Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

Кыргызстанда азык-түлүк баасы дагы 10-15 пайызга кымбатташы мүмкүндүгү 17-февралдагы парламент жыйынында айтылды.

Өкмөт өкүлдөрү буудай, өсүмдүк майы, шекер, унга болгон баанын кескин кымбатташын токтотуу үчүн чаралар көрүлүп жатканын жана каатчылыкка жол берилбейт деген убадасын берүүдө. Эксперттер болсо көмүскө экономиканы ачыкка чыгармайын бааларды ооздуктоо мүмкүн эместигин белгилеп жатышат.

Баалар дагы өсүшү ыктымал

Күнүмдүк керектелчү тамак-аш азыктары: ун, май, кумшекер, эттин кымбатташы элди бушайманга салып турган чагы. Баалардын өсүшү өзгөчө мугалимдер менен пенсионерлерге таасирин тийгизгени айтылууда.

Эттин баасы да эптүү эмес кымбаттады
- 1 кг. 200 гр. эт алсам 320 сом болду. Бул чоң акча да пенсионер үчүн. Албасак болбойт да, эмне кыласың. Бизден бааны көтөрүү боюнча сурабайт, - дейт аксакал Малик Абдырахманов.

Өкмөт учурда буудай, өсүмдүк майы, шекер, унга болгон баанын кескин кымбатташын токтотуу үчүн чараларды көрүүдө.

Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаев 17-февралда парламенттеги талкууда сырттан келген күнүмдүк керектелчү товарларга мамлекеттик төлөмдөр алынып салынганын кошумчалады.
Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчү 80 пайыз болгондо республика кризиске учурайт. Учурда бул көрсөткүч 73 пайызды түзүүдө.

Ташбаевдин айтымында, дүйнөдөгү кымбатчылыктан улам жыл аягына чейин Кыргызстанда баалар дагы 10-15 пайызга өсүшү мүмкүн.

- Азыркы учурда баалардын түшүүсү жөнүндө сөз жок. Дүйнө жүзүндө баалар кымбаттап атат. Биз ошол баанын кескин кымбаттоосуна каршы чараларды көрүп атабыз. Биздин прогноз боюнча баа жыл аягына чейин орто эсеп менен 10-15% дагы өсөт. Себеби бизде базарлардын жетишсиздиги. Жергиликтүү бийликке бир жумада бир жолу жарманке уюштуруп турууну тапшырдык.

Анктен менен Айыл чарба министрлиги каатчылыкка жол берилбейт деген убадасын берүүдө. Министр Төрөгул Беков ушул тапта 13 фактор менен дыйкан, завод жана саткан ишкананы чынжыр сымал бириктирүүчү атайын программа иштелип жатканын кабарлады. Анын айтымында, өлкөдө азык-түлүк коопсуздугунун көрсөткүчү 80% болгондо республика кризиске учурайт. Учурда бул көрсөткүч 73% түзүүдө.

- Биз буудай боюнча өзүбүздү 63% камсыз кылганбыз. Факт боюнча Кыргызстан жашылча жемиш, картошка, эт жагынан суроо-талапты өзү камсыз кылат. Өкмөт ушул жылы кант кызылчасы, күн карама жана буудайдын аянтын көбөйтөлү деп жатабыз. Буудай боюнча камсыздоону 78%, шекерди 20%, (13% азыркы көрсөткүч), суу май 24% (22%) чыгаралы деп жатабыз.

Кымбатчылык кайдан чыкты?

Эксперттер азык-түлүккө баанын кымбатташынын эки жагын белгилешүүдө. Биринчиси, товарларын кымбат баада саткан дыйкандарга жакшы жана ушу менен айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүн. Экинчиси, кымбатчылык айлыгы, пенсиясы аздарды ого бетер сазга батырат.

“Ар-намыс” фракциясынан депутат Кожобек Рысбаевдин жүйөсү боюнча, азык-түлүккө баанын кымбатташы кедей-кембагалдардын санын көбөйтүшү мүмкүн.

Ош базарындагы ун саткан жер, Бишкек.
- Баалардын өсүшүнөн кедейчилик көбөйөт деген божомол бар. Бирок парламентке да, өкмөткө да кыргыз эли убакыт бериш керек. Өкмөт ушул тармакка көңүл бөлүшү зарыл. Мисалы биздин эле товарларды сатып алып ошол эле Казакстан жакшынакай, кооз кылып кайра эле өзүбүзгө сатып атат. Мурда буга көптөн бери көңүл бурулган эмес. Эт, сүт комбинаттар, тоок фабрикасы иштебей турат.

Мындан мурдарак Монополияга карыш мамлекеттик агенттик күнүмдүк керектелчү он чакты тамак-аш азыктарынын баасын козөмөлдөөгө уруксат сурап өкмөткө сунуш киргизген. Агенттиктин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков бул маселе дагы деле чечилбей келатканын “Азаттыкка” билдирди.

Эксперттер болсо көмүскө экономиканы ачыкка чыгармайын бааларды ооздуктоо мүмкүн эместигин белгилеп жатышат. Экономист Айылчы Сарыбаев:

- Тез аранын ичинде бардык соода-сатык менен иштеген ишкананы мыйзамдаштырып, эсеп-кысабын ачыктап такташ керек. Ошого жараша салык салыш керек. Оор салыктарды салыш керек. Андан кийин түшкөн пайдага жараша салык салмайынча буларды тизгиндөө эч мүмкүн эмес.

Айрым депутаттар жана экономисттер учурда эртерээк дыйкандарга көнүл буруп, айдап-себүү иштерин натыйжалуу жүргүзүүнү сунушташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG