Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Кумтөрдү улутташтырууга же келишимден бир тараптуу чыгууга өкмөт макул эмес экенин премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 24-январда дагы бир кайталады.

“Центерра” менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин долбоору кайрадан Жогорку Кеңешке келди. “Ата-Журт” фракциясы аны 24-январда өкмөт мүчөлөрү менен бирге талкуулады. Парламенттин Кумтөрдөгү үлүштү 67 пайызга жеткирүү тапшырмасын аткарбаганы үчүн өкмөт катуу сынга кабылды.

50/50 эң пайдалуу чечимби?

Кумтөр боюнча “Центерра” менен түзүлгөн келишимдин акыркы долбоорун өкмөт парламентке алып келди. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, Кыргызстандын алдында төрт жол турат. Алар: 2009-жылдан бери иштеп жаткан келишимди улантуу, же ал келишимден бир тараптуу чыгуу, үчүнчүсү - улутташтыруу жана акыркысы жалпы үлүштү 50/50 пайыз кылып бөлүшкөн биргелешкен ишкана түзүү. Сатыбалдиев үлүштү 50 пайыздан бөлүп, жаңы ишкана түзүү эң пайдалуу жол деп, депутаттарды аны колдоп берүүгө чакырды.

- Жылына 80 млн. доллар таза пайда табабыз. Андан сырткары, 112 млн. доллар салык түрүндө алабыз. Социалдык фондго түшкөн жана башка кирешелер да бар.

Жогорку Кеңеш 23-октябрда "Кумтөр" ишканасындагы Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүнү, сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпаса, келишимден бир тараптуу чыгууну тапшырган. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов 50 пайыздык үлүш менен биргелешкен ишкана түзүүгө каршы болуп, ал келишимдин азыркы долбоорун колдогон эмес.

- Жогорку Кеңештин 70тен ашык добуш менен кабыл алган токтомунда 67 пайызга жеткире албасак, бир тараптуу келишимден чыгуу каралган. Жогорку Кеңештин чечими укуктук күчкө ээ. Ошондуктан, аны биз аткарууга милдеттүү болчубуз деп, 50/50 пайызга каршы добуш бердим.

Бирок премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин айтышынча, эгер өкмөт кенди улутташтырууга бара турган болсо, "Центерра" компаниясына 2,5 -3 миллиард доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттүү.

- Улутташтыруу биздин өзүбүздүн укугубуз. Аны каалаган учурда жасасак болот. Бирок 2,5 - 3 млрд. доллар компенсация төлөп беришибиз керек болот.

Өкмөт улутташтыруу же келишимден бир тараптуу чыгуудан соң болуучу соттук жараяндар Кумтөрдөгү иштин токтошуна алып келиши мүмкүн деп эсептейт. “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Дилгер Жапаров чыгымдарды эсептеп берди.

- Жалпы жоготуулар 3,8 млрд. доллардан баштап 5,5 млрд. долларга чейин болушу мүмкүн. Бул сот иштери канча убакытка созуларына байланыштуу болот.

“Кыргызстан кайра эле уттурат”

Анткен менен өкмөттүн жүйөөсү депутаттарды ынандыра алган жок. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева өкмөт сунуштаган келишимдин долбоору кандай гана болбосун Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербейт деп эсептейт. Ал экологиялык зыянды жана буга чейинки келишимдердин адилетсиздигинен улам Кыргызстан тарткан экономикалык чыгымдарды эске салды:

- Аларын алышты, эми алар экологияны бүгүнкүдөй жаман абалга таштап коюп кете берет. Биз болсо экологиябызды калыбына келтире албайбыз, өкмөт менен ушинтип сүйлөп-сүйлөп кала беребиз. Кандай гана келишим түзбөйлү, Кыргызстан утулат.

Ал эми “атажуртчу” башка депутат Дастан Жумабековдун пикиринде, 2009-жылдагы келишимдин негизинде учурда Кыргызстан алтын түрүндө эсептегенде жылына таза киреше катары 900 килограмм алтын табат. Депутат 50 пайыздык үлүш менен биргелешкен жаңы ишкана түзүлө турган болсо, алтын түрүндөгү таза киреше ашып кетсе 1,5 тоннага жетет деген ойдо. Ал Кумтөрдөн жылына кеминде 18 тонна алтын өндүрүлөрүн эске салды:

- Биргелешкен ишканадан 3 тонна киреше алынат экен, анын 1,5 тоннасы Кыргызстанга калат.

Өкмөт жаңы келишимге ылайык, Кумтөрдүн 60 пайыз экономикалык пайдасын Кыргызстан көрөт деп ишендирүүдө. Жаңы ишкананын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымы Кыргызстан тараптан болот. Башкаруучу органдарда 2016-жылга чейин кыргыз тараптан жетекчилердин санын аз-аздан 70 пайызга жеткирүү да көрсөтүлгөн. Мурдагы келишимдерден айырмаланып, биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталып, жергиликтүү мыйзамдар менен иш жүргүзмөкчү.

Жогорку Кеңештин фракциялары жана комитеттери келишимдин долбоорун талкуулаган соң, аны парламент жалпы жыйында карап, бир жаңсыл чечим чыгарышы керек. Буга чейин өкмөттүн азыркы долбоордон анчалык көп айырмаланбаган 50 пайыздык үлүш менен биргелешкен ишкана түзүү келишими парламенттен колдоо тапкан эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG