Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Кыргызстандын да өз миллионерлери бар


Америкалык “Форбс” журналы дүйнөдө миңден ашуун адамды миллиардер деп тапты. Ал эми кедей өлкө саналган Кыргызстанда миллиардерлер бар деш болбос, жок эле дегенде миллион долларлуу байлар барбы?


Дүйнө мүлкүн басып отургандар

7-мартта америкалык белгилүү каржы-экономикалык Форбс журналы дүйнөлүк күркүлдөрдүн - миллиардерлердин кезектеги тизмесин жарыялады. Анын быйылкы эсебине дүйнөнүн чартарабынан 1153 миллиардер кирген.

Көч башында мексикалык медиамагнат Карлос Слим турат. Анын жыйган-каткан дүнүйөсү 69 миллиард долларга тете делет.

Бул тизмеде бир дагы кыргызстандык жок. Бирок байлыгы миллиард долларга жетпесе да, миллиондогон жашылбайларды тегереткендер толтура экени айтылып келет. А тургай мындан-эки үч жыл илгери бир катар гезиттер 100 байдын парадын жарыялашканы бар.

Айырмасы: кыргыз гезиттери “Форбс” сыяктуу бай делгендердин активдери, төлөгөн салыктарына карата эмес, элдин пикири боюнча күркүлдөрдү тизип чыгышкан.

Ошол байлыктарын так эсептей алышпагандан улам жогорудагыдай толтура эле байларыбыз бар деген жалпы түшүнүк жашап келет.

Байлардын дүнүйө мүлкүн иликтегендердин бири - журналист Бакыт Орунбеков:

- Бизде элдин пикири, болжол менен баалап жүрүшөт. Анык бир эсептөө системасы жок.

Кыргызстандагы экономикалык “Деньги и Власть” басылмасынын редактору Турат Акимов гезиттердин тизмесине ишенбейт. Бирок миллионерлер байлыгын кантип бекитерин боолголоп билет:

- Бир гана Нариман Түлеев 100 миллион долларым бар деп ачык айткан. Калгандары айтпайт. Бизде тууган-урукка жазылат. Өз наамында азыраак эле каражат болот. Мисалы, Бабанов кечээ эле бир аз-бир аз эле акчасы бар экенин көрсөтүп коюптур. А апасында 21 миллион доллары бар экен. Биздин көп байлардын акчалары чет өлкөдө, оффшорлордо. Максимге окшоп Англияга, же Белизге окшогон өлкөлөргө катышкан.

Тизмедегилердин айрымдарына кайрылсак өзүн бай, же миллионер деп түк эсептешпейт экен. А тургай, айрымдары канча байлыкка ээлик кыларын билишпегени таң калтырды. Арийне, чөптүн башы тегин жерден ыргалбайт эмеспи.

Тизмедеги 100 байдын бири мурдагы туризм агенттигинин директору, ишкер Турусбек Мамашев:

- Мен руханий бай кишимин деп айтсам болот. Мен дегеле канча байлыгым бар экенин эсептеп көргөн эмесмин. Болгон тапкан-ташыганымды кыргыздын маданияты, каада-салты деп гана жүрөм.

Жүздүктөгүлөрдүн дагы бири, “КыргызКредитБанкынын” түзүүчүсү, Нарындын мурдагы губернатору Шамшыбек Медетбеков:

- Мен эми мынча акчам бар деп айталбайм. Бирок “КыргызКредитБанкынын” түзүүчүсү, акционеримин. Ошондой эле “Аалам” гезитинин негиздөөчүсүмүн. Мындан тышкары, медицина тармагында бизнесим бар. Ал эми жалпы капиталымды эсептеген деле киши жок.

Ишкер Табылды Эгембердиев өзү түптөгөн “Шоро” суусундук ишканасынын жарымына ээ. Муздаткычынан бери эсептей келгенде байлыгы мынча:

- “Шоронун жарымы меники, жарымы инимдики. Ал эми “Супара” менин оюмча, 1,5 миллион болсо, ошондо “Шорону” кошсом 6 миллион доллар болот. Мындан башка үч бөлмөлүү үйүм бар. Өзүмдүн, аялымдын машинесин, телевизор, муздаткычтарды кошкондо дагы 200 миң доллар чыгат. Буларды кыргызча эсептей келгенде 7 миң жылкы же 50 миң койго барабар байлык. Бул оңой байлык эмес. Бирок мен байлардын эң кедейимин. Менден ашкан байлар көп. Миллиондон кем эмес үйлүүлөр бар. Мисалы, Данияр Үсөновдун үйүн миллиондон аз акчага сатып ала албайсың да.

Ошол эле гезиттердеги 100 байдын арасындагылардын көпчүлүгү аткаминерлер. Мындан улам коомчулукта аткаминерлер бийликке келип алып байлык топтошот деген ой-пикир калыптанган.

Андан тышкары, кыңыр жол менен дүнүйө топтогондор четтен чыгаарын айтып жүрүшөт. Мисалы, мурда Кытайга темир-тезек сатып, ал жактан арзан товарларды өткөрүп байыгандар бар.

Бирок ооган апийимин сатуу менен шугулдандар иши жүрсө алеки саатта байып чыга келишери жашыруун эмес. Колунан кармап албагандан кийин ким маңзаттан чириген бай болуп чыкканын, албетте, атай албайбыз. Буга саясий серепчи Марс Сариев да кошулат:

- Чоң наркотрафик Кыргызстан аркылуу өтүп Орусияга кетип аткандан кийин, мындан байыгандар бар болушу керек. Бирок факты жок болгондон кийин, прокуратура кармабагандан кийин айтыш кыйын. Ошентсе да, андай адамдар бар экени тууралуу элде ой жашап келет.

Эми ар кимдин алына жараша бай-кедейи бар эмеспи. Кыргызстандык күркүлдөр да жакынкы келечекте “Форбстун” тизмесине илинип калгысы бардыр...

XS
SM
MD
LG