Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

Бишкекте күйүүчү май таңсыктыгы чечиле элек. Мындай абал өлкөнүн түштүк аймактарында мурдатан бери өкүм сүрүүдө

Азыркы түзүлгөн кырдаал монополист “Газпромнефти” үчүн гана пайдалуу болбосо, Кыргызстан үчүн олуттуу эскертүү болуп жаткандай.

Монополист өз билгенин кылабы?

Кыргызстанга күйүүчү майды дүңүнөн Орусиянын “Газпромнефть” компаниясы сатат. Ошондуктан ал монополист деп таанылган. Бул компания ошондой эле өзүнүн жүздөгөн май куйуучу станциялары аркылуу чекене соода да жүргүзөт. “Газпромдон” сырткары күйүүчү майды аз өлчөмдө көптөгөн чакан компаниялар сатат. Алардын ирилери Бишкекте ШНОС, БНК болсо, түштүк тарапта “Кыргызойл” жана “Томас” компаниялары.

Азыркы кезде Бишкекте жок болуп жаткан АИ-92 жана АИ-95

маркасындагы бензиндер Ош, Жалал-Абад жана Баткенде алда качан эле таңсык, болсо дагы “Газпромдо” эмес, башка компанияларга таандык май куйуучу станцияларда баасы 40 сомдон ашуунга сатылып жаткан.

“Газпромдун” май куйуучу станцияларында жогорку сапаттуу бензиндердын баасы аларга салыштырмалуу арзан, бирок жок. Демек, бул жерде кандайдыр бир “жең ичинен” сүйлөшүп алып, “акча жасалып” жатышы толук ыктымал. Бирок бийлик өкүлдөрү ага назар салган жери жок.

Мына ушул түзүлгөн кырдаал “Газпромнефть” компаниясы монополист компания катары өзүнүн милдетин толук аткара албай жаткандыгынан, Кыргызстан өз кезегинде ушул жалгыз компаниядан көз каранды экендигинен кабар берип турат.

Монополист ишкананын, андан калса түбү чет өлкөлүк компаниянын биринчи максаты пайда табуу. Бул жагынан алганда “Газпром” каалагандай акча таап жатат.
Анын экинчи ролу кези келгенде саясий куралга айлантуу. Кыязы президенттик шайлоонун алдында Москва мына ошол куралын көрсөтүп, Алмазбек Атамбаев болсо шашылыш түрдө Орусиянын борборуна аттанды шекилди.

Эксперттерге кулак төшөйлүчү

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов күйүүчү май боюнча түзүлгөн кырдаалга өкмөт жана монополист “Газпромнефть” күнөөлүү деп атады.
Ал эми Кыргызстан нефтитрейдерлер бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Газпромнефти” монополист экенин жана аны өкмөттүн тийиштүү структуралары көзөмөлдөп турганын айтып, бирок башка компаниялардын Кыргызстанга кирүүсүнө жол ачык экенин белгиледи:

-Бул жагынан эч кандай тоскоолдук жок. Каалашынча компаниялар кирип, бизге күйүүчү, майлоочу май апкелип сатууга мүмкүнчүлүк бар азыр. Бул жерде эч кандай тыю жана проблема жок.

Кыргызстан Орусиядан башка өлкөлөрдөн мунай ташып келе алабы деген суроо турат. Андай жол табууга мүмкүн. Бирок анын өзүнчө кыйынчылыктары бар.
Маселен, Казакстан өзү лимит киргизип, күйүүчү майды мезгил-мезгили менен чыгарбай коёт. Ал эми Азербайжан, Түркмөнстан тараптан күйүүчү май ташып келүү жагы кымбатка түшүп каларын Акенеев мындайча түшүндүрдү:

- Мына Түркмөнстан, Азербайжан менен сүйлөштүк. Бирок ал жактан келе турган күйүүчү майдын жол киреси өтө кымбат болуп жатат. Азыркы баалардан 15-20 сом кымбат болчудай. Ошондуктан алардан алып келгендин эч кандай кажети жок. 55-60 сомдон эч ким албайт. Өзбекстан эч качан берчү эмес жана бербейт.

Кытай тараптан күйүүчү май ташуу азырынча мүмкүн эмес. Анткени Кытай өзү импортер. Мүмкүн Кытай-Кыргызстан темир жолу салынып калса, кырдаал өзгөрөт деп кошумчалады Акенеев.

Эми эле өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп дайындалган Эсенгул Өмүралиев Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал чарбасыздыктан улам пайда болду эсептейт:

-Бул эми жөн эле чарбасыздык. Бул жерде эч нерсе жок. Өзүңөр

көрүп турасыңар да, Орусияда күйүүчү май таңсык болуп жатат. Экспортко көбүрөөк чыгарып ийишип, ички базарда тартыштык пайда болду. Мындай шартта алар ички базарды толтурмайынча, тышка сатууну чектешет. Ошондуктан убагында келишимдерди түзүп, эртереек күйүүчү майды топтоп алыш керек эле. Ошонуктан бул жерде болгону чарбасыздык орун алган.

Өмүралиев “Газпром” дүйнөнүн көп бөлүгүнө газ, күйүүчү май саткан ишенимдүү компания экенин жана аны менен жөндүү иштешсе болоорун да кошумчалады.

Белгилей кете турган нерсе, “Газпромдун” монополиясынан чочулаган Европа ар кандай чараларды көрүп, камсызданып жатканы маалым.

Көпчүлүк мамлекеттер бир компаниядан, өзгөчө чет өлкөлүк компаниядан көз каранды болбоого катуу аракеттенет. Кыргызстан болсо бул жагынан аксап келатканы көрүнүп турат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG