Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Алтын куймасы ЕАЭБга даярдыкпы?


Сатыкка чыгарылган алтын куймалары
Сатыкка чыгарылган алтын куймалары

Улуттук банк алгачкы бир граммдан жүз граммга чейинки алтын куймасын сатыкка чыгарып, акчаны алтын менен сактоо долбоорун ишке киргизди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов алтын куймасы жарандардан кайра сатып алынарын жарыялады.

Улуттук банк жетекчилиги мындай каржылык механизмдер аркылуу инфляцияны ооздуктап, каржылык туруктуулук камсыздалат деп ишендирүүдө. Бирок финансы жаатындагы адистер бул долбоорду кооптуу финансылык эксперимент катары сындап чыгышты.

Сатыкка чыккан алтын куймасы

Улуттук банк 7-майдан тарта салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31 грамм өлчөмүндөгү өзгөчө коргоого алынып, таңгакка бекитилген алтын куймасын сатыкка чыгарды. Бул типтеги куймалар казак алтынынан даярдалган. Мындан сырткары кыргыз алтынынан даярдалган 100 граммдык алтын куймасы бекитилген сертификаты менен кошо чыгарылды.

Кыргызстанда валюта туруксуздугу башкы көйгөйлөрдүн бири
Кыргызстанда валюта туруксуздугу башкы көйгөйлөрдүн бири

Алтын куймалары Улуттук банк белгилеген сомдун курсу боюнча жана Лондон биржасынын күнүмдүк баасы менен сатыла турганы жарыяланды. Бирок сатылган алтын куйманын таңгагы бузулса, банк аны кайра сатып алууда текшерүүдөн өткөрөт.

Улуттук банктын накталай акча башкармалыгынын башчысы Шамил Айдаркулов сатылган куйма үчүн эсептешүүнүн тартибин түшүндүрүп берди:

- Бул таңгак бир эле учурда мына ошол алтын куйманын сертификаты дагы болуп эсептелинет. Ошондуктан бул таңгакты эч качан ачпагыла деп сунуштар элек. Ачылбаган болсо, кайра сатып алууда эч кандай маселе болбойт. Бирок чийилип, таңгак бузулса, банк аны экспертизадан өткөргөндөн кийин гана баасын төлөп берет. Бирок экспертиза үчүн мына ошол баанын 7 пайызы алынат. Анан текшерүүгө 10 күнгө чейин убакыт кетет. Банк өзү чыгарган гана алтын куймасын кайра сатып алат. Башка куймаларды сатып ала албайт.

Каржы рыногунун туруктуулугу камсыздалабы?

Алтын куймасынын биринчи партиясын даярдоого 45 килограмм алтын чыгымдалган. Улуттук банк бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып, алды-сатты иши жолго коюлса, анын көлөмүн жыл сайын көбөйтүп турмакчы.

Бул алтын куймаларынын бардыгы 999,9 сынындагы жогорку сапат болуп саналат. Алтын куймасын сатып алууда чектөөлөр жок экени белгиленди. Аны чет элдик жарандар да сатып алып, сыртка алып чыгууга укугу бар.

Толкун Абдыгулов
Толкун Абдыгулов

Улуттук банк алтын куймасын сатыкка чыгарууну валюта рыногунун туруктуулугун камсыздайт деп ишендирүүдө. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акчаны алтын менен сактоонун өзгөчөлүгүнө токтолду:

- Алтын куймасын инвестициялык ыкма катары колдонуу үчүн аны кайра сатып алуу жагын да киргиздик. Ошондой эле доллар, же башка чет элдик валюта менен сакталган депозиттердин көлөмүн азайтуу үчүн жарандарга алтын куймасы менен акчаны сактоо ыңгайлуу экенин сунуштап жатабыз. Валютанын куну өйдө-ылдый болуп, түшүп кетиши мүмкүн. Бирок алтындын баасы дайыма жогору болуп, туруктуу абалда турарын изилдеп чыктык. Мына ошондуктан кардарлар акчасын алтын куймасы менен сактаса уттурушпайт. Биз ыңгайлуу болсун үчүн атайын мыйзам менен алтын куймасын сатып алуудагы салыктарды дагы жокко чыгардык. Эми алтын куймасын аманатта сактоого боло турган экинчи этапка дагы өтөбүз.

Эксперименттин эпкини тийбейби?

Улуттук банк алтын куймасын сатыкка чыгарууну инфляцияны ооздуктоого жана сомдун чет элдик валютага карата кунун бир калыпта сактоого кызмат кылат деп ишендирүүдө. Ошондой эле Улуттук банк жетекчилиги муну менен экономиканы доллардын таасиринен чыгаруу аракети бар экенин дагы четке какпайт. Бирок финансы жаатындагы адистер Улуттук банктын бул долбоорун өлкөнүн каржы системасын олку-солку абалга кептей турган кооптуу эксперимент катары сынга алышууда.

Экономист-финансист Мейманбек Абдылдаев бул долбоордун келечеги тууралуу мына буларга токтолду:

- Алтындын баасы эч качан туруктуу болгон эмес. Алтынга акчаны салган тобокелдик. Дүйнөдө алтындын баасы бирде көтөрүлүп, бирде өтө эле төмөн түшүп турат. Ага караганда доллар бир кыйла туруктуу. Анан калса долларды жүгүртүүнүн деңгээли дагы тез. Мына ошондуктан доллар алып, ага товар алып, кайра сатуу сыяктуу операциялар анын өтүмдүүлүгүн камсыздайт. Алтынды сатып алган менен ага товар алып, аны кайра сата тургандай өтүмдүүлүк жок. Ошондуктан бул долбоор ийгиликтүү ишке ашат деп айта албайм. Себеби бул жааттагы ишкерлер алтынды белгилүү бир убакта гана сатып алып же сатып турушат.

Буга чейин Орусиянын өкмөтү Евразиялык экономикалык союздун аймагында бирдиктүү валютаны - алтын акча киргизүү демилгесин көтөргөн болчу. Мына ушуга байланыштуу айрым эксперттер Улуттук банктын алтын куймасын сатыкка чыгаруу менен каржы рыногунун туруктуулугун камсыздоо аракетин чоң долбоордун башатына негиз бере турган өзөк катары баалашууда. Бирок бул долбоор аркылуу улуттук экономиканы доллардын таасиринен ажыратуунун зарылдыгы барбы деген суроого азырынча эч ким жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG