Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Кыргызстан азыркы айлык акылардын деңгээли менен жакырлардын катарына кирбей калуу мүмкүнбү?

Кыргызстан жакыр өлкөлөр катарынан чыгып, орто кирешелүү өлкөлөрдүн катарына киргени 2014-жылы айтылган. Дүйнөлүк банктын 2011-жылдагы эсеби боюнча, бир күндө 1 доллар 25 центтен аз кирешеси бар адам жакырлардын катарына кошулган. 2015-жылы ал сумма инфляцияга байланыштуу көтөрүлдү.

Дүйнөлүк банктын 2015-жылдагы эсеби боюнча бир күндө 1,9 доллар же 145 сом өзүнө сарптай албаган адам жакырлардын катарына кирет.

2009-2010-жылдары андай жакырлар Кыргызстан калкынын 32% жакынын түзгөн. 2010-жылдагы ыңкылап жана Ош окуясы жакырлардын санын көбөйтүп, 2012-жылы алардын саны 34% жакындаган. Андан кийин жакырлар саны кыскарып, 2014-жылы 30,6% түзгөн. Мына ошол жылы президент Алмазбек Атамбаев да Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгып, орто кирешелүү мамлекеттердин катарына кошулганын билдирген.

Калктын аялуу катмары көбүнчө борбор четиндеги жаңы конуштарда жашары айтылып келет.

Калктын аялуу катмары көбүнчө борбор четиндеги жаңы конуштарда жашары айтылып келет.

Бирок 2015-жылдагы сомдун күчтүү девальвациясы жакырлардын санын көбөйткөнү тууралуу маалыматтарды пайда кылууда. Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча да ал ырасталат. Маселен, Кыргызстанда орточо бир үй-бүлө төрт адамдан, ата-эне жана уул-кыздан турат десек, алардын ичинен бирөө же экөө эле иштейт. Үй-бүлөдө эки адам иштесе, экөө тапкан айлыктын эсеби менен Дүйнөлүк банктын квалификациясы боюнча жакырлардын катарынан чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Бирок үй-бүлөдө бир гана адам иштеген учурда Кыргызстандагы орточо айлык менен алар автоматтык түрдө жакырлардын катарына кирет.

Расмий органдардын маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо айлык 13 миң сомго жетпейт. Ал азыркы курс менен эсептегенде 171 доллар. 171 долларды 30 күнгө төрт адамга бөлгөндө ар бирине күнүнө 1,5 доллардан тиет. Мугалимдердин айлык акысы орточо айлыктан бир топ төмөн болгондуктан жакырчылыктын капшабы канча адамды кыйнап жатканын элестетүүгө болот.

Оштогу керектөөчүлөр укугун коргоо мекемесинин жетекчиси Төлөгөн Келдибаев өзү жетектеген мекеменин мисалында бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин абалын айтты:

- Керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу кызматкерлер 5-6 миң сом айлык алат. Жылуулук, газ жана башка коммуналдык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин эле айлыгы түгөнүп отуруп калышууда. Коммуналдык төлөмдөр 2-3 миң сомго жетип же тишин оңдото албай, же бут кийим алалбай калды. Эми Орусияга кете албай же башка нерсе кыла албай башы маң болууда.

Кыргызстанда пенсионерлер жакырлар катмарын толуктоодо

Кыргызстанда пенсионерлер жакырлар катмарын толуктоодо

Ал эми Кыргызстандагы 500 миңден ашуун пенсионерлер жакырлардын катарын толуктоодо. Анткени орточо пенсия 4 миң сом. Ал 50 доллардын тегерегиндеги акча. Бул акча күнүнө 2 доллардан сарптоого жетпейт.

Социолог-окумуштуу Топчугүл Шайдуллаева Кыргызстанда жакырлыкты аныктоонун критерийлери, көрсөткүчтөрү иштелип чыккан эмес дейт:

- Кедейликти изилдөөнүн индикаторлору иштелип чыккан эмес. Анын көрсөткүчтөрү, критерийлери иштелип чыгып, ага жараша ким кедей, ким бай аныкталышы керек. Мындан 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу Кыргызстанда кедей жашагандарга караганда орто жашагандар көбөйдү. Бирок коомдо социалдык катмарлануу аябай терең жүрүүдө. Бизде аябай байып кеткендер менен өтө жакырланып кеткендер көп.

Топчугүл Шайдуллаева Кыргызстандагы жакыр жашагандар менен Индия, Африкадагы кедейлерди салыштырып болбойт дейт. Анткени Кыргызстандын кедейинде жок дегенде 10-класс билими, үй-жайы, аз болсо да малы бар. Ошол эле учурда жогорку билимдүү, бирок айлык акылары өтө төмөн мугалимдер, ал эмес профессорлорду калктын кайсы катмарына кошуу маселеси чыгып турганын Шайдуллаева кошумчалады.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG