Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Кымбатчылык эски ыкмага кайрылууга мажбурлады


Бишкектеги Ош базары
Бишкектеги Ош базары

Кымбатчылыктан улам Кыргызстан да азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасына мамлекеттик тескөө киргизүү идеясына алгачкы ирет кайтып олтурат. Бул демилге өкмөттүн жакында кабыл алган токтомунда айтылып, баасы мамлекет тарабынан тескелет делген товарлардын тизмеси бекитилди.

Бааны мамлекеттик тескөө жолу менен ооздуктоо чын эле мүмкүнбү?

Кыргызстандын өкмөтү дүйнөлүк базарда азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасы түшпөсө да, кымбаттоосу бир аз басаңдаган шартта анын негизги тогуз түрүнө, совет заманын эске салган мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү идеясына кайтып олтурат. Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директору Бабырбек Жээнбековдун “Азаттыкка” айтканына караганда, учурда мамлекеттик жөнгө салууну кайсыл учурда жана кантип ишке ашыруунун жол-жобосу даярдалууда:

- Бул үчүн бир айлык мөөнөт берилген. Азыр биздин кызматкерлер экономиканы тескөө министрлигинин адистери менен биргеликте ушул жобону иштеп жатат. Ошол жобонун ичинде баардыгы: кайсыл маалда, кандай шарттарда азык-түлүктүн көргөзүлгөн тогуз түрүнүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу колдонулат. Биз мына ошонун жол -жобосун иштеп чыгабыз.

Монополияга каршы мекеменин жетекчиси “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде моюнга алгандай, Кыргызстан муну менен бааларды мамлекеттик жөнгө салуу идеясына алгачкы ирет кайрылып олтурат.

Экономикалык реформалар башталгандан бери Кыргызстан мындай кадамды биринчи ирет жасап жатканын биз менен маегинде, Бишкектеги кыргыз-орус славян университетинин профессору, экономика илим доктору Аза Мигранян да белгиледи. Бирок бааларды мамлекеттик тескөө башка чаралар менен коштолбосо, олутуу натыйжа деле бербейт:

- Бул тышкы экономикалык ишмердикти, соода агымдарын жөнгө салуу боюнча чаралар, квота берүү, ички өндүрүштү стимулдаштыруу, жумушчу орундарын түзүү боюнча чаралар. Иш жүзүндө ал турмуштун баардык тарабын камтуусу керек. Ошондой комплекстүү чаралар болсо гана оң натыйжа берет.

Аза Мигранян “Азаттыкттын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, кымбатчылык азык-түлүк бааларына мамлекеттик жөнгө салуу киргизүүгө буга чейин башка өлкөлөрдү, анын ичинде Кыргызстандын коңшуларын да түрткөн. Ал эми Кыргызстандагы проблема инфляциянын ыргагы жогору экендигинде болуп жатат:

- Кээ бир өлкөлөрдө көбүнесе административдик чаралар кетип жатат, айрымдарында рыноктук механизмдер иштөөдө.Жалпысынан КМШ өлкөлөрүндө эле эмес, Евробиримдик мамлекеттеринде, өнүккөн же өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө да бааны мамлекеттик жөнгө салуу чаралары колдонулат. Бирок алардын маңызы ар башка. Баалардын өсүшү дүйнөлүк тенденция болгону менен биздин республикадагы проблема ички татаал кырдаалдан улам инфляциянын ыргагы тез кетүүдө. Проблема ушул өсүштү токтотууда жатат.

КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык статкомитетинин эсебине караганда, быйылкы жылдын алгачкы чейрегинин жыйынтыгында да тогуз мамлекет ичинен Кыргызстанда инфляциянын ыргагы эң жогору болуп, 6,4% түздү. Кыргызстандан кийин 6,1% менен Беларус, 5,2% менен Армения турат. Калгандарыныкы 3-4,5%дын аралыгында. Ал эми былтыркы жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу Кыргызстанда эл керектөөчү товарлар менен кызматтардын баасы орточо 20,3%га, Беларуста 12,5%, Тажикстанда 12,1%га кымбаттаган. КМШнын калган өлкөлөрүнүн көрсөткүчү мындан төмөн экен.

Таңсыктык жаралышы мүмкүн

Каржы министрлигинин Байкоочулар кеңешинин мүчөсү, Бишкектеги “Промотанк” консалтинг компаниясынын башчысы Азамат Акелеевдин пикиринде, мамлекеттик тескөө киргизилсе эле баалардын өспөй калышы арсар. Ал бул ыкманы жапырт колдоно берүү жарабастыгын айтат:

- Анализдеп жасоо керек. Антпесе, ылдыйлатабыз деп олтуруп, кайсыл бир товардын таңкыстыгы жаралышы мүмкүн. Мисалы эттикин кантип ылдыйлата алат, мен муну түшүнбөй турам. Эгер баасын ылдый койдуруп салса, дыйкан, малчыларга пайда түшпөсө алар башка жакка сатканга аракет жасашат. Ушуга окшогон жагдайлар болот. Ошондуктан тигил же бул азык-түлүктүн канча үлүшү жергиликтүү, канча үлүшү атаандаштыктын негизинде сырттан ташылып жатат, канча үлүшүн бир-эки эле монополист алып келүүдө. Мына ушуларды эске алуу керек деп ойлойм.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстанда азык-түлүк баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизүү демилгеси былтыр майда эле көтөрүлүп, эгер кайсыл бир товардын баасы бир ай ичинде 30 же андан ашуун пайызга көтөрүлүп кетсе, баанын мүмкүн болгон эң жогорку чегин 45 күндүк мөөнөт менен белгилөө укугун өкмөткө берүүнү караган мыйзам долбоору сунуш кылынган. Бирок айрымдар буга ошол эле замат каршы чыккан эле.

Казакстанда кандай жагдай?

Казакстандык экономист Канат Берентаев “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, казак өкмөтү деле баага мониторинг жүргүзгөнү болбосо, анын жогорку чегин белгилей элек. Анткен менен стратегиялык товарлар менен кызматтардын баасы өсүп жаткан шартта, азык-түлүктүгүн арзан кармайбыз деген аракет ишке ашчыдай эмес:


- Биз аракеттенгендей же Кыргызстан аракеттенип жаткандай, акыркы продукциянын эмес, электр кубаты, күйүүчү май, транспорт өңдүү стратегиялык товарлар менен кызматтардын баасын жөнгө салуу керек. Эгер ошол табыгый монополисттер көзөмөлгө алынса, анда баалардын өсүшү автоматтык түрдө төмөндөмөк.

Эгер өзү мунай өндүргөн Казакстанда азык-түлүктүн баасы үчүн чечүүчү факторлордун бири болгон күйүүчү майдын баасына кандайдыр бир таасир көргөзүү мүмкүнчүлгү бар болсо, аны дээрлик жүз пайыз сырттан сатып алган Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк жок. Орусиядагы соңку бензин кризисинен улам күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда, Казакстанда да кайрадан кымбаттаары күтүлүүдө. Бул өз кезегинде инфляциянын өсүшүнө салым кошмокчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG