Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Аскар Бешимов: Кымбатчылыктан кутулууга Кыргызстандын кудурети жетпейт


Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

Кыргызстанда акыркы бир жылда эле азык-түлүк баалары акырындап кымбаттап отуруп, кыйла өсүп кетти.

БУУнун айыл-чарба жана азык-түлүк тармагы боюнча адистери 2010-жылы дүйнөдө негизги азык-түлүк баалары болуп көрбөгөндөй кымбаттаганын айтышып, бул жылы да баалардын кескин өсөөрүн эскертишти. Экономика жаатындагы адис Аскар Бешимов Кыргызстандагы кымбатчылыктын себептери туурасында “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Д
үйнөдө азык-түлүк баалары кыйла эле көтөрүлүп жатканы белгилүү. Кыргызстанды алсак ундун баасы 2010-жылдын башынан бери кеминде эле сегиз сомго кымбаттаптыр. Мындан сырткары, шекер, эт, картошка, суу майдын баасы да кымбаттоодо. Сиз Кыргызстандагы кымбатчылыктын себебин эмнеден көрөсүз?

Аскар Бешимов: Себептеринин эки багыты бар. Биринчиси, дүйнө жүзүндө болуп жаткан тышкы кымбатчылык жана экинчиси, БУУ белгилеп кеткендей эле климаттын өзгөрүүсү жана күйүүчү майларга баанын көтөрүлүшү. Ошондой эле төрт-беш өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшү, жалпысынан бул Кытай, Индия, Бразилия, Индонезия өндүү өлкөлөрдүн экономикасы акыркы беш жылда, айрыкча мына 2010-жылы дагы 9,5-10 пайызга өстү. Бул деген аталган өлкөлөрдө экономика өнүгүп, байып, элдин дагы акчалары көбөйүп, булар дагы тамак-ашты көбүрөөк, сапаттуурак алып жатканы дүйнө жүзү боюнча бааларга таасирин тийгизип жатат. Бул эми тышкы таасирлер. Натыйжада дүйнө жүзүндө баалар кымбаттап, 5-8 пайызга чейин жетти.

"Азаттык": Сиз элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү жогорулагандыктан, көбүрөөк тамак-аш сатып алып жаткандыктан баалар көтөрүлүп жатат дедиңиз. Бул жагдай Кыргызстанга тиешелүү болушу мүмкүнбү?

Аскар Бешимов: Антип айтуудан алысмын. Анткени биз изилдөөлөрдү жүргүзүп көрдүк. 2008-жылдан баштап эле биздин экономикабыз төмөндөп жатат. Жылдан жылга Кыргызстанга келип жаткан акча кыскарды. Бизде негизги беш-алты эле тармак бар да. Ошолордун эң чоңу – бул Кытай товарларын Орусияга реэкспорттоо болуп саналат. Ал 2010-жылы жок дегенде 1,5 миллиард АКШ долларына кыскарды. Бул элдин капчыгы күндөн күнгө жукарып жатканын көрсөтөт.

"Азаттык": Азык-түлүк кымбатчылыгы өндүрүүчүлөргө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы картошка айдап саткан дыйканга баалардын жогору болушу жагымдуу эле таасир этсе керек?

Аскар Бешимов: Эми дыйкандар үчүн бул жагымдуу нерсе го дейм. Эмнеге дегенде баалардын кымбаттап жатышы жок дегенде дыйкандардын жасаган иштерин актап жатат. Бирок бул жерде башка таасир болуп жатпайбы. Биз изилдөө жүргүзгөндөй, жалпы эле адистер белгилешкендей, акыркы жылдары эбегейсиз көмүскө экономиканы түзүп алдык да. Биздин расмий экономикабыз бар. Андан тышкары өзүнүн мыйзамдары менен иштеген көмүскө экономика бар. Ошондой эле көрүнүш айыл-чарбада болуп жатат. Кечээ “The Independent” гезити Англияда эт бир пайызга, мөмө-жемиштер жети пайызга кымбаттады деп жазып жатат. Мындай кымбатчылык 1976-жылдан бери болгон эмес экен. Бизде болсо ай сайын жок дегенде 10-12 пайызга кымбаттап жатат.

"Азаттык": Адистер бул жылы да дүйнөдө азык-түлүккө болгон баалар көтөрүлүп, тартыштык болушу мүмкүндүгүн эскертишти. Кыргызстан бул кымбатчылыкты алдын алуу, андан коргонуу үчүн кандай аракеттерди кыла алат, кымбатчылыктын таасирин азайтууга кудурети жетеби?

Аскар Бешимов: Бүгүнкү күндө жасалып жаткан аракеттерге карап туруп кудурети жетпейт го дейм. Эмнеге дегенде бул шарттан чыгып кетүү үчүн бир гана сырткы жардамдарга муктаж болуп жатабыз.

"Азаттык":
Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG