Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Зергерлер: көмүскөдөн чыккан үн


Күмүштөн зер буюм жасоо
Күмүштөн зер буюм жасоо

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы зергерлердин көпчүлүгү көмүскөдө иштешет. Муну алар өздөрү да жашырбайт

Ага Кыргызстанда зергерчиликти өнүктүрүүгө, алардын ачык-айкын иштешине шарттардын түзүлбөгөнү себеп.


Зергерлердин көйгөйү

Кыргызстан жыл сайын орто эсепте 20 тоннадай алтын, 5 тоннадай күмүш өндүрөт. А бирок, атамекендик зергерлер анын 2-3 пайызын гана иштетишет.

Мунун себептеринин бири чийки заттын кымбаттыгы дейт алтын менен алпурушкан зергер Вячеслав Стрельников. Ошонун айынан Кыргызстанда жасалган алтын буюмдун баасы кымбатка түшүп, натыйжада чет элдиктердики менен атаандаша албай калып жатат.


- 585 пробадагы 1 грамм алтындын дүйнөлүк баасы 1300 сом. Эгер алтынды “Кыргызалтындан” сатып ала турган болсок буга 1 пайыз премия, жана 2,5 пайыз сатуудан түшкөн салык төлөйбүз. Ошондо "Кыргызалтындын" алтыны биз үчүн 1365 сомго айланат. Ал эми зергер да өзүнүн эмгегинин чыгымдары деп 200 сомду кошот. Мындан сырткары 14 пайыздык салык, жана чекене сатуучулар кошкон 30%ды эсептейли. Натыйжада, сатыктагы 1 грамм алтын буюмдун баасы 2500 сомго чыгып кетет. Мына, атамекендик өндүрүшчүлөргө чет элдиктерге караганда кымбат сатышат. А башка өлкөлөрдө дүйнөлүк баадан 8 пайызга чейин арзан сатышат.

Мындан улам алтынчылар алтынды негизинен кайра саткан жерлеринен алып, аны эритип кайра иштетишет экен. Вячеслав зергердин айтымында, алар суурулган тиштер, үзүлгөн чынжырчалар, шериги жок сөйкөлөр жана башкалар сыяктуу кайра иштетүүнү талап кылган алтын буюмдар.

Булардын 1 граммынын баасы “Кыргызалтындын” уютмасына караганда алдаканча арзан экен.

Ал эми күмүш иштеткендерде деле ушундай көрүнүш. Зергер Максат Алымкуловдун айтымында, Кыргызстанда күмүш сатып алууда кыйынчылыктар бар. Мында да маселен атамекендик ишкер күмүштү 12% кошумча нарк салыгы менен сатып алат. Ошол эле учурда чет элдик сатып алуучуга бул салык салынбайт.

- Чийки күмүштү алыш өтө эле оор. Анткени Кыргызстандын күмүшү бизге тийбейт. Бүт экспорт менен кетет экен. Бизде күмүш жагынан аябай эле оорчулуктар көп. Күмүш болсо иштейбиз, болбосо иштей албай калабыз. Башка өлкөлөр мисалы Түркияда күмүш, алтынды паспорт көрсөтүп эле алса болот экен. Элестүү айтканда, тамеки сатып алгандай эле.

Зергердикке ири ишкана да, инвестиция да жок

Зергерлердин эсептөөлөрүнө караганда, шарттын жоктугунан Кыргызстанда зергердик ири ишкана да жок, бул тармакка ири инвестиция да салынбайт. Учурда 50 чамалуу майдараак ишканалар бар. Алардын айрымдары өз үйлөрүн ишканага айландырышкан. Андагы чакан бөлмөлөрдөгү көпчүлүк зер буюмдар кол күчү менен жасалат.

Базардагы зер буюмдун баасы асман чапчыбасын, Кыргызстандын алтындары иштетилбестен сыртка сатылып кетпесин, алар Кыргызстанда иштетилип, кыргызстандыктар иш менен камсыз болсун деген ойдо мамлекетке кайрылганбыз дейт зергерлер бирлигинин жетекчиси Чыңгыз Макешов:

- Кыргызстанда мындай болду да шарттар боюнча. Биз мамлекетке эсеп чотун көргөзүп, тастыктап бергенбиз. Зергер баалуу металлдын 1 граммын иштеп чыгып, 200 сом кошот ошол иши үчүн. Ал эми расмий салыктардын баары 240 сом болот экен. Мындайда ачык-айкын иштөөгө эч мүмкүнчүлүк жок болуп атпайбы. Ошондуктан мамлекетке бир катар мыйзамдарды өзгөртүп берүүсүн, ишкерлердин ачык-айкын иштешине шарт түзүшүн өтүнгөнбүз.

Мындан тышкары зер буюмдарга даража белгисин (проба) басуу укугун мамлекеттик баалуу металлдар башкармалыгы эле эмес зергерлердин өзүнө берүү өтүнүчү да бар.

Зергерлердин билдиришинче, учурда аталган башкармалык бир даана күмүш жасалгага проба басуу үчүн 20 сом, ал эми алтынга 30 сом сурайт. Бул да өз кезегинде баага таасирин тийгизип жатканын айтат Чыңгыз Макешов:
Чыңгыз Макешов


- Зергерчилик өнүккөн өлкөлөрдө, маселен, Италия, Түркияда пробаны өндүрүүчү ишкана өзү коёт. А Кыргызстанда болсо ошол өндүргөн компаниялар мамлекеттик баалуу металлдар башкармалыгына барып койдурчу да. Биз мамлекеттик ишкананы эле монополист кылбай, жеке ишкерлерге да уруксат беришин суранганбыз.

Эгерде проба басууну зергерлердин өзүнө бергенде, зер жасалгалардын сапатын көзөмөлдөө колдон чыгып кетүү ыктымалдыгын да унутпоо керек. Маселен, зергер курамында алтын деңгээли төмөн 375 пробага ылайык зер буюмду алтыны көбүрөөк 585 проба деп белгилеп салып сата бериши мүмкүн.

Мындайга жол бербеш үчүн Кыргызстандагы зергердик ишканалар сапатсыз буюм саткандан көрө өз атын булгап албоону көздөгөн даражага жетиши керек болот.

Ошондой эле Кыргызстандын зер буюмдарына аны импорттогон өлкө да проба баскандыктан, экспортко чыгарыла турган зер жасалгаларга проба коюп, каражат коротуп убараланбай эле коюуну суранышкан.

Көмүскөдө качан чыгабыз?

Бул өтүнүчтөр ишке ашып, зергерлер сураган өзгөртүүлөр мыйзамга киргизилсе анда алар Кыргызстанга четтен инвесторлор келип, ички инвесторлор да баш көтөрөрүн, ишкерлер көмүскө экономикадан ачыкка чыгарын убада кылышат.

- Кыргызстанда жылына болжол менен 20 тонна алтын иштеп чыкса, азыр анын 3 гана пайызын зер буюм катары кайра иштеп чыгабыз. Калганын чийки зат катары сатабыз. Ошондуктан бул жаатта мыйзамдык өзгөртүүлөрдү киргизип, экинчиден, “Алтын Ордо” деген бизнес долбоорубуз бар. Ошону куруп, Кыргызстандагы 20 тонна алтындын баарын зер буюм катары кайра иштеп чыгууга шарт түзүп, 20 миң жумушчу орунун түзүү, - дейт Макешов.
Зергерчиликтен бир учур


Зергерлердин бул өтүнүчтөрү үстүбүздөгү жылдын февралында премьер-министр Алмазбек Атамбаев жетектеген ишкерликти жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында айтылган. Анда Атамбаев бул өтүнүчтөрдү колдоп, аткара турганын билдирген.

9-июнда Жогорку Кеңеш зер буюмдарга салынчу 5 пайыздык акциз салыгын алып салды. Белгилүү болгондой салыктын мындай түрү Орусия, Казакстан жана Белорусия сыяктуу өлкөлөрдүн зергерлерине салынбайт.

Мунун ордуна кыргызстандык зергерлер патенттик ыкма менен иштөөнү ылайык көрүшкөн болчу. А бирок акцизди алып салып, патентти киргизүү менен зер буюмдардын сатыктагы өлчөмүн көзөмөлдөөгө мүмкүн болбой калат дегендер да бар.

Буга чейин мамлекет чөнтөгүнө зергерлерден 20 миллион сом гана түшчү. Чыңгыз Макешов акциз алынып салынгандан кийин, быйыл мамлекетке 50 миллион сом төгөбүз деп турган убагы. Ал эми өкмөт калган өтүнүчтөрдү качан орундатарын азырынча эч ким айта албайт.

Айтмакчы, атамекендик өндүрүшчүлөр жасаган зер буюмдар кымбатка түшүп калгандыктан, Кыргызстандагы зер жасалга базарынан көбүнчө чет өлкөнүкүн кездештирүүгө болот. Алардын арасында жогорку баадагы сапаттуулары да бар. Ошондой эле курамында алтын-күмүштүн деңгээли төмөн, арзандары да көп.

Дагы бир айта кетчү жагдай, кыргызстандык зергерлер үчүн зер жасалгаларын чет өлкө базарларына сатууда дагы бир кыйынчылык бардай.

Анткени, 2009-жылдын октябрь айындагы Кыргызстандагы “Алтын” аттуу ишкананын жетекчилигинин аткезчиликке шектелип кармалышы жана чоң чуу жаратышы Кыргызстандагы зергерчиликке терс таасирин тийгизбейт деп айтыш кыйын.

XS
SM
MD
LG