Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Жылытуу мезгилине даярдык көрүү Кыргызстанда өкмөт аткара турган эң татаал милдеттердин бири. Энергетикалык кризис шартында бул милдет ого бетер оорлошуп турат.

Кыргызстандын энергетикасынын абалы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша болот. Суу азайып кетсе, тармак кризиске учурап, ал өз кезегинде социалдык маселелерден тарта саясий-экономикалык маселелерге чейин пайда кылат. Эки жылдан бери мына Кыргызстан ушундай көйгөй менен жашап келет.

"Электр станциялар" акционердик коомунун маалыматы боюнча, 7-июлга карай Токтогул суу сактагычында 10 млрд. 428 млн. куб метр суу топтолду. Энергетика министрлиги мындай абалда 1-октябрга карай Токтогулда 12.5 млрд. куб метр суу топтолот деп күтүүдө. Бул өткөн жылга караганда дурусураак көрсөткүч болот.

Энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров азыркы мезгилде Токтогулда күнүнө 60-70 млн. куб метрдин тегерегинде суу топтолуп жатканын эске алганда октябрь айына карай 12.5 млрд. куб метрдин топтолушу реалдуу дейт:

- Эгерде 70 млн. куб метрден суу келе турган болсо, июль ичи 1.5 млрд. куб метр келет. Дагы 23 күн келсе, 1.5 млрд. куб метрдей суу топтолот. Бирок күнүнө ушунчадан суу келе бербейт. Ошондуктан 12.5 млрд. куб метрге барыш үчүн дагы 2 млрд. куб метрден көбүрөөк суу керек. Менин оюмча, өкмөттүн болжогон санына барып калат.

Райымбек Мамыровдун айтымында, өткөн жылы октябрь айына карай Токтогулда 12 млрд. куб метрге жакын суу болгон. Бирок кыш жылуу келди.

“Кыргызгидромет” кызматынын адиси Анна Веретенникова быйылкы жылы дарыяларда суунун агымы өз нормасында болот деп болжолдонгонун билдирди. Өткөн жылы кургакчыл, демек суу аз болот деп болжолдонгон.

Бирок өткөн жылга салыштырмалуу суу бир аз көбүрөөк болсо да Кыргызстан сырттан электр энергиясын сатып алууга аргасыз. Андай импорт бүгүнкү күндө Тажикстандан жасалууда. Кыш мезгилинде Казакстандан электр энергиясынын суралышы күтүлөт.

Бирок Энергетика жана өнөр жай министрлиги быйылкы жылы көмүр сатып алуу боюнча тендерди эрте өткөрүп, жеңүүчүсүн аныктады. "Электр станциялар" акционердик коомунун кабарлоосуна караганда, 900 миң тонна көмүрдү “Рассвет компани” алып келет. Ал Казакстандын Шабыркөл көмүрүнүн бир тоннасын 56 доллардан сатмакчы.

Энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев бул баа өткөн жылга салыштырмалуу кымбат дейт:

- Былтыркыга караганда 2 долларга кымбат. Былтыр “Прогресс компани” 54 доллардан алып келген. Булардын баары туура эмес. Анткени “Прогресс компани”, “Рассвет компани” ортомчу компаниялар. Биз Казакстанда өндүрүүчү компания, мекемелерден түздөн-түз алсак, ар бир тоннадан 6-8 доллар үнөмдөйт элек. Азыр эми 7-8 млн. доллар түздөн-түз зыян тартып жатабыз.

Расул Үмбөталиев, бул компаниялардын баары олигархтар Машкевич, Ибрагимов жана Шадмановго таандык экенин кошумчалады.

Расул Үмбөталиев Токтогул суу сактагычындагы абалга токтолуп, быйылкы жылы суу көп агып кирип жатканын, бирок Өзбекстан жана Казакстанга өтө көп өлчөмдө суу берилип жатат деген пикирин билдирди:

- Көп өлчөмдө суу кетип атпайбы. Кыргызстан жайкы мезгилде 20-21 млн. киловатт саат электр энергиясын керектейт. Мына ошончо токту өндүрүү үчүн Токтогулдан 160-180 куб метр суу агызуу керек. Тилекке каршы, эки эсе көп агызылып жатат. Демек биздин жетекчилер Өзбекстанга, Казакстанга түнкү саат 12ден 6га чейин сугат иштерине сууну коё берип жатат. Сууну сатып атышат.

Расул Үмбөталиев суунун көп агызылып жатканын өз көзү менен көргөнүн жана жергиликтүү калк дагы айтып жатканын кошумчалады.

Токтогул суу сактагычы

Токтогул суу сактагычы

Энергетика жана өнөр жай министрлиги суу бекер агызылып жатат же сатылууда деген маалыматтарды ар дайым төгүндөп келатат. Бирок "Электр станциялар" акционердик коомунун маалыматы боюнча, 6-июлда Токтогулдан секундасына 284 куб метр суу агып чыккан болсо, 7-июлда секундасына 265 куб метр агууда.

Райымбек Мамыров Нарында көп суу агып жатканын Аксы тараптан келген Кара-Суу, Көк-Суу дарыяларынын кириши менен байланыштырды. Мамыров ошондой эле ГЭСтердин өзгөчөлүгүнө токтолуп, Күрп-Сай ГЭСинин суу сактагычында топтолгон суу, бир ай бою электр энергиясын өндүрүүгө иштетилерин белгиледи. Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде оңдоо иштери жүрүп жатканда, ал ГЭС ишке киргизилет. Ошондуктан Таш-Көмүр шаарынан караганда, Нарын дарыясында суу көп агып жаткандай көрүнсө, ал Күрп-Сай ГЭСинин активдүү иштеп жатышы менен да байланыштуу болушу мүмкүн,- дейт Мамыров.

Кризис шартында “суу сатылды” деген маалыматтар ар дайым саясий күрөштө пайдаланылып келет. Азыркы бийлик башындагылар да кезинде аны колдонушкан. Бирок Кыргызстанда “суу сатылды” деген каңшаар кепке бекем тосмо кое турган чара жок болуп жатат. ГЭСке коюлган видеокамералар аркылуу аныктоонун да кемчилиги болууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG