Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Бишкекте жашылча кескин кымбаттап кетти


Бишкектин базарларында картошка, пияз жана капуста сыяктуу жашылча баасы өсүп, картошка бир жума мурдагыдан эки эсеге чейин кымбаттады.

21-апрелде Бишкекте өткөн тегерек үстөлдө Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу чечилбегени жана тамак-аштын сапаты төмөндүгү айтылды. Ал ортодо жер-жемиштердин баасы кескин кымбатташы калктын капчыгына оордук келтирүүдө.

Картошканы кошуналар кымбаттаттыбы?

Бишкек шаарынын тургуну Айнураны Ош базарында картошканын баасы кымбаттап кеткени кейитип турат. Ал буга чейин баасы 30-35 сом турган картошканы азыр 50 сомго сатып алууда.

- Картошка качан 40 сом болду эле? Мурдагы жылы Астанада 50 сом болуптур дегенде элдин оозу ачылган. Бул жер эми Астана эмес да. Негизи бул баа өтө кымбат. Доллар кымбаттады деп эле бааны кымбаттатып жатышат. Эмне, картошка Америкадан келип жатабы?

Базарларда акыркы жумада картошкадан тышкары, пияз, сабиз, капуста сыяктуу жашылчалардын баасы да кымбаттаган. Анын себебин сатуучулар үзүкчүлүк жана ал жашылча-жемиштерди соодагерлер базардан жана дыйкандардын колунан дүңүнөн кошуна мамлекеттерге алып кетип жатканы менен түшүндүрүүдө.

- Мисалы картошканы бир жума мурда ушул жерде 35 сомдон сатып жатканбыз. Азыр 45 сомго чыкты. Бааны казактар, тажиктер көтөрүп жатат, - дейт Кенже Толубаева аттуу сатуучу.

Ал эми помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштердин да баасы да түшө элек. Алардын бир килограммы учурда 130 сомго чейин сатылууда. Өткөн айда болсо, доллардын кунунун өсүшү менен чай-чамек, шекер, ун азыктары жана башка күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр кымбаттап кеткен. Аны менен бирге айрым кызмат көрсөтүү багыттарынын баасы да өскөн болчу.

Бирок айрым азык-түлүктөрдүн баасы түштү дейт, Ош базарындагы сатуучу Жамал Дөнөбаева:

- Азыр баалар ылдыйлап жатат. Майдын баасы ылдыйлады, шекердин баасы да 55 сом болуп кеткен, ал да азыр түштү. Бирок күрүчтүн баасы 2-3 сомго көтөрүлдү. Ун азыктары ошол бойдон калды.


Бишкекте картошка кымбаттады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00



Чечилбеген азык-түлүк коопсуздугу


Баалар минтип кымбаттап жатканда Бишкекте Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу талкууланды. Ага катышкан Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу жана маркетинг башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Асылбеков жазгы кымбаттоолор боюнча буларга токтолду:

- Тажикстанда жана Казакстанда картошка, пияз, сабиздин баасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу бизде да өсүп жатат. Анткени ошол жакка экспорт кылып жатышат. Менин угушумча, бүгүнкү күндө картошка Душанбеде биздин сом менен 80 сомдой болууда.

Азык-түлүк коопсуздугуна арналган жыйында айтылганга караганда, Кыргызстан агрардык мамлекет экендигине карабай, азык-түлүк коопсуздугу чечилген эмес жана кошуна мамлекекеттерден, дүйнөлүк баадан көз каранды.

Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын (ФАО) өкүлү Кейго Обара буларды айтат:

- Кыргызстан айрым азык-түлүктөр менен өзүн камсыз кылган күндө да кээ бир азыктарды сырттан алып келүүгө мажбур. Ошондуктан, тышкы факторлордон, маселен импорттолгон азык-түлүктөргө болгон дүйнөлүк баадан да көз каранды. Буга байланыштуу Кыргызстанда кайсы азык-түлүктөрдүн баасы кымбаттай турганын алдын-ала эскертип туруу маанилүү деп ойлойм.

Бириккен улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба программасынын Бишкектеги менеджери Азиз Алиевдин оюнча болсо, акыркы жылдары Кыргызстанда тамак-аштын сапаты начарлаган. Ал буга калк картошка менен ун азыктарын көп, ошол эле кезде эт азыктарын аз колдонуп жатканын мисал келтирди. Алиев Борбор Азия биргелешип киришкенде гана жалпы региондогу азык-түлүк коопсуздугун чечүүгө болот деп эсептейт.

Ал эми Айыл-чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл ачыл чарба түшүмдөрү өткөн жылга караганда 1-2 пайызга өсүшү мүмкүн. Бул деген келерки жылы да Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугу чечилбеген бойдон калат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG