Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:08

Фидел Кастро жайына берилди


Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун сөөгүнүн күлү Сантьяго-де-Куба шаарындагы көрүстөнгө узатылган учур. 04.12.2016.
Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун сөөгүнүн күлү Сантьяго-де-Куба шаарындагы көрүстөнгө узатылган учур. 04.12.2016.

Кубанын мурдагы лидери Фидел Кастронун сөөгүнүн күлү жекшембиде жерге берилди.

Мамлекеттик маалымат каражаттары маркумдун жакындары гана катышкан жөрөлгө Сантьяго-де-Куба шаарындагы Ыйык Ифихения көрүстөнүндө өткөнүн кабарлашты.

Мурда ошол эле жерде өлкө эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп келген улуттук баатыр Хосе Мартинин сөөгү коюлган болчу.

Фидел Кастро 25-ноябрда 90 жашынын кырынан өтүп дүйнө салган. Айтылуу команданте 10 чакты жылдан бери бийликтен кеткени менен коомдук турмуштан четтеген эмес. 3-декабрда маркумдун иниси жана бийликтеги мураскери, президент Раул Кастро агасынын урматына уюштурулган акыркы иш чарада социалисттик идеяларды ырааттуу улантаарына убада кылды.

Дүйнөдөгү коммунисттик, социалисттик коомдордо жана апартеидге каршы күрөшкөндөрдүн чөйрөсүндө Фидел Кастронун аброю дагы эле бийик. Кубалык оппозиция өкүлдөрү болсо маркум Фидел Кастрону "ырайымсыз диктатор" катары сындап келишти.

XS
SM
MD
LG