Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Быйылкы жылдын бюджети тууралуу экономист Аскар Бешимов “Азаттык” менен ой бөлүштү.



- Аскар мырза, бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик бюджет долбоорун 2-окууда карайт. Буга чейин өкмөт менен парламент ары-бери тартышып атып токтогон азыркы долбоор кабыл алынса ишке ашарына көзүңүз жетеби?

- Туура айтасыз, мамлекеттик бюджет долбоору 1-окуудан өттү. Анда жалпы көрсөткүчтөр бекитилген, канча чыгым болот, канча киреше болот, баары такталган. 2-окууда бюджеттеги беренелер, мисалы, кайсы тармакка канча каражат кетет, ошонун ичинде кандай өзгөрүүлөр болот, ошолор каралат. Бирок сиз айткандай, бул бюджет аткарылабы, жокпу, башынан эле бул чоң суроо болуп атат. Анткени бюджеттеги чыгаша менен кирешенин айырмасы абдан чоң болуп атат, 20 млрд. сомдон ашуун тартыштык бар. Өкмөт ошол тартыштыкты биринчи иретте тыштан келүүчү жардамдын эсеби менен жабуу ниетин башында эле ачыктан-ачык эле билдирген.

Бирок сиздер билесиздер, өткөн жылы августта донор өлкөлөрдүн жыйыны болуп, анда Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашуун акча берилет деп убада берилген. Бирок ушул убакытка чейин ал акча келе элек, мындан ары деле келиши күмөн. Анткени ошол жыйында эле эл аралык эксперттер тарабынан кыргыз өкмөтүнө үч талап коюлган. Булардын бири да аткарылган жок. Биринчи талабы: мамлекеттик чыгашаларды кыскартып, өзүңөрдүн капчыгыңарга жараша жашоого умтуласыңар, аракет кыласыңар деген талап болчу. Экинчиден, эл аралык донордук акчалардын эсебинен айлык, пенсия, пособияларды көтөрбөйсүңөр деген, үчүнчү талап - саясий жана экономикалык туруктуулукка келесиңер деген талап болчу. Эми тилекке каршы өзүңүздөр көрүп турасыздар, андан кийин бизде канча нааразылык акциялары чыгып, мугалимдерге жана башкаларга айлык акы көтөрүлөт деп убада берилип кетти. Пенсия жагында да ушундай.

- Бюджеттеги чыгашаны салыкты көбөйтүү менен толуктоо тууралуу өкмөттүн аракети кандай натыйжа бериши мүмкүн? Анткени мунун артында көмүскө экономиканын күчөө коркунучу болчу эле...

- Салыкты көбөйтүү көмүскө экономиканын гүлдөшүнө алып келет, бул көнүмүш адат болуп калган. Ошондуктан, биринчи чечкиндүү кадам ошол көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу керек. Азыр эми кайра салык көтөрүлчү болсо, бюджет мындан пайда табуунун ордуна тескерисинче зыян тартат. Анткени кайсы тармакка салык көбөйтүлсө, ал тармак көмүскө экономикага кетип калат да мурдагыдай салыкчылар, бажы кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, маселе чечүүгө өтөт.

- Бюджет талкууланып жатканда жел акча көп деген дооматтар арбын айтылды. Мисалы: ошол эле киреше катары көрүлүп аткан алтын казуучу ишканалардын эсебинен алына турган 583 млн. доллардын так бары-жогу белгисиз?..

- Туура. Тоо-кен жана башка тармактарда божомол саналган акчалар көп эле. Эмнеге дегенде сиздерге деле белгилүү, биздин эң кирешелүү ишкана “Кыргызалтын” ишканасы өткөн жылды тартыштык менен аяктады. Жылдан 100 млн. сом дефицит менен чыктык деп айтып атышат. Болбосо кайсы өлкөдө алтын чыгаруу зыян апкелүүчү тармак болчу эле? Эгерде ушул бойдон кете берсе, азыркы алдын ала божомолдонуп айтылып жаткан акчанын баары асмандан алынган, жок акчалар. Өкмөт азыртан эле чечкиндүү кадамдарды жасап, акча табуунун жолдорун таппаса, эч өзгөрүүлөр болбойт.

- Азыркыдай кымбатчылык шартта кыргыз өкмөтү донорлордун “айлык акы, пенсияны көтөрбө” деген шартын деле аткара албайт да?

- Туура, аткара албайт. Ошондуктан, быйылкы жылдын бюджетин ишке ашыруу өкмөт үчүн оор болот.

- Аскар мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG