Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

ЕAЭБге кирүү кечеңдеши ыктымал


ЕAЭБ мүчө мамлекеттердин президенттери Саргсян, Лукашенко, Назарбаев жана ага талапкер болуп жаткан Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.
ЕAЭБ мүчө мамлекеттердин президенттери Саргсян, Лукашенко, Назарбаев жана ага талапкер болуп жаткан Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуп кирүүсү белгиленген мөөнөттөн кечеңдеши ыктымал экендигин өкмөттөгү расмий адамдар билдирүүдө.

Экономика министрлиги эки негизги маселе боюнча азырынча орток пикир табыла электигин жарыялады. Буга чейин расмий Бишкек 8-майдан тарта Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке тең укуктуу мүчө болот деп айтып келген эле.

Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кириши кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн инфраструктуралык долбоорлор боюнча макулдашуусунун айынан кечеңдеши мүмкүн. Экономика министри Темир Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз тарап аталган долбоорлордун негизинде келчү товарларга жеңилдик сурап жатат:

- Биз Кытайдан акча алып, темир жол салып, жолдорду куруп, жогорку чыңалуудагы зымдарды тартабыз деп турабыз. Биз бул боюнча жеңилдик болсун деп жатабыз.

Темир Сариев
Темир Сариев

Министр Сариевдин маалыматы боюнча, экинчи маселе - ветеринардык көзөмөлгө байланыштуу. Кыргызстан ветеринардык көзөмөлдү өзү жүргүзгөндөн кийин анын үстүнөн кошумча аудит болот деген жобого каршы болууда.

Өкмөт башчынын кеңешчиси Олег Панкратов Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн кечеңдешинин оң жана терс жактарын белгиледи:

- Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү мөөнөтү жарыяланган болчу. Бир топтор ошол мөөнөткө ыңгайлашып жаткан. Ушундан алып караганда кирүү мөөнөтүнүн жылышы анчалык жакшы эмес. Бирок ошол эле учурда келишимде Кыргызстандын аталган уюмда башка мамлекеттер менен бирдей укуктагы өнөктөш болушуна шарттар болушу керек. Ошондуктан кайсы бир маселе боюнча орток пикир табылбаса мөөнөттүн белгиленгенине карабастан келишимге кол коюу суроо жаратышы мүмкүн. Бул эми келишимге кол коюудан баш тартуу дегенди түшүндүрбөйт.

Кыргыз бийликтери ЕАЭБге улуттук кызыкчылык корголгон шартта гана киребиз деп ишендирип келүүдө. Борбор Азиядагы эркин базар институнунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиевдин баамында, Кыргызстан маанилүү маселелерди киргенге чейин чечип албаса, кийин оор болуп калат:

Мирсулжан Намазалиев
Мирсулжан Намазалиев

- Кыргызстандын экономикасына жана жашоочуларына көп таасирин тийгизет. Эгерде өзүбүздүн кызыкчылыктарыбызды коргой албасак, анда аталган уюмга кирүүнүн такыр кажети жок. Негизи азыр Казакстан менен Орусия бири-бирине “соода согушун” жарыялап, талашып-тартышып жатат. Ага чейин ушундай эле окуялар Беларус мамлекети менен да болуп келген. Эгер азыр ушундай принципиалдуу маселелер чечилбей калса, киргенден кийин Кыргызстандын укугу, добушу деле жок болуп калат. Биз мисалы соода согушун жарыялап, өз таламыбызды талашкыдай Казакстандай күчтүү эмеспиз да. Кирерден мурда бардык маселерди чечип, кызыкчылыгыбызды коргошубуз керек.

Анткен менен "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы" коомдук кыймылынын теңтөрагасы Марат Мүсүралиев Кыргызстандын бирдей укукта мүчө болушуна, кызыкчылыктарын коргой алышына ишенбей турат:

Марат Мусуралиев
Марат Мусуралиев

- Буга чейин автоунааларды алып кирүү шарттары, бажы төлөмдөрүнүн көтөрүлүшү боюнча айтылган сунуштар эске алынган жок. Жеңил өнөр жайда иштегендер, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн да айткандары жетпей калды. Орусияда девальвация болгондон кийин айыл чарба продукцияларынын баасы түштү. Ал продукциялар биздин базарга оңой эле кирет. Мисалы, азыр Москвада дүкөндөрдө картошканын баасы биздеги дүң баадан да арзан деп жатышат. Ушундан улам биздин дыйкандардын аларга атаандашуусу абдан кыйын болот.

ЕАЭБ өткөн жылы ишке кирген. Уюмду түзүү тууралуу былтыр май айында Орусия, Казакстан жана Беларус мамлекеттери макулдашкан. Кийинчерээк аларга Армения да кошулган. Расмий Бишкек аталган биримдикке кирүү тууралуу келишимге былтыр жыл этегинде кол койгон. Кыргыз коомчулугунда ЕАЭБге кирүүнү колдогондор да, караманча каршы болгондор да арбын.

XS
SM
MD
LG