Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстанга сырттан келген кумшекерге кошумча бажы төлөмүн киргизүү боюнча талаш-тартыш токтой элек.

Бишкекте 15-апрелде кошумча бажы төлөмү боюнча мыйзам долбоору тууралуу парламенттик угуу өттү. Анда айрым ишкерлер кээ бир өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды жергиликтүү дыйкандардын кызыкчылыгын коргоо деген амал менен “Белорус канты” компаниясын сүрөп жатат деп айыптады. Долбоордун демилгечилери болсо мындай дооматты четке кагууда.

Мурунку бийликтин тушунда кумшекер ташып келүүдө коррупциялык схема болгону, аны экс-президенттин уулу Максим Бакиев түзүп, көзөмөлдөгөнү аныкталган.

Кумшекерге кошумча бажы төлөмүн киргизүүгө каршы чыккандардын бири Кант керектөөчүлөр бирлигининин президенти Эрлан Жусупов. Анын айтымында, бажы төлөмү тууралууу мыйзам кабыл алынса, “Белорус канты” компаниясы монополистке айланат:

- Эгер 30 пайыздык бажы төлөмү кирсе, кант камышынан жасалган кумшекер чыгарган төрт гана өлкөгө кирет. Белорустуку кызылчадан жасалган кумшекер болгондуктан ага тиешеси болбойт. Демек Кыргызстанга кумшекерди Белорустан гана ташып келген схема түзүлүп жатат. Эгер ушинтип импорт келе берсе, анда жергиликтүү фермерлерге деле эч кандай жардам болбойт. Ушундай утурумдук бажы төлөмдөрдү кыргыз өкмөтү өзү киргизиши керек эле. Анткени бул оперативдүү иш-чара. Жогорку Кеңеш болсо мыйзам менен кийлигишип аралашып жатат.

Бирок мыйзам долбоорду жактаган депутаттар бул сөздөрдү курулай доомат деп эсептешет. “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев кумшекерге кошумча бажы төлөмү эң ириде жергиликтүү дыйкандарды колдоо үчүн керектигин айтууда:

- Мына Чүйдө канчалаган жерге кызылча эксе болот. Анын артында канчалаган дыйкандарыбыз турат. Жумуш орундар болот. Кызылчаны айдап, түшүм алып, заводго жеткирүү, кайра иштетүү иштеринде кеминде 70 миңдей адам тартылат экен. Андан сырткары өлкөнүн казынасына салык түшөт, салымы чоң болот. Ошондуктан бажы төлөмдү көтөрүп, биздин ишкерлерге шарт түзүп беришибиз керек.


Бирок бажы төлөмү кирсе эле жергиликтүү дыйкандар жапырт кант кызылчасын айдап, пайдага маарып кетерине ынанбагандар да бар. Академик Жамин Акималиев мыйзам долбоордун демилгечилерин дыйкандарды коргобой эле кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын колдоп жатат деп айыптады:

- Азыр биз элибизди 12 пайыз кумшекер менен камсыз кылып жатабыз. Мындай шартта эгер биз сырттан келген кумшекерге бажы төлөмүн көбөйтүп койсок, анда биринчиден канттын баасы бир жарым эсе көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Мындан дыйкандар деле пайда таппайт. Эң негизгиси карапайым эл зыянга учурап калат. Бул жерде жалгыз гана кант заводу пайда табат. Кумшекер ошолордун колунда, сырттан да ташып келет. Алар монополист болгулары келет. Эми буларды түшүнсө болот, ар ким өз пайдасын ойлойт эмеспи. Бирок мен экономика министри Темир Сариевдин ошолорду колдоп жатканын түшүнбөй турам. Менимче, бул жерде коррупциялык схема бар. Дыйкандарды жамынып алышып, жеке чөнтөгүн ойлоп жатат.


Бул маселе боюнча экономика министри Темир Сариевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Аталган министрлик өткөн жылы жайында кумшекерге кошумча бажы төлөмүн киргизүү тууралуу токтом даярдаган, бирок документ кабыл алынган эмес.

Кыргызстанда кант чыгарган “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” деген эки завод бар. Бул эки ишкана биргелешип мурунку бийликтин тушунда “Белорус канты” деген компания түзүп, Белорустан кумшекер ташып келүү укугун алган. Кыргызстанга ташылып келген кумшекердин теңинен көбүн ушул тушта аталган компания алып келет. Айрым ишкерлер “Белорус кантты” кумшекер базарын толук көзөмөл кылгысы келет деп айыптап жатат.

Кыргызстан Белорустан сырткары кумшекерди Украина, Казакстан жана Орсиядан ташып келет. Өлкө жылына болжол менен 115 миң тонна кант керектейт.
XS
SM
MD
LG