Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Кошуналар Кыргызстанга газ берүүнү чектеп койду


Өзбекстан -- Бухарадагы Хайзак газ станциясы.
Өзбекстан -- Бухарадагы Хайзак газ станциясы.

Кыргызстанга берилчү жаратылыш газынын көлөмү саатына 14 миң кубметрге азайып кетти.

Мындан улам Бишкек шаарынын айрым райондоруна, өнөр-жай ишканаларына, Токмок жана Кант шаарларына газ берүү токтотулду. “Кыргызгаз” ишканасы мунун себебин “КазТрансГаз” аркылуу Өзбекстандан келүүчү газ куурларындагы басымдын начардыгы менен байланыштырууда. Бирок талдоочулар муну саясий басым көрсөтүү катары карап, Кыргызстандын өкмөтү өз кезегинде тиешелүү чараларды көргөн эмес деп сынга алышууда.

Газ басымы азайдыбы?

“КазТрансГаз” компаниясы Казакстандын өзүнө Өзбекстандан тиешелүү көлөмдө көгүлтүр отун келбей жаткандыктан газдын Кыргызстанга берилчү үлүшү кескин кыскарганын кабарлады. Буга байланыштуу “Кыргызгаз” ишканасы өлкөнүн түндүк аймагындагы бир катар кардарларына жаратылыш газын берүүнү чектеди. Ошол эле учурда “Кыргызгаз” ишканасы казак жана өзбек тарап менен газ берүүнү калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады.

“Кыргызгаз” мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жайнагүл Максимова газ берүүнү чектөөнүн себептерине токтолду:

- “КазТрансГаз” Өзбекстандын газ өндүрүүчү аймагында басым төмөн болгондуктан газды иштеп чыгаруунун деңгээли начарлаганын билдирди. Мына ошондон улам “КазТрансГаз” өзү ал жактан бир кыйла аз көлөмдө жаратылыш газын алып жаткан экен. Ошого байланыштуу келишим боюнча биздин муктаждыгыбыз саатына 55 миң кубметр болсо, мына эки күндөн бери 41 миң кубметрдин айланасында газ келип жатат. Ал жактан бизге “бул жерде эч кандай диверсия жок, мына ошол айтылган жагдайга гана байланыштуу” деген жооп келди.

Бирок энергетика жана газ өндүрүү тармагы боюнча адистер буга окшогон жоопту жөн эле шылтоо катары баалашат. Анткени алардын айтымында, газ өндүрүүчү жайда жана газ куурларында абанын температурасы 35 градустан жогору суук болгондо гана анын басымы начарлайт экен.

Энергетика маселелери боюнча эксперт Расул Умбеталиев Кыргызстанга газ берүүнү чектөөнүн себебин башкадан көрөт:

- Жаратылыш газы Өзбекстандын Бухара облусунда өндүрүлөт. Анан мына ошол жерде абанын сууктугунан улам газдын басымы түшүп кетти дегенге кошулбайм. Анткени аталган аймак Борбор Азиядагы эң эле жылуу аймак. Кышкысын андан климаты суук жерлерде деле мына ошондой катуу суук азырынча боло элек. Мен бул жерден кандайдыр бир саясий себептерди көрүп турам. Биздин коңшулар жылда ушундай маалда мына ушуга окшогон аракеттери менен басым көрсөтүүгө аракет кылышат.

Өнөкөткө айланган өчүрүү

Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстан жана Казакстан менен кийинки жылга газ алуу боюнча келишимге кол койо элек. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мөөнөтүн декабрь айынын аягына кыстап барып дайындоону расмий Ташкен өнөкөткө айлантып алган. Кыргыз өкмөтү мукураган муктаждыктанбы же кадимки мажирөөлүкпү, газ боюнча сүйлөшүүлөрдө коңшулар койгон шарттарга көнүп беришет. Мисал үчүн былтыр Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга берилчү газдын баасын 11 пайызга кымбаттаткан.

Эксперт Расул Умбеталиевдин айтымында, кыргыз өкмөтү коңшуларга газ боюнча келишимге кол койууну сугат маалында сунушташ керек болчу:

- Сугат иштери башталган учурда Казакстан менен Өзбекстанга шарттарды коюп туруп “биз силерге жайкысын суу беребиз, силер бизге кышкысын газ, көмүр жана мазут бересиңер” деп милдеттендирген келишим түзүп алыш керек эле. Мен бул боюнча бир катар сунуштарды айткан менен аны биздин өкмөт кулагына илген жок.

Кыргыз өкмөтү болсо калкты жана өнөр-жай ишканаларын газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси боюнча 26-ноябрдын кечинде жыйын өткөрдү.

Өкмөт башчысынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов аталган жыйында өкмөт башчысы газ боюнча маселени тез арада жөңгө салууну тиешелүү бийлик органдарына тапшырганын кабарлады.

Жыйында“Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаев “КазТрансГазга” карыздын өлчөмү 3 милилон 400 миң долларга жеткенин, ал эми “ӨзТрансГазга” 114 миң доллар карыз бар экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG