Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:41

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев жашылча-жемишке болгон баа мындан ары да өсүшү мүмкүндүгүн божомолдойт.

Ал мунун себебин чек аралардагы маселелерден көрөт.

- Өзбекстан чек арасы бир тараптуу жабык. Бул Кыргызстандын экономикасына, соода-сатыкка, ошол эле карапайым элге кандай таасирин тийгизет?

- Фергана өрөөнүндөгү 10 млн. адамдын дээрлик 2,5-3 миллиондою Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы соодага байланган. Эки тараптуу сооданын токтошунан жалпысынан 12 миллиондой адам кыйынчылыкка учурады.

Тилекке каршы, Өзбекстан менен чек ара былтыркы 7-апрелден бери бир тараптуу жабык турат. Азыркыга чейин Кыргызстан тараптан саясатчылардын, расмий өкүлдөрдүн барып, чек араны ачууга аракет кылган сүйлөшүүлөрүн көрө элекпиз.

- Чек аралардын жабык болгонунан Кыргызстан боюнча жашылча-жемиштин баасы былтыркыга салыштырмалуу кымбат дешет. Мындан ары да ушундай уланса эмне болот, божомолуңар кандай?

- Албетте азыркы учурда расмий статистикада Өзбекстандан өтүп жаткан жашылча-жемиштер туурасында документтер жок. Башка нерселердин, ошол эле кийим-кеченин өткөнү кичинеден катталып калып жатат. Анткени азыр бардык нерселер мыйзамсыз өтүп жатат. Мисалы ай сайын 500дөй Камаз Баткен облусундагы Алга, Халмион айылдары аркылуу биз жакка өтүп жатат. Алар Орусияга жөнөтүлүп Кыргызстанда көп калбай калып жатат. Мисалы биз билебиз контрабанда жолу менен өткөргөндө кандай кылыш керек экендигин. Ал жакта дагы ошол эле чиновниктер, криминалдар бар. Алар жолдон кошумча төлөмдөрдөн да көп акча алып калышат, себеби чек ара жабык.

Былтыркыга караганда жашылча-жемиштердин баасы өсүп жатат, мындан ары да өсө берет. Эгер байкап көрө турган болсок, товарларды чек арадан бир гана компания алып өткөнгө укугу бардай. Ал Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун кызына тиешелүү делген “Абу-Сахи” компаниясы деп айтышат. Калгандардын бардыгы чек аранын тегерек четинен үңкүр казып, же эптеп жиптер менен нары-бери өткөрүп, же зымдарды кыркып өтүп, айтор өздөрүнүн өмүрлөрүн, жашоолорун коркунучка алып келип жатышат. Албетте ал коркунуч акча турат. Ал акчалар биздин сатып алуу жөндөмүбүзгө терс таасирин тийгизет жана товарлардын бааларын да өстүрөт.

- 7-апрелде кыргыз-казак чек арасы бир топ убакыт жабылды. Азырга чейин кыргыз-өзбек чек аарсы бир тараптуу жабык турат. Ушул көрүнүштөрдөн кийин өлкөдөгү көмүскө экономиканын деңгээли жогорулап кетти деп экономисттер айтып жатышат. Көмүскө экономика өссө канчага өстү, ушул багытты изилдей алдыңарбы?

- Көмүскө экономиканын канчалык деңгээлде экенин жакшы эсептей албайм. Себеби мурдагы учурда деле көмүскө экономиканын канча пайыз экени белгилүү эмес. Ар кайсы уюм, ар кайсы саясатчы ар башка сандарды айтып келген. Мен бир нерсени айта алам, эң негизгиси казак-кыргыз чек арасындагы чек аранын жабылшынан Дордой, Кара-Суу базарларындагы товарлардын сатылышы дээрлик 70% төмөндөгөн. Чек ара ансыз деле жабык болсо анда патенттердин эмнеге кереги болот, эмнеге салык төлөө керек.

- Кыргызстандын тышкы ички карызы 3 миллиардга чукул экен. Айрымдар сырттан каражат алууну азайтыш керек дешет, кээ бирлери эксперттер сырттан коркпой эле акча ала бериш керек деп айтып атышпайбы? Сенин пикириң кандай?

- Эгер карыздарды карай турган болсок, албетте адамдын өнүгүшү үчүн ал өзү аракет кылыш керек. Өзүнүн капиталына, өзүнүн аз болсо да акчасы болсо ошону туура колдонууга үйрөнүш керек. Мисалы өлкөнү карасак 1 млрд. долларды башкара албаган өлкө 5 миллиардды деле башкара албайт. Ал эми сырттан келген акчалар кайсы бир адамдар тарабынан желип, жок болуп калат. Ошондуктан менимче, сырткы карыздарга көңүл бурбай эле өзүбүз проблеманы чечкенге аракет кылышыбыз керек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG