Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:13

Коңшуларда кризис, Кыргызстанда оптимизм...


Алматыдагы акча алмаштыруучу жай. Казакстан. 2015-жыл

Алматыдагы акча алмаштыруучу жай. Казакстан. 2015-жыл

Кыргыз өкмөтү келерки жылдын бюджетин түзүүдө. Ага кошулуп жакынкы үч жылдагы бюджеттик жана салык саясатынын негиздери да аныкталмакчы. Евразия экономикалык биримдигин кризис каптап, ал эми Азия мамлекеттеринде финансылык туруксуздук күчөп турган убактагы кыргыз өкмөтүнүн финансы-экономикалык саясаты такпы?

Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү Орусия менен Казакстанда финансы-экономикалык кризис тереңдеп, валюталары тынымсыз арзандап баратат. Дүйшөмбү күнгө карай Орусияда бир доллардын баасы 71 рублдан ашып кетти. Мунайдын баасы 43 доллардан ылдый түштү. Мындай шартта орус рублинин курсу төмөндөй бериши мыйзам ченемдүү көрүнүш экени айтпасак да белгилүү.

20-августтан тарта эркин коё берилген казак теңгеси өзүнүн туруктуу ордун таба албай, өйдө-ылдый болуп турган учуру.

Стратегиялык өнөктөштөрдөгү андай кырдаал Кыргызстан валютасына жана соода-сатыгына олуттуу таасирин тийгизери бышык. Сомдун дагы күчү кетип, бир доллар 65 сом 50 тыйындан бааланып жаткан чагы. Өткөн жумада бир доллар 61 сомдун тегерегинде турган.

Мына ушундай мезгилде кыргыз өкмөтү келерки жылдын жана жакынкы эки жылдын бюджет долбоорлорун талкууга алып чыкты. Бюджеттин негизги көрсөткүчтөрү кандай экенин Каржы министрлигинин маалыматына карап келтире кетели. Келерки жылы ички дүң продукту 4,1% өсүп, акчалай алганда 488 млрд. сомду түзөт. Инфляция деңгээли 11% болору болжонгон.

Мамлекеттик бюджеттин кирешеси - 138 млрд. сом, чыгашасы - 160 млрд. сом, тартыштык - 22 млрд. сом деп белгиленген. Келерки жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 23.4 млрд. сом жумшоо каралган.

Келерки жылы Кыргызстан бюджети деле социалдык багытты көздөйт, макроэкономикалык көрсөткүчтөрү ошого ылайык камтылган. Ал эми акча-насыя саясаты баалардын жана валютанын туруктуулугун сактоого багытталары белгиленген. Экономиканы өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү катары мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн кыскартуу аркылуу ишкер чөйрөгө жагымдуу шарт түзүү, ири долбоорлорду аткаруу, кендерди ишке киргизүү жана айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя бөлүү каралган.

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров өкмөттүн жана Улуттук банктын түзүлүп жаткан кырдаалга карата жасап жаткан иштерин жетишсиз деп, республика системдик кризиске кирип баратканын айтууда. Жапаровдун пикиринде, азыркы кезде инвестиция тартуу жана алтынды чийки зат катары эмес, даяр буюм катары чыгарууга жетишүү менен абалды жеңилдетүүгө болот.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеевдин ырасташынча, Евразия экономикалык аймагында түзүлүп жаткан кырдаал Кыргызстан экономикасынын туруктуураак экенинен кабар берет:

- Биздин экономикабыз Орусия, Казакстандын шартына караганда ишкерликке ыңгайлуураак. Ошон үчүн кээ бир инвесторлор азыраак пайда көрөлү деп, бизге келип жатышат. Экинчи дагы бир үмүт берген жагдай бар. Азыркы кезде алтындын баасы өсө баштады. Кытайда фондулук биржа кулап, АКШнын фондулук биржасына таасирин тийгизип, баалуу кагаздардын баасы кетип жаткан шартта алтынга баа өсүүдө.

Жумакадыр Акенеев Кыргызстан экономикасындагы абалдын дурусураак экендигин сомдун рубль жана теңгеге салыштырмалуу күчүн сактап турушунан көрөт.

Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков кыргыз өкмөтү башбактап калган экономикалык кризиске туура баа бере албай жатат деген пикирде:

- Бул үч-төрт жылга созула турган кризис. Бизге акчалардын келиши кескин азаят. Орусиядан, донор мамлекеттерден, мүмкүн мурдатан бери жардам берип келаткан эл аралык уюмдар дагы жардамын кыскартышы мүмкүн. Андан мамлекеттин ичиндеги бардык көрсөткүчтөр начарлайт. Курулуш тармагы, автомобиль соодасы, керектөө тармагы начарлайт. Күздөн тарта айыл чарбасында кыйынчылык башталат. Мындай абалга өкмөт адекваттуу баа бере алган жок. Өкмөттүн андан чыгуунун так планы жок.

Равшан Жээнбеков бийлик экономикалык реформаларды жасай албады, батыш менен мамилени өтө бузду деп сынга алып, азыркы өкмөт чыгашаларды кыскартууга барып, финансылык абалды оңой алмак, бирок шайлоо алдында аткаруу бийлиги андайга бара албайт деген ишенимде.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG