Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Кышка даярдык - "чоң казатка” даярдыктай


Күн суук тартып калганы менен элдин кышка даярдыгы начар экени айтылууда.
Күн суук тартып калганы менен элдин кышка даярдыгы начар экени айтылууда.

Өкмөт быйылкы жылы кышка даярдык дурус экенин билдирип жатат. Бишкек, Ош жылуулук борборлору көмүр жана карамай менен жетиштүү камсыздалып, газ маселеси чечилгени айтылууда. Бирок калк ичинде даярдык ойдогудай эмес.

Кыргызстан жыл сайын кышка “Чоң казатка” даярдык көргөндөй эле камданат. Анткени Бишкек, Оштогу жылуулук борборлору, дегеле жалпы калк жага турган көмүр Казакстандан, газ Өзбекстандан алынат.


Качанга чейин кошуналардын көзүн карайбыз?


Өлкөнүн өзүндө өндүрүлгөн газ жетишпейт. Ал эми көмүр кендери дээрлик талкаланган. Жеке адамдар гана ар кандай тобокелчиликтерге барып, эски кендерден көмүр казып, тиричилик кылып келатышат. Ал жалпы мамлекеттин талаптарын канааттандыра албайт. Кошуна мамлекеттерден газ, көмүр боюнча сүйлөшүүлөр адатта күз таяп башталып, декабрь соңунда араң аяктайт.

Быйылкы жылы газ Казакстандан сатып алына турган болду. Көмүр болсо
жылдагыдай эле Казакстанга сатылган электр энергиясынын акысы үчүн келмекчи. Казакстан көмүрүнөн көз каранды болууну азайтуу үчүн Кара-Кече көмүр кенин өнүктүрүү, анын көмүрүн Бишкекке ташып келүүнү жолго салуу көп жылдардан бери сөз болуп келатат. Бирок быйылкы жылы жылыштар бар дейт адистер.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеевдин айтымында, азыркы мезгилге карай Бишкек жылуулук борборуна Кара-Кечеден 80 миң тонна көмүр тартылып келинди. Мурунку жылдары ал 10-15 миң тонна менен чектелчү.

Бирок Дүйшеев түштүк региондогу кендердин абалы начар бойдон калып жатканын белгиледи:

- Баары эле майда-чүйдө болуп калбадыбы. Чоң, кеңири масштабда иштеткенге каражаттары жок. Ал үчүн чоң инвестиция керек да. Анан ошон үчүн чоңоё албай жатышат. Ошондуктан булардын эң ирдүүсү Кара-Кече кени болуп жатат.

Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин маалыматы боюнча, азыркы мезгилге карай Бишкек жылуулук борборунда 270 миң тоннага жакын көмүр, 16 миң тонна кара май бар. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дурус жагдай. Оштун жылуулук борборунда да 14 миң тонна кара май сакталып турат. Газ маселеси Казакстан менен чечилген. Бул газ өлкөнүн түндүк региону үчүн багытталат. Ал эми Ошту газ менен камсыздоо үчүн Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыш мезгилинде электр энергиясы өчпөй турганын Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кепилдеп турат. Азыркы мезгилде өлкөнүн башкы суу сактагычында 19.5 миң куб метр суу бар.

Бул суу Кыргызстанды электр энергиясы менен эле эмес, көмүр менен да камсыздайт. Быйылкы жылы Кыргызстан Казакстанга өткөн жылга салыштырмалуу электр энергиясын көп экспорттоду дейт министр Шадиев:

- Казакстанга 2011-жылы октябрь айынын башына карай 2 млрд. 154 млн. килловат саат электр энергиясы экспорттолду. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 1 млрд. килловат саатка көп. Электр энергиясын экспорттоодон алынган каражаттар күйүүчү отундун зарыл болгон көлөмүн даярдап алууга толук жетет.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун айтымында, кыш жана жаз мезгилинде Казакстанга дагы 1 млрд. килловат саат электр энергиясы сатылат. Ошону менен Электр станциялар ишканасына 85 млн. доллар түшөт.


Калк ичинде даярдык начар


Өкмөт кышка даярдык мыктылыгын айткан менен жер-жерлерде калк өзү менен өзү болуп жатканы маалым. Алар өкмөттөн жардам күтпөй калган.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика комитетинин төрагасы Азамат Арапбаев калк ичинде кышка даярдык начар экенин тастыктайт:

-Бишкектеги “Тураккоммунсоюздун” отканалары дагы эле көмүр менен
камсыз боло элек. Анан жеке үйлөр дагы ошондой. Маселен, Бишкек шаарында көмүр менен 15%, Ош шаарында 13%, Ысык-Көлдө 20% гана камсыз болгон. Бул жагынан иш абдан начар болгон.

Бишкек шаарынын айланасында жайгашкан жаңы конуштарда да кыштоо өтө татаал. Электр жарыктары ал жактарда ылдам-ылдам өчүп турат. Бул энергетика жабдууларынын абдан эле жешилгени жана кубаттуулуктардын жетишпеситиги менен түшүндүрүлүп келатат.

Быйылкы жылы Дүйнөлүк банк бөлгөн каражаттын эсебинен 600 даана трансфомартор сатып алынып, ал көбүнэсе ушул жаңы конуштарга орнотула турган болууда. Бул маселени кайсы бир деңгээлде жеңилдетери айтылууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG