Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:43

КАРА-КЕЧЕДЕ КӨМҮР КӨП, КӨМҮРГӨ КЕЗЕК КӨП (сүрөт баян)


Кыш жакындаганы Каракечеде иш кызып, машинелерден жол тийбейт. Талаш-тартыш. Бирлери облустан сыртка көмүр ташыганы келгендердин "кызматын" көрмөйүн көмүр бердиртпей койгон облус жетекчилигинин буйругуна нааразы. Экинчилери көмүр ташып бараткан машинелерди тооруган МАИ кызматкерлерин нааразы.





Көмүр деп келгендердин алды эки жума, арты алтын күн жатып көмүр жүктөп кетишет. Ага чейин Нарын облустук бийлигинин жаңы демилгесин аргасыз аткарышка мажбур.





Кезекте кезерип турганы аз келгенсип жергиликтүү бийликтин мажбур буйругунун айынан ит көрбөгөн азапты көрүп айдоочулардын көбү бийликке нааразы. "Услуга" аткарып деле бир жума кезекке жетпей, жетсе жүктөгүчү бузулуп же жер көчүп, иши кылып көрбөгөн азапты көрүп, эки жума кезерип ачка турган айдоочуларды жолдо андыган посттор өтө эле көп экен.








Өмүр бою Каракеченин Токсонтеке жайлоосун жайлап келаткан аксакал эчен карагай арчалардын топурак алдында калып жатканына нааразы. Тоо чокуларын кар басып сук тушуп калганы менен 50 ашуун кою менен жылкысын багып, 70ке чыкса да жигиттен тың, аксакал демикпестен кун сайын үч-төрт ирет тоонун чокусуна чыгып келет.

Бекташ Шамшиев, Бишкек-Кара-Кече-Бишкек

XS
SM
MD
LG