Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Валюта базарындагы ополоң-тополоң...


Бишкектин акча алмашуу жайлары, 20-август, 2015-жыл
Бишкектин акча алмашуу жайлары, 20-август, 2015-жыл

Казакстанда өкмөт менен Улуттук банк теңгени эркин агымга агытты. Ага чейин Орусиянын рублинин долларга катышы төмөндөп, акча базарын арзандоо каптады. Кошуна мамлекеттерде валюта курсунун өзгөрүүсүнүн эпкини Кыргызстанга да тийип, бейшемби күнү сомго карай доллардын курсу кескин көтөрүлдү.

Казакстанда 20-августта теңгенин курсунун эркин коюлушу Бишкекте доллардын курсунун кескин өсүшү, теңгенин курсунун төмөндөшү менен коштолду.

Кечээ күнү эле 61 сомдун тегерегинде турган АКШ доллары 20-августта кескин көтөрүлүп, бир доллар 65 сомго сатыла баштады. Ал эми сатып алуу 63 сом 50 тыйындан болууда. Сатуу жана сатып алуудагы мындай чоң айырмачылык валюта базарындагы ишенимсиздиктен, эртең курс кайсы жагына ооп кетишин билбегендиктен кабар берет.

Казак маалымат каражаттарынын жазуусуна караганда, казак өкмөтү жана Улуттук банкы 20-августтан тарта теңгени эркин агымга таштап, анын наркын базар аныкташына токтолушкан. Мындай чечимден кийин Казакстанда теңгеге карай доллардын баасы кескин көтөрүлүп, бир доллар 259 теңгеге чыгып кетти. 19-августта бир доллар 188 теңгенин тегерегинде болуп турган. Натыйжада казак валютасы 35% күчүн жоготкону айтылууда.

Премьер-министр Карим Масимов: Казакстан жаңы акча саясатына өтөт
Масимов: Казакстан жаңы акча саясатына өтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:13 0:00

Бишкекте акча алмаштыруу жайларында теңгенин өйдө-ылдый болуп жатышына абайлоо менен мамиле жасалууда. Бул теңгенин сатып алуу жана сатуу курсундагы чоң айырмадан байкалып турат. Бүгүнкү күнү Бишкекте бир теңге 20 тыйындан сатып алынып жатса, ал эми сатуудагы курсу мурунку абалында калып, 31 тыйындан ашуун болууда.

Казакстанда финансылык кризистин себеби катары мунайга, металлдарга баанын арзандашы жана Орусияда рублдин кунунун кетүүсү аталууда. Белгилүү болгондой, мунайга баанын арзандоосу менен кошо орус рублинин курсу дагы төмөндөп баратат. Бүгүнкү күнгө карай бир доллардын баасы 67 рублге чыгып кетти.

Казакстан президенти Н. Назарбаев
Казакстан президенти Н. Назарбаев

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдөгү финансы-экономикалык абалга байланыштуу жыйында ар тараптуу кризис каптап келгенин билдирди:

- Дүйнө жүзүндө экономикалык абал өтө начар. Бардык баалар төмөндөдү. Мунайдын баасы былтыр июнь айында 115 доллар болсо, быйыл 50 доллардан дагы төмөндөдү. Казакстан сата турган металлдардын баасы 30% арзандады. Мындай жагдайда мамлекетке түшө турган бюджет кирешеси жарым триллион теңгеге азайды.

Казакстан президенти бардык тармакты камтыган мындай кризистен чыгуу үчүн натыйжасыз чыгашаларды кыскартуу, атаандаштыкка жарамдуу ишканаларды колдоону жана башка чечимдерди кабыл алууну өкмөткө тапшырды.

КР премьер-министри Т. Сариев
КР премьер-министри Т. Сариев

20-августта кыргыз өкмөтүнүн макроэкономика жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынында валюта базарында түзүлгөн кырдаал да талкууланды. Ага Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов катышты. Бул тууралуу өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов билдирди. Анын айтуусунда, Абдыгулов кырдаал көзөмөлдө турат деп билдирген:

- Мына ошол кеңештин жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Т. Абдыгулов маалымат берди. Ал азыркы учурда абал туруктуу деп айтты. Баары көзөмөлдө, жакынкы убакта баары өз ордуна келет деди. Бүгүн Казакстандагы абалга байланыштуу чайкоочулук аракеттер жасалганын кошумчалады.

Өкмөт башчы коммерциялык банктар жана акча алмаштыруу жайларында көзөмөлдү күчөтүүнү, чайкоочулукка жол бербөөнү Улуттук банктын төрагасына тапшырганын Бакыт Асанов кошумчалады.

Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн адатта интервенция жасайт. Өткөн жылдагы девальвация учурунда мына ошондой аракеттер жасалган.

Кыргызстандык эксперттер Орусия жана Казакстан валюталары девальвацияланып жаткан учурда сомдун курсун туруктуу кармоо кыйын болот дейт. Улуттук банктын төрагасынын мурунку биринчи орун басары Максат Ишенбаев:

Максат Ишенбаев
Максат Ишенбаев

- Экономикалык биримдиктин ичинде болгондуктан рублдин артынан барууга мажбурбуз. Эгерде биз сомду бекем бойдон кармап турсак, анда... Эмне үчүн казактар теңгени коюп жиберишти, анткени орустун рублинин курсу төмөн түшүп, Казакстанды орус товарлары каптап кетти да Казакстандын товарларына караганда аябай арзан болуп калды.

Максат Ишенбаевдин пикиринде, сомдун курсунун кескин түшүп кетпеши үчүн Улуттук банк интервенция жасайт. Ага резерв дагы жетиштүү. Бирок акырындап сомдун курсун төмөндөтүүгө аргасыз болот. Бул жергиликтүү товар экспортчуларга да керек.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча базарындагы абал боюнча маалымат берди

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG