Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Осмонбек Артыкбаев Кумтөрдөн өлкө казынасына түшүп жаткан кирешелер тууралуу кеп салат.

- Осмонбек мырза, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстандын экономикасы кандай пайда болуп жатат, кирешенин көлөмү көбөйуп жатабы?

- Кыргыз өкмөт башчысы биздин алдыбызга чоң маселени койду, ага ылайык “Центерра-Кумтөр” долбоору Кыргызстандын эли үчүн иштеши керек, ушул багыт боюнча иш жүргүзөсүңөр деп. “Кыргызалтын” эң башкы акционер катары бир топ иштерди жасады. Мисалы быйыл “Центеррадан” 33 млн. доллар акча дивиденд катары түштү. 10 млн. доллар 20 мектепти куруу үчүн түздөн-түз мамлекеттик бюджетке которулду. Бул ийгиликке жакында жетиштик. Мындан тышкары 302 млн. сом 2010-жылдын эсебинен соцфондго төлөнө турган болду. 2011-жылга болсо дагы 6 млн. доллар соцфондго кошумча төлөнө турган болду. Иши кылып, бул жылдын эсебинен жалпы мамлекеттин кызыкчылыгына “Центерра” долбоорунан 2,5 млрд. сомду алып келүүгө жетиштик.

Салыштырып карап көрсөк болот, ушул эле долбоордон 2001-жылдан 2010-жылга чейин дивиденд катары болгону 6 млн. доллар түшкөн. Быйыл “Центерра-Кумтөр” долбоорунан “Центеррадагы” 5 млрд. сом салык түрүндө төлөнөт. “Ысык-Көл” фондуна 450 млн. сом, соцфондго 6 млн. доллар төгүлөт. Ошондой эле Кумтөр алтын кенинде 3 миңге жакын киши иштейт, булардын орточо айлык акысы 70 миң сомдун тегерегинде. Айлык акы катары дагы ишканадан 3 млрд. сом акча алынат. Бул деген “Центерра-Кумтөр” долбоорунан Кыргызстандын экономикасына өтө чоң пайда алып келүүчү бир топ жакшы иштер жаңы кыргыз өкмөтүнүн аракети менен жасалганын көрсөтүп турат.

-Лицензия маселеси өтө курчуп жатат. Өкмөт башчынын лицензиялар кайра каралат деп айткан сөзүнүн өтөөсүнө чыгуусуна ага кандай тоскоолдуктар болушу мүмкүн?

- Бул маселе бизге эмес, Жаратылышы ресурстары министрлигине тиешелүү. Министрдин айтымында, азыр кен ишетүүгө мурда берилген 200дөй лицензия кайра каралып атат. Ошол эле учурда бир дагы лицензия жаңы ишканаларга берилген жок деп айтылып атат. Менин оюмча, бул багыт боюнча бир топ иштерди жасап коюшту. Солтон-Сарыдагы Бучук алтын кени, Чаткалдагы Ичтенберди алтын кени боюнча маселелер чыгып атат.

- Ушул кендерди иштетүүгө лицензия берүүдө айкындык болбогону бүгүнкү чырлардын чыгышына себеп болду деп айтсак болобу?

- Ооба, ошондуктан, азыр лицензия берүү ачык болуусу үчүн атайын критерийлер иштелүүдө. Бул боюнча жакында парламентке бир катар мыйзам долбоорлору даярдалып атат .

- Сиз убактылуу өкмөттө мүчө болуп турдуңуз, ошол убактарда азыр талаш туудуруп аткан айрым алтын кендери кандай жолдор менен, кайсы шарттарда чет элдик компанияларга берилгени тууралуу маалымат ала алдыңызбы? Мисалы ошол эле Ичтенберди кени боюнча?

- Менин билишимче, бул кенди Кытайдын мамлекеттик компаниясы иштетип атат. Аларга лицензия 2008-жылы берилген. Ошол мезгилдерде менин ага тиешем болбогону үчүн, маалыматым жок, айтуу кыйын.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG