Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:05

Дүйнөлүк Банк Орусияда иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнө акча которуулары кескин кыскараарын эскертти.

Ошондой эле Кыргызстандагы инфляциянын деңгээли 10 пайызга чейин өсүп, күндөлүк керектөөчү товарлардын баасы жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандын экономикалык абалы боюнча баяндамасында жарыяланды.

Акча которуулар азаябы?

Дүйнөлүк банктын божомолуна караганда, Кыргызстандын сыртта иштеген эмгек мигранттарынын акча которуулары 18 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн. Улуттук банкттын маалыматына караганда, Орусияда иштеген эмгек мигранттары 2010-2011-жылдары бир миллиард АКШ долларынан бир жарым миллиардга чейин мекенине акча которушкан.

Дүйнөлүк банктын эксперттери акча которуулардын кыскарыш себептерин кыргызстандык мигранттар иштеген Орусиянын өзүндө экономиканын өсүү темпинин басаңдашы менен байланыштырышкан.

Жергиликтүү талдоочу Улан Турдалиев 90 пайыз сырттан акча которуулар Орусиядан келип жатканда мындай абал Кыргызстандын экономикасына түздөн-түз таасир этээрин белгиледи:

- Чындыгында эле азыр өлкө сыртта иштеген эмгек мигранттарынын салган акчасына жашап калды. Бул ачуу чындык. Эгерде чындыгында эле жакынкы мезгилде Орусиянын өзүнүн экономикасында кескин басаңдоо болуп, аларда мигранттардын эмгегине муктаждык болбой калса, анда ал жагдай биздин абалга да таасирин тийгизбей койбойт. Ал жактагы эмгек мигранттары жумушчу орундарын жоготушат, же айлык акылары кыскарат. Натыйжада акча которуулар азаят.

Дүйнөлүк банкттын маалыматы боюнча, сырттан акча которуулардын кыскарышы кыргызстандыктардын киреше булактарынын азайышына алып келип, суроо-талаптын кыскарышын шарттайт. Орусиянын экономикалык өсүү темпинин басаңдашы көбүнчө ишкердиктин ири тармактарында орун алаары айтылган.

Экономикалык жаранядарды изилдөөчү адис Мейманбек Абдылдаев мындай шартта Орусиядагы экономикалык кырдаал анда негизинен кара жумушта иштеген кыргызстандык эмгек мигранттарына таасирин тийгизбейт деп эсептейт:

- Дүйнөлүк банктын мындай божомолун мен дагы окуп чыктым. Бирок бул эконмикалык өсүү темпинин басаңдашы негизинен айлык маяна жогору төлөнгөн ири тармактарда жүрөт. Ал эми биздин мигранттар негизинен айлык аз төлөнүүчү кара жумушта иштеп жүрүшпөйбү. Ошондуктан алардын абалына кандайдыр бир таасирин тийгизет дегенге кошула албайм.

Экономикалык басым көрсөтүү усулу

Азык-түлүккө жана күнүмдүк керектөөчү буюмдарга болгон баанын көтөрүлүшү Кыргызстандагы инфляциянын деңгээлине таасир этээри дагы баяндамада келтирилген. Мындай жагдай негизинен сырттан ташылып келчү күйүүчү майга болгон баанын кескин жогорулашы менен байланыштырылган. Талдоочулар учурдагы кыргыз-орус мамилелериндеги татаалдашкан жагдайларды эске алуу менен Орусия кыргызстандык мигранттарды жана өлкөнүн кара майга болгон көз карандылыгын басым көрсөтүү үчүн колдонушу мүмкүн экендигин жокко чыгарышпайт.

Саясат таануучу Улан Турдалиев жасалма түрдө мына ошондой жагдай түзүлө турган болсо ага туруштук берүүгө даярдык керек экенин эскертти:

- Биздин өлкө кандайдыр бир сыноолорго же тоскоолдуктарга туруштук берип, кырдаалдан чыгуунун башка жолдорун издештириш керек. Анткени буга чейинки кыйынчылыктар Кыргызстан үчүн кандайдыр бир иммунитетти калыптандырыш керек эле. Бирок Кремль саясий жактан көз каранды кылышы үчүн Кыргызстанга карата социалдык-экономикалык рычагдарды колдонсо ал жалпы кырдаалга албетте таасир этет. Бирок биз алар ошентет экен деп улуттук кызыкчылыкты алардын алдына салып бербешибиз керек. Биз башка жолдорду издешибиз керек.

Эл аралык тажрыйбада кайсы бир мамлекет экинчисине басым көрсөтүп, максатына жетүү үчүн экономикалык кырдаалды шылтоо кылуу менен талылуу механизмдерди колдонгон учурлар көп кездешет. Мындай шартта Кыргызстан сыяктуу экономикасы чакан мамлекеттер кырдаалдан чыгуунун өзгөчө жолдорун тапкан, же басым көрсөтүүчү державанын айтканына көнүп, улуттук кызыкчылыгын саткан учурлар тарыхтан белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG