компаниянын 1 400 кызматкери бүгүндөн тарта иш таштады. Республикалык кесиптик кошуундун тоо-металлургия комитетинин башчысы Элдар Тажыбаевдин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул нааразылык акция мөөнөтсүз. Негизги талап - Социалдык фондго 1993-жылдан 2010-жылга чейин төлөнбөй келаткан акчаны берүү же ошонун эсебинен айлыкты көбөйтүү.

Иш таштоо болуп жатканын "Кумтөрдүн" маалымат кызматынын өкүлү Сергей Дедюхин да "Азаттыкка" тастыктады. Анын айтымында, маанилүү участоктордо иш үзгүлтүккө учураган жок. Өндүрүштө коопсуздук сакталууда.


Нааразылыктын себептери

“Кумтөрдүн” жумушчулары маяналарына кошулган тоо коэффициентинин эсебинен социалдык төлөмдөрдү кармап калууга каршы. Аларга бийик тоолуу шартта иштешкендиги үчүн айлыгына кошумча алтымыш пайыз төлөнөт. Жогорудагы чечимге нааразы жумушчулар 28-январда бир күндүк эскертүүчү иш таштоо уюштурушкан. Ошондон бери койулган талапка көңүл бурулбай жаткандыктан эми алар мөөнөтсүз иш таштоо чечимине келишти. Тоо-кен кызматкерлеринин кесиптик кошууну алтын кенде иштеген жумушчулардын кызыкчылыгын коргоп чыкты.

Кесиптик кошуундун төрагасы Элдар Тажибаевдин айтымында, учурда социалдык чегерүүлөрдү компания өзүнүн эсебинен төлөсүн же айлыкты жогорулатсын деген талап койулууда:

- Былтыр социалдык фонд “Кумтөрдү” текшерип, бийик тоолуу шартта иштөө үчүн төлөнгөн кошумча айлык акыдан чегерүүлөр болбогондугун таап чыгыптыр. Жаңы жылдан баштап компаниянын жетекчилиги социалдык чегерүүлөрдү жумушчулардын эсебинен которо баштаптыр. Бул көп жылдан бери бул жагдайды териштирип, өз учурунда төлөп турбаган компаниянын күнөөсү. Ал үчүн эмнеге кайра жумушчулар маңдай тери менен тапкан акчасынан төлөш керек деген маселе койулуп жатат. Ошондуктан компания айлыкты көтөрсүн же мына ошону өзүнүн эсебинен төлөшү керек.

Буга чейин социалдык чегерүүлөр базалык айлык акынын негизинде компаниянын эсебинен жүргүзүлүп келген. Бирок социалдык фонд базалык маянанын эсебинен эмес, тоо коэффициентинин эсебинен он пайыздык чегерүүлөрдү жүргүзүү талабын койгон. Мына ушундай өзгөртүүлөргө байланыштуу аталган төлөмдөрдү жумушчулардын айлык акысынан кармоо чечими кабыл алынган. Учурда компанияда жалпысынан миңге жакын жумушчу эмгектенет.

“Кумтөр” алтын кен компаниясынын өкмөт менен байланыш бөлүмүнүн менеджери Акылбек Дүйшөнбиев жумушчулар мыйзамдын талабын түшүнгүсү келбей жаткандыгына токтолду:

- Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, ар бир иштеген жаран айлыгынын эсебинен социалдык төлөмдөрдү чегерүүгө милдеттүү. Бул бардык эле ишканаларда ошондой. Бирок биздин компания мурда базалык айлыктын эсебинен жалпы төлөмдү жүргүзүп келген. Бизде иштеген жумушчулардын орточо айлыгы 80 миң сом. 2010-жылы 271 миллион, 2011-жылы 457 миллион сом жумушчулардын айлык акысынын эсебинен компания өзү төлөп келген. Мындан ары ар бир жумушчу өзүнүн маянасынын эсебинен төлөөгө тийиш.

Иликтөөдөн жыйынтык жок

Ошол эле кезде социалдык фонд буга чейин эмне себептен бийик тоолуу шартта иштегендиги үчүн жумушчулардын айлыгынан социалдык төлөмдөрдү талап кылбай келгендиги белгисиз. Эки тараптуу макулдашууда да бул тууралуу шарттар каралган эмес.

Жогорку Кеңештин “Республика” фракциясынын депутаты Максат Сабиров “Кумтөрдөгү” буга байланышкан иликтөөнүн жыйынтыгы белгисиз себептерден улам создугуп жаткандыгына токтолду:

- Кармала турган социалдык төлөмдөрдү компания айлыгына кошуп бериши керек. Бул боюнча өкмөт маселе көтөрүш керек деп айтып чыктык. Депутаттык комиссия иликтегенде ушундай кирешелүү компания болгону менен башка чет элдиктерге караганда айрым жергиликтүү жумушчулардын айлык маянасы аз экендиги аныкталган. Бул боюнча иликтеген депутаттык комиссия жыйынтык чыгарыш керек болчу. Бирок сегиз айдан бери анын жыйынтыгынан дайын жок.

Бул боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы Райкан Төлөгөнов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Аталган комиссияга “Кумтөр” алтын кениндеги айлык акыга, экологиялык абалга жана алтын казып алуунун жалпы жагдайына байланышкан бир топ көйгөйлөрдү иликтөө жагы тапшырылган болчу. “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын тоо кен өнөр-жай тармагындагы бирден-бир ири киреше берүүчү ишкана.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG