Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Кумтөр чатагынын кезектеги айлампасы


Кумтөр ишкаансы
Кумтөр ишкаансы

Кумтөр кени боюнча сүйлөшүү жүргүзүү үчүн “Центерра голд инктин” жетекчилиги Бишкекке келди. 19-январда алар өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуу өткөрдү. Кыргыз өкмөтү менен канадалыктар эмне жөнүндө сүйлөштү?

“Центерранын” башчылары Бишкекке 18-январда келген.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев 19-январда “Центерра голд инк.” компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана ишкананын аткаруучу директору Скотт Перрини кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Сариев кыргыз тарап 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жана бул долбоордун алкагында “Центерра голд инк.” компаниясы берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдирди.

Муну менен катар “Центерра Голд Инк.” компаниясынын Директорлор кеңеши компаниянын 4,6 млн. даана акциясына кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечими эң ири акционер болгон Кыргыз Республикасынын кызыкчыгына дал келбей турганын, бул айрым эрежелерди бузуу менен жасалганын эскертти.

“Центерра голд инк” компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перри
“Центерра голд инк” компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перри

Жолугушуу жүрүшүндө “Кумтөр” кенин толук ишке киргизүүнүн 2016-жылга карата планы, кендеги алтын запастарын тактоо зарылчылыгы тууралуу маселелер талкууланып, геологиялык-изилдөө иштерин жер алдындагы жол менен өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле Темир Сариев “Кумтөрдө” иштеген айрым чет элдик адистердин жергиликтүү элдин каада-салтына, маданиятына шек келтирген жүрүш-турушуна жол берилбей турганын да кошумчалады.

“Центерра голд инк.” компаниясынын өкүлдөрү жакында болгон Кумтөрдөгү Майкл Макфит аттуу кызматкердин чучук чуусуна байланыштуу окуясына өкүнүшөрүн жана мындан ары бул сыяктуу нерселер кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлөрүнө убада берди.

Темир Сариев Кумтөр долбоорун ишке ашырууда экономикалык жана экологиялык маселелерди эске алуу менен Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын билдирди.

Тараптар “Кумтөр” кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүз жүрүшүнө кызыкдар экенин жана биргеликте иш алып баруу зарылдыгын билдиришти.

“Центерра голд инк.” компаниясынын аткаруучу директору Скотт Перри бул кызматка өткөн жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин бул кызматты кыргыз өкмөтү менен Кумтөр боюнча далай сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүргөн Ян Аткинсон аткарып келген.

Өкмөт башчысы Темир Сариев Кумтөр боюнча буга чейин жүргүзүлүп келген сүйлөшүүдөн чыгып, жаңы сүйлөшүүлөрдү баштарын өткөн жылдын соңунда билдирген. Анда өкмөт башчы жаңы сүйлөшүүлөр саясатташтырылбай, экономикалык жана экологиялык маселелер боюнча өткөрүлүшү керектигин айткан.

"Центеррадагы" акция кыскарса кимге зыяндуу?

“Центерранын” жетекчилиги көп учурларда кыргыз тараптын сунуштарын жана кызыкчылыктарын кабыл албай келатканы маалым. Алардын бири катары “Центерра голд инктин” кошумча 4,6 млн. даана акция чыгаруу тууралуу 28-декабрда кабыл алган чечимин атасак болот. Ага кыргыз тарап каршы болгон. Бирок ага карабай чечим кабыл алынды. Бул чечим Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларынын кыскарышы менен кыргыз тарап үчүн зыяндуу. Андан сырткары “Центерра голд инк” экология боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык “АМЕК” компаниясынын сунуштарын аткаруудан баш тартууда.

Кумтөр ишканасы
Кумтөр ишканасы

“Центерра голд инктин” Директорлор кеңешинин кыргыз тараптан дайындалган мүчөсү Кылычбек Шакиров Кумтөрдүн үзгүлтүксүз иштөөсү жана Торонтодогу Кыргызстандын акцияларын коргоо негизги маселе болуп жатканын белгиледи:

- Эң негизгиси, бул сүйлөшүүлөр Кыргызстанга керек. Ошону көбү түшүнбөй атат. Биздин акциялар Торонтодо чабуулга кабылып жатат. Инвестор менен өкмөт бир столго отуруп, экөө тил табышканы керек. Бири-бирин түшүнүп, өкмөт инвесторду колдоого алса, инвестор Кыргызстанда жакшы иштеп, салык төлөп берсе. Андан сырткары айтарым, менин корккон жерим, Торонтодогу биздин акциялар ачык. Ошону кантип сактап калуунун жолун караш керек.

Кылычбек Шакиров мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин учурунда Кумтөрдө үлүштөрү 50/50 пайыздан бөлүнгөн биргелешкен ишкана түзүү ар кандай себептерден улам токтотулганын айтып, биргелешкен ишкана түзүлгөндө Кыргызстан алтынга ээ болот эле деген пикирин кошумчалады:

- Алтын алтындыгына баратат. Биз 50/50 ишкана түзгөндө алтынга ээ болот элек. Бул, кагаз кагаздыгына, алтын алтындыгына барат. Биз 50% алганда утат элек. Биздин акцияларга байланыштуу маселе да чечилмек. Биз негедир ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибердик.

Кылычбек Шакировдун айтуусунда, канадалыктар Кумтөрдүн тынымсыз иштеши бир гана Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин айтып жатышат.

“Кыргызалтындын” мурунку жетекчиси Токон Мамытов сүйлөшүү предмети тууралуу эч нерсе айта албасын айтып, бирок сүйлөшүү керек дейт:

- Сүйлөшсө болот. Маселени чечсе болот. Комбинатты токтотпой, тагдырын чечсе болот.

Жогорку Кеңеште Кумтөр боюнча канадалыктар менен өкмөт сүйлөшүшү керек деген маанай үстөмдүк кылат. Өткөн жумада “Ата Мекен” фракциясы гана Кумтөр кениндеги мөңгүлөргө тиешеси бар маселеге кайрылып, өкмөт ушул кезге чейин мөңгүлөргө келтирилген зыянды эсептөөнүн методикасын иштеп чыкпаганын сынга алды. Бул партиянын лидери Өмүрбек Текебаев “Центерра голд инкти” чынчыл эмес инвестор катары сындап келатат.

“Центерра голд инк” 2009-жылкы келишимди бир тараптуу өзгөртүү эл аралык соттордо беттешүүгө алып келерин жана ири суммадагы айып пул төлөө тобокелдиги менен коркутуп келүүдө. Канадалыктар менен ушундай эле кырдаалга туш болгон монгол бийлиги Гацуурт алтын кенин иштетүүгө “Центеррага” уруксат бербей койгону маалым болду. “Центерра голд инк.” монгол бийлигин да эл аралык сот менен коркутуп жатат. Гацууртта 50 тоннага жакын алтын бар деп болжолдонгон.

“Центерра голд инк.” быйылкы жылы Кумтөрдөн 16 тоннанын тегерегинде алтын казып алары, Кыргызстандын бюджетине 5 млрд. сомдон ашуун салык төлөнөрү пландалган. Өткөн жылы 16 тонна 200 килограммга жакын алтын казып алган. Бул азыркы кездеги баалар менен эсептегенде 580 млн. доллардын тегерегинде же 44 млрд. сомдон ашуун акчаны түзөт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG